КТРКнын коомдук боло албай жатканына эмне кедерги болууда? Бийлик кийлигишип жатабы же жетекчиликтин, байкоочу органдын алсыздыгыбы? КТРК коомдук болушу үчүн чын эле мыйзамды күчөтүү керекпи? Ушул ж.б. суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздө жооп издейбиз.
Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шернияз, КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев, Байкоочу кеңештин мурдагы төрагасы Абды Сатаров катышты.
“Азаттык”: Жыпар мырза, депутаттар "эң негизгиси - КТРК мыйзамда көрсөтүлгөн калыстык, балансты сактоо принциптерин аткарбай жатат, чуулгандуу иштерде бир тараптуу маалыматтарды берип келет, Байкоочу кеңеш башын катып отурду" деген сындарга макулсузбу?
Жыпар Жекшеев: Байкоочу кеңешти кандай сындаса да депутаттардын өздөрүнө коелу, алардын укугу.
Бирок алардын “башын катып жатат” деген сөздөрүнө таптакыр кошулбайм. Биз башыбызды кимден катабыз? Башкы директордонбу же бийликтеги адамдарданбы?
Биз кандай маселе болбосун ачык, бардык тараптын катышуусунда талкуулайбыз. Бизге көп кайрылуу, арыздар келет, тараптарды көздөштүрүп туруп карайбыз. Жарым-жартылай айткандарга, ушак-айыңдарга чекит койгонбуз.
Саясий окуяларга, башка чуулгандуу иштерге байланыштуу берүүлөр боюнча суроолорду караганбыз. Эфирден кеткен маалыматтардын баары расмий булактардан алынганын айтып, далилдеп беришкен. Биздин оюбуздан чыккан эч нерсе жок. Эгер экинчи тарап маалымат бербесе эмнени көрсөтөт? Нааразы болгон тараптар мыйзам ченемдүү көрүнүштөр десек болот. Дагы башка суроолор болсо аларды сотко, прокуратурага бериш керек.
“Азаттык”: Садык мырза, кечээ парламент депутаттары КТРКнын жетекчилигин, Байкоочу кеңешти катуу сындадыңыздар. Өзгөчө “Ата-Мекен” фракциясы жандуу болдуңуздар. Сиздердин нааразычылыкты жалпылаганда негизги жүйөсү эмне?
Садык Шернияз: Жыпар Жекшеев мырза “маалыматтар расмий булактардан алынган” деп айтып жатпайбы. Убагында парламенттин “Ата Мекен” фракциясы да расмий түрдө КТРКга “биздин да оюбуз, пикирибиз бар, көрсөтүп койгула” деп кайрылганбыз. Эмне үчүн берилген жок? Биз кимбиз, расмий булак эмеспизби? Эгер Кыргызстанда Жогорку Кеңеш расмий булак боло албаса анан ким расмий боло алат? Айтылгандын баары болбогон сөз болуп жатат. Биз маселени сотко, прокурорго жеткизбей чечсин деп Байкоочу кеңешти шайладык да? Байкоочу кеңештен “бул тарапты берсеңер, экинчи тараптын да оюн бергиле” деген адам болбоду да. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын КТРКга берген расмий булагы азыр таш-талканы чыгып, уят болушту го?
“Азаттык”: Садык мырза, "КТРКдан айрым материалдардын бир жактуу берилишин телекомпаниянын жетекчилиги чечпейт, президенттик аппараттын басым-кысымы менен берилет" деген пикирлердин чындыгы барбы?
Садык Шернияз: Ал айдан ачык. Президенттик аппараттан, УКМКдан, өкмөттүн аппаратынан “тигини көрсөткүлө, муну алып салгыла” деп көрсөтмө түшөт. “Бул адамды коомго жаман көрсөткүлө” деген команда болот. Ошонун баарын Байкоочу кеңеш караш керек, "байкагыла" деп шайлаганбыз. “Текебаевди 15 мүнөт жамандап көрсөттүңбү, анын да сөзүн 15 мүнөт көрсөтүп кой” деп Байкоочу кеңеш айтыш керек болчу. “Ата Мекен” фракциясын жети күн тынбай жамандап отурушту, бизге жети мүнөт да беришкен жок, маселенин өзөгү ушунда болуп жатпайбы! Байкоочу кеңештин ар бир мүчөсүнүн ар-намысы, атуулдук позициясы деген болуш керек.
“Азаттык”: Абды мырза, КТРКны коомдук каналдын алкагында реформалоонун негизги багыты – контентти жакшыртуу, коомдун кызыкчылыгындагы көрсөтүүлөрдү даярдоо. Ушул максат кандай ишке ашып жатат? КТРК канчалык сапаттуу, таасирдүү көрсөтүүлөрдү бере баштады десек болот?
Абды Сатаров: Биз КТРны коомдук кылабыз деп максат кылгандан кийин ага барышыбыз керек эле. Каналдын контентин жакшыртуу боюнча биз убагында көп жолу айтканбыз. Контенттеги маселеге байланыштуу башкы директор Илим Карыпбековго сөгүш да жарыялаганбыз. 2016-жылы үч айдагы эфирден кеткен көрсөтүүлөрдү ар бир мүнөтүнө чейин текшерип чыгып, талдоо жүргүзгөнбүз, көп алешемдиктер чыккан. Ошол комиссиянын жыйынтыгы менен Байкоочу кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү Илим Карыпбековго ишеним көрсөтпөй, Жогорку Кеңешке кайрылганбыз.
Арадан эки жыл өттү, кат ошол боюнча жоголду, жооп да болгон жок. Ыймандай сырымды айтсам, Илим мырзаны "жаш экен, жакшы иштеп берет" деп, убагында Байкоочу кеңештин төрагасы, кийин КТРКнын башкы директорлугуна шайлаганбыз. Башкы директор болгондон кийин Илим мырза коомчулуктун өкүлдөрү болгон Байкоочу кеңештин мүчөлөрү менен эсептешпей калды. Контентти жакшы жагына өзгөртүүгө жардам бере турган КТРКнын Көркөм кеңешин да жоюп, КТРКны ичинен бекитип алды. Көркөм кеңеш деген телеканалдын ичинен шайланбайт, андай болгондо калыс пикирин айта албайт, сөзсүз сырттан болуш керек эле...
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)