Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

00:51 6.1.2022

Казакстандагы нааразылыктар учурунда сегиз полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу tengrinews.kz сайты өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянуу менен кабарлады.

Мурдараак казак президенти Касым-Жомарт Токаев да акциялар учурунда күч кызматтарынын арасында жоготуулар болгонун маалымдаган. Соңку маалыматтарда дагы 300дөй кызматкер жаракат алганы айтылды.

Ушуга улай эле бир катар жергиликтүү басылмалар нааразылыкка чыккан жарандар арасында да курмандыктар бар экенин жазып жатышат. Оор жаракат алгандар жана жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендер жөнүндө да кабар чыккан. Бирок жарандар арасындагы курмандыктар расмий тактала элек.

00:12 6.1.2022

23:44 5.1.2022

Алматы шаарынын борбордук аянтында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматынын кабарчыларына ок атылды. Бул тууралуу аталган кызматтын жетекчиси Төрөкул Дооров “Настоящее время” телеканалына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул окуя 5-январда митингчилер Алматынын акимчилигинин имаратына чабуул коюп жаткан маалда болгон. Белгисиз адамдар демонстранттарга жана журналисттерге да ок аткан.

Дооров кимдер ок чыгарганы так белгисиз экенин, себеби алар номуру жок автоунаада болгонун айтты. Азырынча журналисттерге кандай ок атылганы так эмес.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар атайылап журналисттерди бутага алган жана бул окуяга чейин ал автоунаа кабарчыларды аңдып жүргөн. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы жана оператору окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Төрөкул Дооров “Азаттыктын” Казакстандагы бюросунун иши жана интернет менен телефон байланышы үзгүлтүккө учураганын кошумчалады.

Буга чейин күч кызматкерлери “Азаттыктын” казак кызматынын журналисттеринен Нур-Султандагы имаратынан кечки саат 10го чейин чыгып кетүүнү талап кылып, болбосо таңга чейин кеңседен чыга албай каларын эскертишкен. Мындай талап коменданттык саатка байланыштырылган.

23:13 5.1.2022

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө абал режимин жарыялоо жөнүндө жарлыкка 5-январдын кечинде кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын akorda.kz сайты кабарлады.

Президент соңку нааразылыктардын фонунда алгач Алматы менен Маңгыстау облустарына, кийин Алматы шаары менен Нур-Султан шаарларына өзгөчө абал жарыялаган. Анын алкагында шаарларда комендантык сааттар киргизилүүдө. Режимдер 19-январга чейин деп белгиленген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG