Президент Садыр Жапаров баштаган тийиштүү жетекчилер кыргыз-өзбек чек арасынын айланасындагы кырдаалды талкуулоо үчүн жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардан келген өкүлдөр менен жыйын өткөрүп, түшүндүрмө берди. Жыйын кызуу талкуу менен коштолуп, айрым учурда кайым айтышууга чейин жетти. Өкмөт үйүндө өткөн чогулушта видео, сүрөт жана үн жаздырууга тыюу салынып, катышуучулар чөнтөк телефондорун тышка таштап коюп киришти.
Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирди.
“Биринчиден, Кемпир-Абадды биз берген жокпуз. Тетирисинче, алып атабыз. 1960-жылдардан бери плотинаны алар башкарып келди. Эми мындан ары плотинаны башкарууда 50/50 пайыз кылып биргелешкен ишкана түзүп, чогуу башкарабыз деп келиштик. Суунун деңгээли 900 горизонттон өйдө көтөрүлүп кетпешин көзөмөлдөп туралы дедик. Көлдөн насос менен айылдарга суу тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк жок эле.
Эми тарыхий- архивдик кагаздарга таянсак, 1965-жылы плотинаны өзбек тарап курган. Биз бир тыйын акча салган эмеспиз. Суу басып калган жерибиз үчүн ошол эле 1965-жылы 4127 гектар жерди чек аралаш жерлерден Баткенден, Оштон, Жалал-Абаддан жер беришкен. Ошондо азыркы суу басып жаткан 4127 гектар жер ошол мезгилде эле өзбектерге өтүп жатпайбы. Чагымчылдар биз бүгүн берип жаткандай кылып кыйкырып атышат. Биз кыргыз тарап ал жерлерди үй салып, талаачылык кылып азыркыга чейин иштетип келе жатабыз. Буга архивдик документтер күбө”, - деди Жапаров.