Кариб аралдарында жайгашкан бул мамлекеттеги өтө сейрек демонстрацияга чыккан жаштар "Диктатура жоголсун", "Эркиндик!" деген ураандарды чакырып жатышты. 11-июлда президент Мигель Диас-Канель өз тарапташтарын баш калаа Гаванадагы демонстранттарга каршы чыгууга үндөдү.
Кубадагы кризис
Куба мамлекети учурда Советтер Союзу тарагандан берки эң терең экономикалык кризиске белчесинен батып турат. Бийликке каршы чыккандар каатчылыкка, жарандык эркиндиктин чектелишине жана пандемияга байланыштуу бийликтин аракетсиздигине нааразылыгын билдирип жатышат.
"Мекен жана жашоо, диктатура жоголсун! Кастро жоголсун! Коммунисттердин куйруктары жоголсун!", - деди демонстранттардын бири.
Кризистен улам кубалыктар күнүмдүк керектүү азык-түлүк алыш үчүн сааттап кезекке турушат. Коронавируска кабылгандардын саны өлкөдө күн санап өсүүдө. Өткөн жумада бийлик Кубанын өзүндө чыгарылган Abdala 2 вакцинасын жактырган. Бул Латын Америкасы менен Кариб аймагында өндүрүлгөн коронавируска каршы алгачкы вакцина. Бирок анын натыйжалуулугу канчалык экени белгисиз.
Буга чейин Куба Орусиянын жана Кытайдын вакциналарынан баш тарткан жана жакыр өлкөлөргө жардам берүүгө багытталган COVAX программасына да катышкан эмес.
Президент Мигель Диас-Канель демонстрациялардын тутанышына куба-америкалык мафияны күнөөлөдү.
"Дүйнөнүн башка жактарында пандемия болбогонсуп чыгышат. Ал эми куба-америкалык мафия социалдык тармактарда катталуучусу көп адамдарга, "Ютубдун" колдонуучуларына жакшы акча төлөп, чоң кампания уюштуруп, баарын демонстрацияга чыгууга үндөдү".
Ал ошондой эле, өз тарапташтарын Гаванадагы демонстранттарга каршы чыгууга чакырды:
"Биз өлкөдөгү бардык революционерлерди, коммунистерди жакынкы бир нече күн көчөлөргө чыгып, чагым уюштургандарга чечкиндүү, бекем каршы турууга чакырабыз!"
AFP агенттигинин журналисттери кабарлагандай, полиция бийликке каршы чыккандарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызчу газ чачты. Тартип сакчыларынын айрымдары желим таяктарды колдонгону маалым болду.
Reuters маалымат агенттиги Гаванадагы күбөлөргө таянып, жыйырма чакты адам кармалганын жазды. Акциянын катышуучулары ал жактагы окуяларды социалдык тармактар аркылуу түз чагылдырганга аракет кылганда, бийлик Интернетти өчүрүп салды. Мобилдик Интернет Кубада эки жыл мурда гана пайда болгон.
АКШнын айыптоосу
Нааразылык акциясы баш калаадан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Сан-Антонио-де-лос-Банос шаарында да өттү. Ошондой эле, мекендештерин колдоп АКШнын Маями штатында отурукташкан кубалыктар да демонстрацияга чыгышты.
Кошмо Штаттардын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Куба бийлигин демонстранттарга күч колдонуунун кесепети болорун эскертти.
"АКШ Кубадагы чогулуу жана сөз эркиндигин колдоп, өз укуктарын коргоп чыккан тынч демонстранттарга күч колдонууну жана куугунтуктоону айыптайт", - деп жазды ал "Твиттерге".
Вашингтон ондогон жылдар Кубадагы коммунистик бийликке каршы чыгып, олуттуу санкцияларды киргизип келген.
61 жаштагы Диас-Канель Кубанын башына 2018-жылы келген. Ага чейин бул мамлекетти ага-ини Кастролор 60 жылдай башкарган. Ондогон жылдарга созулган касташуудан кийин АКШнын 44-президенти Барак Обама Куба менен жакындашуу аракетин көрүп, Гаванага тарыхый сапар жасаган. Ал бул аралга 90 жылдан бери барган алгачкы америкалык президент болуп калган. Анткен менен Обамадан кийинки президент Дональд Трамп Кубага баруу тартибин өзгөртүп жана аскерлер көзөмөлдөгөн кубалык компаниялар менен кызматташтыкты чектеген.
Miami Herald басылмасы жазгандай, соңку ирет кубалыктар нааразылык акциясына 1994-жылы чыгышкан. Анда демонстрация Гаванада эле өтүп, тез эле таркатылган.