Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Илгиз Шаменов менен Таалай Мадеминов 20-апрелге чейин абакта калды


Таалайбек Мадеминов Биринчи Май райондук сотунда. 15-февраль, 2023-жыл.
Таалайбек Мадеминов Биринчи Май райондук сотунда. 15-февраль, 2023-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган жарандык активисттер Илгиз Шаменов менен Таалай Мадеминовду Биринчи Май райондук соту бүгүн, 15-февралда 20-апрелге чейин камакта калтырды.

15-февралда райондук соттун чечими менен саясатчылар Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Акыл Айтбаев жана жарандык активист Али Шабдан 20-апрелге чейин тергөө абагында калды.

Ал эми ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган жарандык активист, экс-депутат Орозайым Нарматованын үй камагы эки айга узартылды.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG