Бирок бул окуяга байкоо салып, монтиторинг кылып жаткан айрым укук коргоочулар ошол түнү чабуулга кабылган жайлардын саны мындан көп болушу мүмкүн экенин айтышууда.
Ал арада Жогорку Кеңеште соңку окуялардан улам ички иштер министри Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлдү. Министрликтин басма сөз кызматы депутаттардын дооматын четке кагып жатат.
20 киши кармалды
18-майга караган түнү Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында жалпы жети жайга бейбаштар кирип, андагы чет өлкөлүктөргө кол көтөргөнү белгилүү болду. Бул туурасында ички иштер министринин кеңешчиси Бакыт Сеитов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Бишкекте негизинен чет өлкөлүк жарандар жашаган жатакана, хостелдерге, Чүйдүн Аламүдүн районундагы тигүү цехине кирип барып, ал жактагыларга кол көтөрүшкөн.
Министрдин кеңешчиси бул окуяларга байланыштуу жалпысынан 20 адам кармалып, айып тагылганын маалымдады. Алардын төртөө чет өлкөлүк жарандар.
Расмий маалыматка ылайык, 23-майга карата бул окуяларга байланыштуу тогуз кылмыш иши козголду. Анын үчөө "бейбаштык", дагы үчөө "калайман башаламандык", калгандары "каракчылык", "тоноо", "улут аралык кастыкты козутуу" беренелери менен тергелип жатат.
Милициянын билдиришинче, жалпы 33 адам жабырлануучу деп табылган.
"Азаттыктын" күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактарынын билдиришинче, башаламандык маалындагы зыян алдын ала эки миллион сомго жакын деп эсептелди.
Ал арада бул окуяга байкоо салып, мониторинг жүргүзүп жаткан айрым укук коргоочулар жабыркагандар алда канча көп экенин, чет өлкөлүк студенттер кыргыз милициясына ишенкиребей турганын айтып жатышат.
OASIS фондунун директору, укук коргоочу Мээрим Осмоналиева "Настоящее время" сайтына курган маегинде 18-майга караган түнү кол салуу болгон хостелдердин саны алда канча көп болушу мүмкүн экенин билдирди.
Анын ырасташынча, чет өлкөлүк студенттер кыргыз тартип коргоочуларына ишеним арта албай турат:
"Биз көптөгөн чет өлкөлүк студенттер менен байланыштык. Аларда азырынча тартип коргоо органдары толук коопсуздукту камсыздап бере алат деген ишеним болбой турат. Анткени алар буга чейин күч органдарына кайрылып келишкен. Соңку окуялар болгондо органдар эч нерсе кылбай койгонун көрүштү. Башкача айтканда, чет өлкөлүк студенттер жашаган даректер социалдык тармактарга тез эле тарап кетти. Көпчүлүгү, айрыкча кыздар өтө чоң психологиялык травмага кабылды. Көп мародерчулук болду, жеке буюм-тайымдары уурдалды. Ошондуктан көбү Кыргызстандан кетүүнү гана каалап турат. Биз бул окуялар адилет териштирилет деп ишенебиз. Акыркы маалыматтарга ылайык, 40тан ашык студент жабыркады. Бирок зомбулукка кабылгандар көп эле болду. Бөлмөлөргө чейин кирип барып, буюм-тайымын бүлдүрүп, коркуткандар болду. Көбү бул тууралуу айтуудан, укук коргоо органдарына кайрылуудан коркуп турат. Азыр студенттер милицияга толук ишенбейт. Белгилей кетсем, 20дан ашык хостелге кол салуу болду".
"Калпыстык кетти"
Негизи эле соңку окуялар милициянын жоопкерчилиги тууралуу талаш-талкууну козгоду. Мурдагы милиция кызматкери, парламенттин депутаты Айгүл Айдарова жалпысынан аткаруу бийлиги калпыстык кетиргенин билдирди:
"Өкмөт - аткаруу бийлиги шалаакылык кылып өз милдетерин так аткарбай жатат. Миграция кызматы Эмгек министрлиги менен бирге чет элдик жарандардын уруксаты жок ишке орношуусунда шалаакылык кылып жатат. Балким, ИИМ өз убагында алдын ала чара көрүп турганда мындай окуя болмок эмес. Ошол эле прокуратура мыйзамдарды так жана өз убагында аткарылышын көзөмөлдөп турганда, мындай болмок эмес. Биз, Жогорку Кеңеш, өкмөт суранган мыйзамдарды кабыл алып беребиз, бирок аткаруу бийлиги өз милдетин аткарбай жатканын, кайдыгер мамилесин көрүп жатабыз. Биздин жарандардын жана чет элдик жарандардын коопсуздугу түздөн түз ИММдин мойнунда, бирок бүгүнкү күндө алар ыплас иштер, айрым саясатчылардын жеке жашоосундагы окуялар менен алек. 18-майга караган түндөгү окуя бул ИИМдин түздөн түз шалаакылыгынын жана кайдыгер мамилесинин кесепети болду. Кээ бир жетекчилер өз милдетин аткара албаса, ишин тапшырып кетиши керек".
Милициянын генерал-майору, ИИМдин ардагерлер кеңешинин мүчөсү Садырбек Дубанаев министр Ниязбековго айтылган сын-доомат негизсиз деп эсептейт. Анын маалымдашынча, ИИМде азыр кызматтык иликтөө жүрүп жатат жана анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алынат:
"Азыр эми милиция эмнеге алдын ала чараларды көргөн жок деген суроолор көп болуп жатпайбы. Муну эки жактуу караса болот. Биринчиден, чет өлкөлүк жарандарды ким, кайсы окуу жай алып келип, кандай жайга жайгаштырып жатат, кандай шарт түзүп берип жатат, же акчаны эле ойлоп жатышабы дегенди дагы караш керек. Жатканаларда шарт түзүлгөнбү, коопсуздук чаралары сакталганбы, видеокамералар коюлганбы, милиция менен келишим түзүлүп, күзөт коюлганбы деген маселелер каралышы керек да. 18-майга караган түнү ошончо жаш бала чогулуп, мындан дагы чоң тополоңдун алды алынды. Кудайга шүгүр десек болот, тынчыраак бүтүп калды. Эми мындан ары ушундай окуяларды болтурбоого аракет кылышыбыз керек. Азыр эми бир нерсе болсо эле ИИМ жооп берсин, антиш керек, минтиш керек деп баса калган, министрге чара көрүш керек туура эмес. Министр колунан келишинче аракет кылып иштеп жатат. Ар бир бөлүмдүн, башкармалыктын түздөн-түз жетекчилери бар. ИИМ азыр кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Ким эмне кылды, ким чара көрдү, ким көргөн жок - баары аныкталат. Анын жыйынтыгы чыгып, чара көрүлөт".
"Тополоңдун алдын алуу чарасы көрүлгөн эмес"
Парламенттин 22-майдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев ички иштер министри Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо тууралуу маселе көтөргөн. Ал спикерге кайрылып, тармактык комитетке протоколдук тапшырма берүүнү сунуштаган. Депутаттын пикиринде, тополоңдун алдын алууга жетиштүү чара көрүлгөн эмес:
"Жаңжалга негиз болгон окуя өзү 12-майдан 13үнө караган түнү болгон. Милиция ага жакшы реакция кылган эмес. Туура, биз айтып жатабыз, бейбаштык кылгандарды жоопко тартабыз деп жатабыз. Эмнеге ошол эле маалда ички иштер министринин жоопкерчилигин карабайбыз? Эмне үчүн ал учурунда реакция кылган жок? Алар депутаттарды, активисттерди аңдып эле жүрүшөт. Муну менен алектенбей, реалдуу иш кылбайбы? Жол коопсуздугу боюнча канча маселе турат. Керек болсо уюшкан кылмыштуу топ менен ИИМ күрөшүш керек эле. Бирок алы жетпей, ал ишти УКМК кылып жатат. Акыркы окуяга убагында реакция кылбай, бейбаштык кылган адамдарды жоопко тартпай койгону үчүн жооп бериш керек. Жоопкерчилик деген болуш керек да”.
"Тополоң өз убагында басылды"
ИИМ мындай дооматтарга дароо жооп кайтарган. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта депутаттын бул сөздөрү чындыкка дал келбейт деп жазылган. Ошондой эле тергеп-иликтөө иштери уланып жатканы, күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылары белгиленген. Маалыматта милиция кырдаалды күч колдонуп чечүүгө даяр болгону, бирок андай кадамга барбаганы айтылган.
"Бишкек шаарынын ички иштер органдары 13-майдын түнүндө Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатакананын алдында болгон окуядан соң, чакырык түшкөндө өз убагында милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери жана ыкчам-тергөө тобу жөнөткөн. Бул факты өз убагында катталып, бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, процессуалдык чечим кабыл алынган. Андан сырткары, 18-майга караган түнү болгон окуялардын бардык фактылары жана жагдайлары кылдат каралып, иликтенет. Мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдар жоопко тартылат. Ошол түнү Бишкекте жана шаарга жакын Чүй облусунун айрым райондорунда бейбаштык аракеттер, башаламандык, чет өлкөлүк жарандарга физикалык зомбулук көрсөтүү жана материалдык зыян келтирүү фактылары орун алган. Милиция чет өлкөлүк жарандарга карата зомбулук колдонуунун бардык фактылары боюнча ыкчам чара көрүп, кырдаалдын курчушуна жол бербөө максатында толук иш алып барышкан. Ыкчам кырдаал курчуп кеткен учурда милиция күч колдонуп, таратууга даяр болчу. Бирок буга жеткен жок. Милиция тарабынан көрүлгөн аракеттер менен түшүндүрүү иштери аркылуу кырдаал турукташты десек болот. ИИМ коомго каршы мыйзамсыз аракеттердин бардык катышуучуларын, чет өлкөлүк жарандарды тоноого жана сабоого тиешеси бар адамдарды аныктоону улантууда. Алардын эч кимиси жазадан кутула албайт", - деп жазылган маалыматта.
Тополоң менен коштолгон окуяга 13-майда тартылып, 17-майда социалдык тармактарга тарап кеткен, чет өлкөлүк жарандар кыргызстандык тургундарды сабап жатат деген маанидеги видео себеп болгон.
Ошол түнү жаалданган жоон топ Бишкекте жана шаарга жакын Чүй облусунун райондорунда негизинен Пакистандан жана Индиядан келген жарандар жашаган жатаканаларга, үйлөргө, алар иштеген цехтерге кирип барган. Ошондон кийин негизинен Пакистанга атайын чартердик каттамдар уюштурулуп, жүздөгөн чет өлкөлүк студенттер, жарандар (айрымдары убактылуу) Кыргызстандан кетип жатат.