“Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчы, жарандык активисттердин үйүн милиция тинтүүгө алып жатканы кабарланды. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” маалымдап, учурда милиция анын үйүнө келгенин билдирди.
“Дээрлик бардык мүчөлөрүнүн үйлөрүн тинтип жатышат. Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Улукбек Маматаев, Рита Карасартова, иши кылып барыбыздыкына келди. "Массалык башаламандык даярдап жатышат" деп кылмыш иши козголуптур”, - деди Жээнбеков.
Социалдык тармактарда активисттер Эрлан Бекчоро, Гулнара Журабаева алардын үйүнө дагы милиция тинтүүгө келгенин жазды. Азырынча ИИМ тинтүүлөр тууралуу расмий маалымат бере элек.
22-октябрда Равшан Жээнбеков 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн маалымдаган.
15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуу айтылган. 21-22-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөн.
22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Садыр Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин билдирди. Жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген.
Жарандык активист Эрлан Бекчоро Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө отурганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, үйү тинтүүгө алынгандан кийин милицияга алып келишкен.
“Кемпир-Абад боюнча массалык башаламандык уюштуруу деген боюнча тинтүүгө алышты. Азыр тергөөгө кирип баратам”, - деди ал.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова үйү тинтүүгө алынгандар менен байланышып жатканын маалымдады. Анын маалыматында, 12 адамдын үйү тинтилип, Али Шабдан атуу активисти дагы милицияга алып кеткен. Абдирасулова аларга Кылмыш жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен иш козголгонун билдирүүдө. Бирок ИИМ расмий маалымат бере элек.
Адвокат Чынара Жакупбекова Фейсбук баракчасына Клара Сооронкулованын үйү тинтүүгө алынып жатканын айтып, видеосун чыгарды.