Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:27

Эки Корея макулдашуусун аткарууга киришти


Түштүк Кореянын аскерлери үгүт жабдууларын чечип жаткан учур. 1-май, 2018-жыл.
Түштүк Кореянын аскерлери үгүт жабдууларын чечип жаткан учур. 1-май, 2018-жыл.

Түндүк жана Түштүк Корея "тарыхый" деп мүнөздөлгөн саммиттен кийин демилитаризациялык зонадагы үгүт жабдууларын алып кетип жаткан чагы.

Расмий Сеул АКШ аскерлеринин Түштүк Кореяда турушу "Пхеньян менен кол коюлат" деп күтүлгөн тынчтык макулдашууга кирбей турганын ырастады. Учурда Түндүк Кореянын АКШ менен болчу саммитине да даярдык көрүлүп жатат.

Эки Кореянын лидерлери Мун Чжэ Ин менен Ким Чен Ындын саммитинен кийин кабыл алынган Панмунжон декларациясынын жоболорун ишке ашырыш үчүн Түндүк Корея үгүттөөчү үн күчөткүчтөрүн чек арадан 1-майдан тартып алып кете баштаганын Түштүк Кореянын ЖМКсы кабарлады.

Түндүк Кореянын катуу кайтарылган чек арада кеминде 40тай үн күчөткүчү орнотулган эле. Алар Түштүк Кореяга каршы психологиялык согуштун куралы катары колдонулчу.

Өз кезегинде Түштүк Кореянын армиясы чек арада 40ка жакын туруктуу жана көчмө үн күчөткүчтү иштетчү. Сеулдун ал күчөткүчтөр аркылуу Пхеньянга каршы радио берүүлөрдү таратышы 27-апрелдеги “тарыхый” деп бааланган саммиттен төрт күн мурда токтотулган.

Түндүк жана Түштүк Кореянын лидерлери сүйлөшүп жаткан учун. 27-апрель, 2018-жыл.
Түндүк жана Түштүк Кореянын лидерлери сүйлөшүп жаткан учун. 27-апрель, 2018-жыл.

Эки Кореянын тарыхындагы үчүнчү саммиттен кийин (мурункулары 2000, 2007-жылдары болгон) кабыл алынган Панмунжон декларациясында эки лидер кастык аракеттердин баарын, анын ичинде үгүттүк берүүлөрдү, баракчаларды таратууу токтотууну, аскердик демилитаризациялык зонанын айланасынан буга тиешеси бар жабдууларын алып кетүүнү макулдашкан.

Саммитте Корей жарым аралында “тынчтыктын жаңы доору башталды” деп да жарыяланган. Алар бул мүдөөсүн документтештириш үчүн 1950-53-жылкы Корей согушун расмий аягына чыгарган тынчтык келишимине кол коюлушу керек.

2-майда Сеул АКШ аскерлеринин Түштүк Кореяда турушу бул келишимге кирбей турганын ырастады:

- Түштүк Кореяда АКШ аскерлеринин турушу - Түштүк Корея менен Американын өнөктөштүгүнүн маселеси. Мунун тынчтык келишимдерге кол коюу менен эч байланышы жок, - деди Түштүк Кореянын расмий өкүлү Ким Ю Кан.

АКШ аскерлери Түштүк Кореяда турганына алтымыш жылдан ашты. 28 жарым миң аскердин чыгарылып кетиши Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтыш үчүн Түндүк Корея көптөн бери койгон шарттардын бири эле. Бирок өткөн аптадагы декларацияда бул тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Эки Кореянын лидерлери болсо Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтып, Корей согушу бүткөнүн расмий жарыялап, туруктуу тынчтык келишимин түзүш үчүн быйыл АКШ жана Кытай менен иштешерин да билдиришкен.

Эми алдыда мурда макулдашылгандай, АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин саммити өткөнү турат.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Ооба, менимче саммит болот. Алар муну абдан каалап жатышат. Биз да албетте, каалап турабыз. Менимче, саммит болот жана ийгиликтүү болот. Бирок көрөбүз. Өзөктүк куралдан арылыш керек. Ачык айтайын, эгер ал мүмкүн болбосо мен саммиттен кетип калам, бул жөнөкөй эле нерсе, - деди президент Дональд Трамп Ак үйдөн 30-апрелдеги басма сөз жыйынында.

АКШ менен Түндүк Кореянын саммити качан жана кайсы жерде өтөрү азырынча анык эмес. Президент Дональд Трамп анын Ким Чен Ын менен кездешүүсү Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосундагы демилитаризациялык зонада болушу мүмкүн экенин да жокко чыгарган жок.

Келерки шаршемби - 9-майда Токиодо Түштүк Кореянын президенти, Жапония менен Кытайдын премьер-министрлери үч тараптуу саммитке чогулганы турат. Сеул билдиргендей, бул саммитте да Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу, туруктуу тынчтык орнотуу сүйлөшүүлөрдөгү башкы темалардын бири болот.

АКШнын бийлик өкүлдөрү Түндүк Кореянын лидери былтыркы утур-утур ракеталык сыноолордон кийин кепке келип, эми өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаганын бир тараптуу жана көп тараптуу экономикалык санкциялардын таасирине байланыштырып жатышат.

Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен күчөткөн. АКШ да былтыр жана быйыл өз тарабынан бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган санкцияларды киргизди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG