2013-жылы 22-ноябрда 46 жаштагы АКШнын президенти Жон Кеннеди Даллас шаарында атылып өлтүрүлгөндүгүнө 50 жыл толду. Бул сүрөт баянда анын үй-бүлөсү, 1960-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү, мамлекет башына келген учуру жана Далласта киши колдуу болуп каза тапканы, Вашингтон шаарындагы аза күтүүдөн айрым көз ирмемдер камтылган.