Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:49
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

22:13 24.10.2022

Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакка алынды

24-октябрдын кечинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралып, эки айга камакка алуу боюнча өкүм чыкты.

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

21:45 24.10.2022

Айданбек Акматов менен Али Шабдан 20-декабрга чейин камакка алынды

24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда журналист, саясат талдоочу Айданбек Акматов менен жарандык активист Али Шабдандын бөгөт чарасы өз-өзүнчө каралып, экөөнү тең 20-декабрга чейин камакка алуу өкүмү чыкты.

20:31 24.10.2022

23-октябрда кармалган саясатчылардын жана активисттердин бири Чыңгыз Капаров 20-декабрга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Анын адвокаты Айдар Сыдыков сот чечимин мыйзамсыз деп атады.

Анын алдында акыйкатчы Атыр Абрахматова Чыңгыз Капаров саламаттыгына байланыштуу камакта отурушу мүмкүн эместигин, Омбудсмендин кеңсесинин кызматкерлери сотко мониторинг жүргүзүп жатканын айткан. Капаров өзү мыйзам бузбаганын билдирген.

Чыңгыз Капаров - "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери. 2021-жылы парламенттик шайлоого бир мандаттуу №33 Нарын округунан катышкан.

20:13 24.10.2022

Президент Садыр Жапаров жапырт камакка алынган саясатчыларга жана активисттерге байланыштуу улуттук "Кабар" агенттигине комментарий берди.

Мамлекет башчы саясатчылар жана активисттер менен буга чейин да сүйлөшкөнүн, Кемпир-Абадга байланыштуу маселени түшүндүрүп бергенине карабай, майнап чыкпаганын билдирди.

"Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам", - деди президент.

Жапаров камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG