“Дордойдун" ордун "Хоргос" басабы?
Казакстан менен Кытай чек арасындагы жалпы аянты 528 гектарды ээлеген "Хоргос" базары ачылганына бир жылга чукулдап калды. Базарга Кыргызстандан да соодагерлер каттап, товар алып келишет. Бирок базарда чоң соода кылууга казак тараптын чектөөлөрү мүмкүнчүлүк бербей жатканы “Хоргос” жакын арада “Дордойдун” ордун басат деген пикирлерди жокко чыгарууда.