Украина Орусиянын соңку чабуулдарынан эки аймагында жайкын тургундар жараат алып, үйлөр, мекемелер зыян тартканын 1-апрелде билдирди. 31-мартта Орусия менен чектеш тилкедеги Сумы облусунда жалпысынан 115 жолу аткылоо, 228 жерде жарылуу болгонун облустук администрация кабарлады.
Запорожье облусунда дүйшөмбү күнкү аткылоодон жараат алган жайкын тургундардын бири ооруканада экенин, ал жергиликтүү аял катуу стресс алганын облустук аскердик администрация башчысы Иван Федоров билдирди. Ага чейин бир киши каза болгону, беш киши жараат алганы маалымдалган.
Ал тапта АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып орус президенти Владимир Путин Украинадагы согушту токтотуу келишимине макул болоруна үмүттөнүп жатканын айтты.
"Ал аягына чыгарат деп ишенгим келет. Мага айтканын аткарат жана келишимдин өзүнө тийиштүү бөлүгүн аткарат деп ойлойм", - деген Трамп орус мунайына кошумча пошлина киргизүүнү каалабай турганын, бирок, эгер Украина боюнча прогресс болбосо андай кадамга барууга аргасыз жоктугун билдирди.
АКШ президенти Украинанын кен байлыктары боюнча Киев менен талкууланган келишим тууралуу да суроого жооп берип, ал боюнча түздөн-түз сүйлөшүү боло электигин, бирок алар "мындай келишимге НАТОго кирсек гана макул болобуз" деп айтып жатканын журналисттерден укканын, андай сөз буга чейин болбогонун айтты жана "согуш, балким, дал ошонун айынан чыккан" деген оюн кошумчалады.
Киев Кошмо Штаттар президентинин бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек. 31-мартка караган түнү украин президенти Владимир Зеленский кезектеги видео кайрылуусунда "Орусиянын чабуулдарынын географиясы да, ырайымсыздыгы да кеңейип баратканын" белгилеп, "АКШнын атышууну токтотуу боюнча сунушун алганыбызга бир нече апта болду. Ал эми иш жүзүндө бул сунушка жооп катары орусиялык дрон, бомба, артиллерия соккуларын көрүп жатабыз", - деди.
Украина атышууну 30 күнгө токтотууга макул болгону менен Орусия бул планга өз шартын койгон. Коюлган шарттарарасында Украинага аскердик жардам жана чалгын маалымат берүүнү токтотуу бар.
Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери анын аймактарын учкучсуз учактардан, жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан жана ракета, башкарылуучу авиациялык бомба менен аткылоону токтотпой келе жатат. Москва Украинанын шаар-кыштактарынын жарандык инфраструктурасын атайылап талкалап, элин өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду мойнуна албай келет.
Украин бийлиги, өнөктөштөрү жана эл аралык уюмдар Орусиянын соккуларын согуш кылмышы, атайын жасалган каршы аракет деп баалап жатышат. (RK)
31-мартка караган түнү Украинанын бир нече облусу Орусиянын чабуулуна кабылды. Жабыркагандар бар.
Украинанын президенти Владимир Зеленский белгилегендей, абадан сокку жана дрон чабуулуна Черкассы, Херсон, Донецк, Запорожье, Днепропетров, Сумы жана Харьков облустары туш болгон.
Херсон облусунун Антоновка айылында дрон чабуулунан эки адам жабыркады. Бериславский районунда дрон сыныгы жергиликтүү тургундун автоунаасына түшүп, анын кесепетинен айдоочу жаракат алды.
Донецк облусунда соңку сутка Орусиянын аткылоосунан эки киши жараат алды. Сумы облусуна болгон чабуулдан үч жергиликтүү тургун жарадар болуп, турак жай жана жарандык инфраструктуралар зыян тартканы кабарланды.
Днепропетров облусунун жергиликтүү бийлиги Никополь аймагы чабуулга кабылганын, жабыркагандар жок экенин билдирди.
Харьковдо түнкү абадан болгон чабуулдан улам бир нече ишкана, көп кабатуу үйлөр, бала бакча жана спорт комлексин өрт чалды.
Далилдерге карабай, согуштун башынан бери Орусия Украинанын жарандык жайларды бутага алганын танып келатат.
Дүйшөмбү күнү эртең менен Орусиянын бийлиги да Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чабуулдары тууралуу кабарлады. Маалыматка караганда, Калуга облусу дрон чабуулуна кабылды. Жабыркагандар болгон эмес.
Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, абадан коргонуу күчтөрү бир түндө Украинанын 66 учкучсуз учагын жок кылган. Брянск облусунда 41, Калуга облусунда 24 жана Курск облусунда бир дрон атып түшүрүлгөн.
Харьковдо Орусиянын дрон чабуулунан жараат алгандар 35ке жетти, эки киши каза тапты
Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов ишембинин түнүндөгү чабуулда "Шахед" дрондору колдонулганын билдирди.
Анын айтымында, жети дрон эл жашаган үйлөргө, ооруканага жана инфраструктурага тийген. Жараат алгандардын арасында беш бала бар, 13 киши ооруканада, алардын бири - секелек кыздын абалы оор экенин жазды Терехов Телеграмга.
"Дрон аскердик госпиталга тийген, азыр шаар эли дарыгерлер биздин жараат алган мекен коргоочуларыбызды кароосуз калтырбашы үчүн жапатырмак калыбына келтирүү ишин улантып жатат", — деди Терехов.
Украинанын Аскер күчтөрүнүн Башкы штабы буга чейин орусиялык дрондор госпиталды бутага алганын кабарлаган.
Мындан тышкары миңдеген терезелер талкаланап, базар, нике каттоо мекемеси, Долбоорлоо үйү, коллеж, жатакана зыян тартканын, ондогон машине жана гараждар күйүп кеткени кабарланды.
Орусиянын Белгород облусунун губернатору Украина менен чектеш райондо дрон чабуулунан бир киши жараат алганын билдирди.
Губернатор Вячеслав Гладковдун айтымында, жараат алган киши Грайворонск аймагынын коопсуздук кеңешинин катчысы.
Аталган аймактагы Украина менен чектешкен Иванов Лисица айылында дрон жеке турак жайга түшкөн.
Украина мындай билдирүүгө комментарий бере элек.