Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

13:38 7.1.2022

“Ак-Жол”, “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттери да жабылды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак – Жол”, “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттери да жабылды. Бул тууралуу 7-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, аталган бекеттер жолоочулар жана жүктөр үчүн толук жабылды.

Чек ара кызматы 7-январда эртең менен казак тараптын демилегси менен кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булуң", "Токмок" автоунаа бекеттерин убактылуу жабылганын маалымдаган.

“Ак-Тилек” өткөрмө бекети.
“Ак-Тилек” өткөрмө бекети.

Кыргыз-казак чек арасында жети өткөрмө бекет бар.

Ал эми Чүйдөгү "Чалдыбар", Ысык-Көлдөгү "Каркыра" жана Таластагы "Чоң-Капка" бекеттери иштеп жатат. Бул бекеттерде тыгын жок. Учурда кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу.

13:31 7.1.2022

Токаев “конституциялык түзүлүш калыбына келгенин" билдирди

7-январда эртең мененки саат 7де Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “контртеррордук штабдын" жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Акордонун сайты маалымдады.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Контртеррордук штабдын" жыйынын өткөрдү. Нур-Султан, 7-январь, 2022 жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Контртеррордук штабдын" жыйынын өткөрдү. Нур-Султан, 7-январь, 2022 жыл.

Жыйынга президенттик аппараттын, Коопсуздук кеңешинин жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышкан.

“Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында конституциялык түзүлүш негизинен калыбына келтирилди. Жергиликтүү бийлик кырдаалга көз салып турат. Бирок террористтер дагы эле курал колдонуп, карапайым элге зыян келтирүүдө. Андыктан согушкерлер толугу менен жок кылынмайынча антитеррордук иш-чараларды улантуу зарыл”, - деген Касым-Жомарт Токаев.

Президенттин расмий сайты кайрадан ачылып, андагы маалыматтар жаңыдан бериле баштады. Буга чейин Акордонун жана башка сайттар, социалдык тармактар ачылбай жаткан.

"Азаттыктын" казак кызматы Алматы мэриясынын имаратындагы өрттү эч ким өчүрбөй жатканын билдирди. “Азаттыктын” Актаудагы кабарчысынын айтымында, Мангыстау облусунун акимиаты жабык турат.

Токаев бул жолу кайсы “террористтер” менен күрөшүп жатканын жана эмне үчүн аларды “жоочу” деп атаганын тактаган жок. Буга чейин ЖККУнун аскерлерин чакырган билдирүүсүндө казак президенти “чет өлкөдөн машыгуудан өткөн террордук топтор” менен күрөшүп жатканын айткан.

11:33 7.1.2022

Казакстандын башкалаасы Нур-Султанда эртең мененки саат 9дан тарта интернет иштеп калды. Бул тууралуу "Интерфакс" кабарчысы маалымдаган. Тургундар азырынча байланыш туруктуу эмес экенин жана чектөөлөр бар экенин айтууда. Телефон байланышы дагы үзгүлтүк менен иштеп жатат. Акыркы жолу интернет казак башкалаасында 6-январда саат 17:00дөн 19:30га чейин иштеген эле.

10:26 7.1.2022

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы Казакстандын Бирдиктүү маалыматтык системасы бузулгандыктан кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булуң", "Токмок" автоунаа бекеттерин убактылуу жабууну сунуштаганын билдирди. 7-январдан баштап аталган чек ара бекеттери жабылды.

Чүйдөгү кыргыз-казак чек арасында "Ак-Жол", "Ак-Тилек", "Чалдыбар", жана Ысык-Көлдөгү "Каркыра", Таластагы "Чоң-Капка" бекеттери иштеп жатат. Бул бекеттерде тыгын жок. Учурда кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу.

Кыргызстан Казакстандагы коомдук-саясий абалдын курчушуна байланыштуу кыргыз-казак чек арасынан өткөн жарандар үчүн милдеттүү түрдө коронавирус жоктугун тастыктаган ПЧР тестти көрсөтүү талабын жокко чыгарды.

Бул чечим кыргыз жарандары менен катар чет өлкөнүн жарандарына дагы тиешелүү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG