Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

03:31 7.1.2022

Бир канча күндөн бери нааразылык уланып жаткан Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш-аягы 2,5 миңдей аскери болот. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Станислав Зась Орусиянын мамлекеттик “РИА Новости” жаңылыктар агенттигине билдирди.

"Кырдаалга жараша иш кылабыз. Керек болсо, күчтөндүрөбүз", - деди Зась.

Ал Казакстанга ЖККУнун күчтөрүн жөнөтүү процесси 7-январда жыйынтыкталаарын, жалпысынан уюмдагы “бейпилдик күчтөрүнүн” саны 3,6 миңге жетерин кошумчалады.

6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйөө менен ЖККУдан жардам сураган. Бейшембиде Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түштү. Ошондой эле Армения, Беларус жана Тажикстан да Казакстанга “бейпилдик күчтөрүн” жөнөткөнү маалым болду.

Азырынча уюмга мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын аскерлери гана Казакстанга бара элек. Жогорку Кеңеш кворум жоктугунан бул маселени 6-январда карабай калды.

Бейшемби күнү Бишкекте Казакстанга аскерлерди жөнөтүүгө каршы акция өттү. "Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, Казакстанда коомчулуктун басымдуу бөлүгү да ЖККУ күчтөрүнүн өлкөгө киргизилишине терс пикирин билдирип жатышат. Change.org сайтындагы ЖККУнун чечимине каршы петицияга 6-январдын түнүнө карата 11,5 миң киши кол койду.

02:53 7.1.2022

Бийлик "антитеррордук операция" деп атаган, ал эми жарандык активисттер, журналисттер мародерлор жана башка ээнбаштык кылгандарга эле эмес, тынч митингдин катышуучуларына да багытталганын айткан Алматыдагы ок атуулар түн бир оокумга чейин уланды. Мындай билдирүүнү "Твиттерге" ВВС радиосунун журналисти жарыялады.

02:42 7.1.2022

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө нааразылык акциялары башталгандан бери миңден ашуун адам жаракат алганын билдирди. Алардын ичинен кеминде 400 киши ооруканага жеткирилген. Учурда 62 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Казакстанда демонстрациялар маалында ондогон адамдар мерт болгону кабарланып жатат. Алардын канчасы митингге чыккан адамдар экени так белгисиз. Ички иштер министрлиги 18 кызматкери каза тапканын маалымдаган.

"Азаттыктын" казак кызматы жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып, Алматы, Чымкентте жана Кызылордодо өлгөндөр бар экенин жазып чыкты. Алардын так саны белгисиз.

22:19 6.1.2022

Казакстандын Ички иштер министрлиги соңку окуяларда каза болгон полициячылар менен аскерлердин саны 18ге жеткенин билдирди.

Маалыматка караганда, Улуттук гвардия менен полициянын 748 кызматкери жаракат алды. Каршылык акцияларынан кийин тутанган тополоңго байланыштуу 2298 адам кармалган.

Министрлик карапайым адамдардын канчоосу каза болгону тууралуу маалымат берген жок. Күч органдарынын арасында өлгөндөрдү айтуу менен гана чектелүүдө. Буга чейин Алматы полициясы ондогон адам каза болгонун кабарлаган. Калаанын башкы аянтындагы атыш учурунда да окко учкан жарандар бар экенин журналисттер билдирип жатышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG