Бүгүн, 22-октябрда Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылдарынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүшкө чыгышты. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, 100дөй киши колдоруна “Кемпир-Абад калсын!”, “Кемпир-Абад берилбесин!” деген жазууларды, Кыргызстандын желегин көтөрүп бара жатышат.
Алар Кемпир-Абад суу сактагычына жакын аймактагы айылдарды кыдырышарын айтышты.
Бишкектин Горкий паркында жыйырмадай адам кыргыз-өзбек чек ара келишиминдеги Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кыргыз бийлигинин позициясына каршы акция өткөрүштү. Алар бардык саясий күчтөрдү биригип, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өтүшүнө каршы турууга чакырышты.
22-октябрда Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылынын жүздөй тургуну Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүшкө чыгышты. Алар колдоруна “Кемпир-Абад калсын!”, “Кемпир-Абад берилбесин!” деген жазууларды, Кыргызстандын желегин көтөрүп, суу сактагычка жакын аймактагы айылдарды кыдырышты. Ушул эле күнү Бишкектин Горкий паркында жыйырмадай адам Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы акция өткөрүштү.