Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөндө эл менен жолугушууда "Кемпир-Абад" суу сактагычы ээлеген Кыргызстандын жерлери Өзбекстан менен алмашылбай турганын билдирди.
Ташиев: Кыргызстан "Кемпир-Абадды" Өзбекстанга өткөрүп бербейт

1
Нааразы болгон жүздөгөн тургундар Куршаб айылындагы стадионго чогулушту.

2
Камчыбек Ташиев сөз алып, жыйынды тынч өткөрүүгө, элди сабырдуулукка чакырды.

3
Атайын кызматтын башчысы Өзбекстан менен чек арага байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын түшүндүрүп берүү үчүн келгенин айтты.

4
Ташиев чек ара тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн 10-майдан кийин Өзбекстандын делегациясы Кыргызстанга келерин билдирди.

5
Атайын кызматтын жетекчисинин "Кемпир-Абад" Кыргызстанда калат деген билдирүүсүнөн кийин Өзгөндө чогулгандар тарады.

6
Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы мөөнөтсүз акциясы беш күндөн бери өтүп жаткан.

7
Буга чейин нааразы болгондор "суу сактагыч ээлеген жана анын жээгиндеги жерлер берилбесин" деген талап менен бийлик өкүлдөрүн чакырышкан.

8

9

10

11

12

13

14

15

16

17

18

19

20