“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу тарых илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жуманалиев болду. Ал маегинде окутуучулуктан кантип партиялык ишке өткөнү, Турдакун Усубалиевге жардамчы болгону, чоңдорго жазылган “тоголок арыздар”, кызмат талашкан интригалар, Акаевдин баласы менен “шайлоого” түшкөнү тууралуу айтып берди.
- Акылбек агай, сиз Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде алты жыл иштегенден кийин республиканын биринчи жетекчиси Турдакун Усубалиевге жардамчы болгон экенсиз. Кандайча сизди тандап алган?
- Республиканын биринчи жетекчисинин жардамчысы болуш да жөн жерден болгон жок окшойт. Ал кызмат бир топ такшалган, жаза билген, олдоксондугу жок, тыкан жүргөн ж.б. сапаттарды талап кылса керек. Мен ал орунга чейин Борбордук Комитетте Окуу жайлар жана илим бөлүмүндө, каттар жана коом менен байланыш бөлүмүндө жалпысы алты жылдай иштеп, бир топ тажрыйбадан өтүп калгам.
- Жардамчы болордо сизди Турдакун Усубалиевич кабыл алдыбы, сүйлөштүбү?
- Чакырбай, кабыл албай эле БКнын бюросунда бекитип коюшту. Бирок, мен ал киши менен бир нече жолугуп, сүйлөшүп, тапшырмаларын аткарып жүргөм. Бир жолу Москвадагы бир журналга "Кыргызстандагы кесиптик окуу жайлары тууралуу макала жаз" деп калды. Аны жаздым, жарыяланды.
- Макала Турдакун Усубалиевичтин атынанбы?
- Ооба, ал кишинин атынан жарык көрдү.
- Демек, сизди жаздырып да сынап көргөн турбайбы?
- Эми ошондой болду окшойт. Каттар бөлүмүндө сектор башчысы болуп жүргөндө айрым каттардын мазмуну менен тааныштырып, кирип, пикир алмашып калган учурлар болгон.
- Жардамчы болгондон кийин жакшы билесиз, Усубалиевдин башкаларга окшобогон кайсы иш ыкмаларын, сапаттарын бөлүп айтаар элеңиз?
- Мүнөзү жагынан алганда абдан токтоо, сабырдуу адам эле. Маселени чечкенде шашпайт болчу. Ошол тармактын жетекчилерин, адистерин чакыртып, алардын пикирин укчу. Кадрларды карап жатканда бөлүм башчылар, БКнын катчылары менен сөзсүз кеңешип, анан чечим кабыл алчу. Өз алдынча, жеке чечим кабыл алчу эмес.
- Башка бир пикирлерде “кадр тандоодо Усубалиевде трайбалисттик мамиле бар болчу” деп сындагандар да бар эмеспи...
- Мен мындай пикирлерге “жок” деп айта алам. Ал республиканын бардык аймактарына бирдей карачу. Мисалы, менин кеминдик сарыбагыш уруусунан экенимди бир жылдан кийин билген. Ал кишинин уруусу да сарыбагыш эле. “Мен сизди таластык деп уккам” деп жатпайбы.
- Усубалиевдин коопсуздугун карагандар жалаң башка улуттагы кызматкерлер болгон деп калышат?
- Жок, андай эмес. Коопсуздук комитети эки жансакчы бөлүп берген. Биринин аты – Курманбек, экинчиси – Николай деген жигиттер жанында жүрүштү. Экөө кезектешип бир күндөн иштешчү.
- Айдоочулары кимдер эле?
- Айдоочулары да кыргыз, орус ж.б. улуттардан болгон, улутуна карап алган эмес.
- Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон кийинки жетекчилеринин ичкилик менен байланышкан окуялары көп. Турдакун Усубалиевич ичкиликке кандай эле?
- Ичкиликке жок болчу. Кээде сырттан коноктон келгенде, майрамдарда шампан, коньяк, же арак болобу, кичине ооз тийип эле койбосо, ичип отурганын көрбөдүм.
- Кыргызстандын соңку тарыхында президенттерге, анын саясатына жубайларынын таасири чоң болду. Ачык айтыңызчы, Усубалиевдин байбичеси Гүлжекен айымдын кайсы бир мамлекеттик ишке киришип жатканын байкадыңызбы?
- Гүлжекен эже Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик сүрөт музейинин директору болуп көп жыл иштеген. Чынын айтканда ал кишинин андай аракеттерин байкаганым жок. Тескерисинче, Турдакун Усубалиевичке сөз тийип калбасын деп мамиле кылып жүргөнүн сезип калчумун.
- Акылбек агай, союз учурунда жогорку бийлик башындагыларда коррупция жок болчу деп калышат. А бирок, Усубалиевдин командасындагылардын бирин “Бостонов” деген фамилия менен коррупция байланыштырышты эле.
- Ооба, анда Токмок эт комбинатынын директору болуп иштеген Бостонов менен БКнын катчысы Кулматовду байланыштырышып күнөөлөшкөн. Бул иш бүткүл союзга тараган чуулгандуу окуя болгон. Кеңеш Кулматов абдан билимдүү, маданияттуу, такшалган, таза мамлекттик кызматкер болчу.
- Ал киши Кыргызстандын биринчи жетекчиси болууга даяр беле?
- Ооба, даяр болчу.
- Ошол даярдыкты ооздукташ үчүн “Кулматов менен Бостоновду байланыштырышкан деп калышат...
- Ооба, ошондой интригалар болгон. Борбордук Комитетте иштеген кээ бир кызматкерлер ошол интригаларды уюштуруп коюшту да.
- “Кээ бир кызматкерлерди” бүгүн ачык айта аласызбы?
- Менин баамымда Аманбек Карыпкулов болду. Ал кишиде Кулматовдун ордуна баруу ниети бар эле. Турдакун Усубалиевич да ал кишинин сөзүнө абдан ишенип алды. Ошонун айынан туура эмес иштер көп болуп кетти.
- Кеңеш Кулматов ошондой интригалардын айынан Москвага кетүүгө аргасыз болгон, дешет, сиздин пикир кандай?
- Ооба, кетүүгө ошол окуялар себеп болгон. Бийликтеги кишилер ийкемдүү болбой калат экен. Бир пикирге, көз карашка ишенип алгандан кийин оюн өзгөртүшпөйт тура. Ар кимиси өз позициясы менен калгандай болду. Менимче, бул маселеде Усубалиев саясий жактан ката кетирип койгон.
- Сиз кийин БКда жарандардын арыз-даттануулары менен иштөө бөлүмүндө сектор башчысы болгон экенсиз, ошол учурдагы кайсы бир арызды бөлүп көрсөтө аласызбы?
- Бир жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Темирбек Кошоевге карата “тоголок арыз” түшкөн. Аны мен Турдакун Усубалиевге алып барып окутсам, жылмайып күлүп туруп, “өзүнө алып барып бер” деди, мен аны аткардым.