Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01
Жогорку Кеңештеги жыйын.
Жогорку Кеңештеги жыйын.

Кыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

17:13 15.11.2022

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу мыйзам долбоорун кабыл алганы тууралуу "Азаттыкка" комментарий берди. Эл өкүлү "Өзбекстанга жер эмес, суу керек экенин, бул аларга стратегиялык утуш" болгонун айтты.

"Өзбек парламенти мыйзам долбоорун ратификациялаган себеби - бул аларга өтө керек, өтө пайдалуу жана ыңгайлуу. Өзбек өкмөтүнүн жетекчиси "бизге бул сүйлөшүүлөр оңой болгон жок, бирок биз эң негизгиси стратегиялык утушка ээ болдук" дегендей айтпадыбы. Ошол стратегиялык утуш деген мен быйыл жаздан бери кайра-кайра какшап жаткан маселе. Өзбек айыл чарбасына эң маанилүү маселе бул - Кемпир-Абад болчу. Аларга жер деле кызык эмес, аларга суу керек. Өзбек өкмөт башчысы бул аларга чоң жетишкендик экенин ачык айтпадыбы. Арипов мырза биздин "билермандардын" бул жерлер мурда эле өтүп кеткен деген сөзүнө таянганда антип сүйлөмөк эмес. Андай болгондо "көптөн бери ала албай келген жерибизди алдык" деп айтмак", - деди Мадумаров.

14-ноябрда Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөргөн. Эми мыйзам долбоору Сенатка жөнөтүлөт.

17:33 15.11.2022

12:07 16.11.2022

13:08 16.11.2022

Бишкек шаардык соту бүгүн 16-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, активист Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтү карап, канааттандырган жок. Ошентип, шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун Нарматованы эки айга камоо тууралуу чечимин күчүндө калтырды.

Судья соттук отурумду видеого жана сүрөткө тартууга да тыюу салды. Буга Нарматованын жактоочусу каршылыгын айтып, судьяларга ишенбөөчүлүк көрсөткөн, бирок сот адвокаттын мындай өтүнүчүн четке каккан чечимин жарыялады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG