Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

15:51 15.2.2023

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган мурдагы депутат Орозайым Нарматованын үй камак мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылганын бүгүн, 15-февралда "Азаттык" радиосуна анын адвокаты Гуляна Убалиева билдирди.

Жактоочунун айтымында, мындай чечим бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда чыкты.

"Нарматова ооруканадан чыкты, абалы бир аз жакшы", - деди Убалиева.

Нарматова жүрөк оорусу кармап, 28-январда "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилгенден кийин, 30-январда үй камагына бошотулган.

Ага чейин, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда бөгөт чарасы каралып жатканда эсин жоготуп, кулап түшкөн Нарматованы конвой залдан көтөрүп чыгып, "Тез жардам" алып кеткен.

Мурдагы депутаттын темир тор ичинде кулап калган видеосу Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкуу жараткан.

15:51 15.2.2023

Бүгүн 15-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камалган жарандык активист Али Шабдандын бөгөт чарасын карап, аны дагы эки айга тергөө абагында калтыруу жөнүндө чечим чыгарды.

Эми ал апрелдин ортосуна чейин №1 тергөө абагында кармалат.

Биринчи Май райондук соту 15-февралда Кемпир-Абад иши боюнча саясатчы Равшан Жээнбековдун да бөгөт чарасын 15-апрелге чейин узартты. Жээнбеков ооруканада дарыланып жаткандыктан, сотко алып келинген жок.

Ушул тапта аталган сотто Кемпир-Абад иши боюнча Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы каралып жатат.

16:53 15.2.2023

Биринчи Май райондук соту бүгүн, 15-февралда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камалган саясатчы Бектур Асанов менен Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасын карап, экөөнү тең 20-апрелге чейин тергөө абагында калтырды.

20:05 15.2.2023

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган жарандык активисттер Илгиз Шаменов менен Таалай Мадеминовду Биринчи Май райондук соту бүгүн, 15-февралда 20-апрелге чейин камакта калтырды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG