"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, массалык башаламандык уюштурууга даярданган деп шек саналган Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы каралып жатат.
Саясатчы Клара Сооронкулованын бөгөт чарасы караган судья кеңешүүгө кеткен учурда күч кызматкерлери айыпталуучуну сот залынан күч менен алып чыгып кетишкени кабарланды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбукка видеосун жарыялады.
Бишкек шаардык соту 10-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Сот ишти жабык карады. Буга чейин атайын кызмат Исаевге козголгон кылмыш ишинде "жашыруун" деген гриф бар экенин айтып, башка маалымат берген эмес. Ушул эле күнү Исаевдин жакындары жана тарапташтары аны бошотууну талап кылып шаардык соттун имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты.
Саясатчы Канат Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу саясатчы жана активисттер менен катар 23-октябрда кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирген. Сот Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Исаевдин 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасын өзгөрткөн. Соттун чечими менен саясатчы 23-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.