Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Кен иштетүү: Лицензия алгандар 10 эсе көп жыйым төлөйт


Бозумчак кени. Жалал-Абад облусу.
Бозумчак кени. Жалал-Абад облусу.

Кыргызстанда кен иштетүүгө лицензия алгандар үчүн жыйымдын наркы 10 эсеге өстү. Мунун аркасы менен учурунда чалгындоо үчүн уруксат кагазын сатып алып, бирок иш баштабаган ишкерлер аны кайра мамлекетке кайтара баштады.

Министрлер кабинети 27-сентябрда Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо, жыйымды эсептөө, төлөө, чогултуу жана карызды өндүрүү тартибин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Ага ылайык, кен чалгындоого жана өндүрүшкө деп сатылган лицензия ээлери ишти баштабаса, кармап турган ар бир жылы үчүн чоң суммадагы акча төлөп турууга милдеттүү болот.

Өкмөт анын эсебин таблица менен көрсөтүп берген. Анда кендин баалуулугуна жараша 10 эседен 5000 эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйүп кете берет.

Пайдалуу кендерди издөөдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым ставкасынын таблицасы.
Пайдалуу кендерди издөөдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым ставкасынын таблицасы.

Геология жана жер казынасын пайдалануу агенттигинин төрагасы Руслан Калилов документти мындайча түшүндүрүп берди.

“Жылдарына жараша көбөйүп кете берет. Таблицада көрсөтүлүп тургандай, бир эсептик көрсөткүч 10, 50, 200, 500гө көбөйтүлөт. Туум жыл сайын өсүп турат деген сөз. Бул ушул жылдын башында президент чыгарган жарлыктын негизинде ишке ашып жатат. Лицензия алгандардын көпчүлүгү гектарлаган жерди иштетпей кармап тура беришкен же өзү иштетпейт, же башкага бербейт. Буга чейин жыйымдын эсеби аябай аз болчу. Бул токтомду экомикалык рычаг деп айтсак болот".

Министрлер кабинетинин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Тактап айтканда ал 12-октябрдан баштап иштей баштады. Бул аралыкта 20дан ашык ишкер лицензия кайра тапшырып кеткени белгилүү болду.

Чаткалда алтын казган "Архар-Лачын" компаниясынын башкы директору Муса Мавлянов лицензиясын мамлекетке кайтарып берген ишкерлердин бири.

“Кен иштетүүгө жана чалгындоого уруксат алгандардын 60% жакыны лицензиясын өз каалоосу менен кайра тапшырып салганын угуп жатам. Эсептерин да жаап салышты. Анткени чалгындоо иштери кечеңдеп жаткан инвестор жыл сайын 5-6 миллион сом төлөп турууга макул эмес. Чалгындоого алган лицензия менде да бар болчу. Ушул убакытка чейин карыз болбой, бир тыйынын да калтырбай төлөп келе жаткам. Токтом чыккандан кийин мен да берип салдым. Жыйымдын наркы көтөрүлгөнүн түшүнбөй турам”.

Кыргыз өкмөтү былтыр ноябрда алтын, күмүш жана жезди казууга жана чалгындоого мораторий киргизген. Ага ылайык, аталган кендерди издөөгө лицензия берилбейт. Ал эми кендердин башка түрлөрүнө лицензиялар мыйзамга ылайык берилет.

Президенттин Нарындагы өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров буга чейин кенге байланыштуу лицензия алып, бирок иш баштабагандарга карата көзөмөл өкмөттүн аталган токтомунан кийин дагы күчөтүлөрүн белгиледи.

Адыл Сапаров.
Адыл Сапаров.

“Нарын облусунун аймагында кен өндүрүүгө жана чалгындоого берилген лицензияларды инвентаризация кылып жатабыз. Бирок биз буга чейин эле иш баштабаган лицензия ээлери тууралуу маалыматты өкмөткө бергенбиз. Азыр иш дагы күчөтүлөт. Облуста көмүр жана алтын кендерине берилген лицензияларда маселе бар”.

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден кийинки алгачкы беш жарлыгынын бири кен казууга байланыштуу болгон.

Жарлык пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга көзөмөлдү күчөтүүнү, анын ичинде лицензиялык тескөөнү, жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну, өнөр жай багытында жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууну да камтыйт.

Президенттин бул жарлыгын улай ушул жылдын май айында Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы жаңы казыла турган кендердин 100% үлүшүн мамлекетке өткөрүүгө шарт түзгөн мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген токтомду кабыл алган.

Ага ылайык, кендерди мамлекеттик ишканалар иштетип, инвесторлор менен соодалашууга мүмкүнчүлүк алмай болгон. Мамлекеттик мекемелер инвесторлор менен түз иштеп, кен иштетүүгө байланыштуу лицензияларды тескейт деп айтылган.

Тоо-кен тармагы боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков кен иштетүүгө алган лицензияны кармап тургандар үчүн жыйымдын наркы эселеп көбөйүшү менен мамлекет инвесторлорду качырып албайбы деп чочулап турат.

Дүйшөнбек Камчыбеков
Дүйшөнбек Камчыбеков

“Иштетпей кармап, лицензияны сатууга аракет кылгандар үчүн жыйымды көбөйткөнү туура чечим. Менин эсебим боюнча лицензия алгандардын жарымы абийирдүү иш алып барат. Бирок биз иш жүрүп жатса дагы, токтоп турса дагы, баарыбир лицензияны кармап турганың үчүн жыйымды төлөшүң керек деп койдук. Бул жагдайда көп компаниялар иштерин токтотуп кетип калышы мүмкүн. Кандайдыр бир себеп менен иши токтоп тургандарды түшүнүү менен кабыл алышы керек эле. Бул кадам инвесторлордун өлкөдөн качышына шарт түзүп коюушу ыктымал”.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда кен иштетүүгө жана чалгындоого баш-аягы 2500дөй лицензия берилген. Анын 500гө жакыны алтынга 300дөн ашыгы көмүр казууга байланыштуу.

Кенге тийиштүү лицензиялар алтын менен көмүрдөн тышкары башка баалуу металлдарга, уранга жана курулуш материалдары үчүн сырье катары колдонулуучу кендерге берилген.

XS
SM
MD
LG