Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

03:09 6.1.2022

Алматы комендатурасы «антитеррордук» операция башталганын жарыялады

Алматынын комендатурасы тургундарды "сабырдуулукка жана коомдук тартипти орнотууда укук коргоо органдарына көмөктөшүүгө" чакырды. Бул тууралуу атайын билдирүүдө айтылат.

6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында Алматыда башаламандык жараткан топторду «анык террорчулар» деп атады.

-Мындан улам биз аларга каршылык көрсөтүү үчүн контртеррордук операция өткөрүшүбүз керек. Мен контртеррордук штабды жетектейм-деди Токаев.

Ошондой эле казак лидери мамлекетте тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун лидерлеринен жардам сурады.

Казакстандагы нааразылыктар учурунда сегиз полиция кызматкеринин өмүрү кыйылып, күч түзүмдөрүнүн 300дөн ашуун кызматкери жарадар болду.

Бир катар жергиликтүү басылмалар нааразылыкка чыккан жарандар арасында да курмандыктар бар экенин жазып жатышат. Оор жаракат алгандар жана оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендер жөнүндө да кабар тараганы менен расмий айтыла элек.

5-январда Алматы шаарында жарыяланган өзгөчө абал режиминин алкагында коменданттык саат киргизилди. Коменданттык сааттын убактысы түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин деп белгиленди. Шаардын коменданты болуп калаанын милиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов дайындалды.

03:05 6.1.2022

Карим Масимов Улуттук коопсуздук комитетинин башынан кетти

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы Карим Масимов Улуттук коопсуздук комитетинин башчылыгынан бошотулду. Анын ордуна буга чейин Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген Эрмек Сагимбаев дайындалды. Тиешелүү буйруктарга президент Касым-Жомарт Токаев кол койгону тууралуу маалымат 6-январда Акордонун сайтына жарыяланды.

56 жаштагы Масимов атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин бир нече жолу өкмөттү жетектеген.

Казакстанда атайын кызматтын жетекчилиги Алматыда «антитеррордук операция» башталган маалда алмашты.

5-январда Алматыда өзгөчө абал жарыялганына карабастан, желим таяк, калкандарды көтөргөн белгисиз адамдар шаар администрациясына кирип барышкан. Ошол эле күнү аэропорттун имаратын да басып алышканы маалым болгон.

Коменданттык сааттын убактысы түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин деп белгиленди.

02:52 6.1.2022

Токаев Алматынын жанында кармаш болуп жатканын айтты

6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Ал Алматыда башаламандык жараткан топторду «анык террорчулар» деп атады.

-Мындан улам биз аларга каршылык көрсөтүү үчүн контртеррордук операция өткөрүшүбүз керек. Мен контртеррордук штабды жетектейм. Булар анык террочулар. Учурда алар Алматы жана башка шаарларда башаламандык кылып жатышканы бизге белгилүү. Алар имараттарды, эң башкысы курал-жабдыктар сакталган жайларды басып алууда. Алар аскердик окуу жайлардын курсанттары менен кармашып жатышат. Учурда Алматынын жанында Коргоо министрлигинин аба-десанттык бөлүмү менен кармаш жүрүп жатат - деди Токаев.

Казак президенти ошондой эле «террордук топтор чет жакта катуу даярдыктан өтүп келишкенин жана Казакстанга болгон кол салууну агрессия актысы катары кароо керек экенин» билдирди.

01:21 6.1.2022

Казак президенти Токаев ЖККУга кайрылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун лидерлеринен жардам сурады. Бул тууралуу Казакстандагы Vlast.kz сайты жана бир катар телеграм каналдары 6-январга оогон түнү кабарлашты. Маалыматка ылайык, Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн топтор" уюштуруп жатканын билдирген.

“Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге таянуу менен мен бүгүн Казакстанга бул террордук коркунучту жөнгө салууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен ЖККУ мамлекеттеринин башчыларына кайрылдым. Чындыгында бул коркунуч эле эмес, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирүү”, - деп айткан Токаев.

Мунун алдында Беларусту узак жылдан бери башкарып жаткан Александр Лукашенко Казакстандагы кырдаалга байланыштуу президент Касым-Жомарт Токаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен өз-өзүнчө телефондон сүйлөшкөн.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары Назарбаевди кызматтан кетүү үндөгөн “Чал, кет!” деген сыяктуу чакырыктар айтылды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Алматыда дагы деле кырдаал курч экени кабарланып жатат.

Буга чейин Казакстандын мурдагы премьер-министри Акежан Кажегелдин сыяктуу бозгундагы бир катар казак саясатчылары президент Токаев көчөгө чыккан эл менен сүйлөшүүсү керек экенин айтышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG