Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:46
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

02:39 25.10.2022

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 25-октябрга караган түнү саат 02:30да чыгарган чечими менен жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деген кине менен кармалгандардын бири Гүлнара Журабаева да 20-декабрга чейин камакта калтырылды.

02:01 25.10.2022

Жапырт башаламандык уюштурууга шек саналып кармалган жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу эки айга камалды. Анын бөгөт чарасы 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Ушундай эле чечим активисттер Перизат Суранова менен Улукбек Маматаевге да чыгарылды.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болору кабарланды.

02:00 25.10.2022

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, "Ата Мекен" партиясынын төрайымы Асия Сасыкбаева 20-декабрга чейин камалды. Анын баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 24-октябрда каралды.

Сасыкбаева "массалык башаламандыктарды уюштурууга даярданган" деп шек саналууда.

02:00 25.10.2022

"Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн" деп шек саналган саясатчы Равшан Жээнбеков 20-декабрга чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасы 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Равшан Жээнбеков сотто.
Равшан Жээнбеков сотто.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG