Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

“Экстремизм” үчүн соттолгон казак активисттери бийликтин каарына калды


Дархан Уалиев
Дархан Уалиев

“Экстремизмге” такалган талаштуу мыйзамдарды бузганы үчүн соттолгон казакстандык активисттердин түрмөдөн кийинки жашоосу да кыйын. Алар “кара тизмеде" болгону үчүн бир катар чектөөлөргө кабылат. Human Rights Watch уюму казак өкмөтүн “башаламан” чектөөлөрдү жоюуга чакырды.

Саясий активист Дархан Уалиев убактылуу “жумуш ордун” көрсөтүп, муңайым жылмайды. Ал Алматынын чет жакасындагы эски имараттагы каралбай калган батирди оңдоп-түздөп жаткан экен.

Уалиев 2022-жылдын соңунда түрмөдөн чыккандан бери үй-бүлөсүн багыш үчүн эмне жумуш болбосун баш тартпайт. Бирок чектөөлөр өтө көп.

“Бир гана нак акча!”- деп оор үшкүрүнүп, онлайн төлөмдөр үчүн банк карталары бар досторуна көз каранды экенин айтат. Ал ошондой эле мурдагыдай такси айдай албайт.

“Мен бул өлкөнүн жаранымын, бирок банк эсебин ача албайм. Акча алмаштыруучу жайга барып, доллар сатып ала албайм”, - деди Уалиев өткөн айда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына курган маегинде.

“Жеке идентификациялык номурум блоктолгон. Машинемди камсыздандыра албайм, алтургай өз атыма кандайдыр бир мүлктү каттата албайм”, - деп кошумчалады ал.

Казакстанда полициясы өкмөткө каршы жүрүшкө катышкан оппозициянын тарапташтарын кармап жатат. 1-март, 2020-жыл. Алматы.
Казакстанда полициясы өкмөткө каршы жүрүшкө катышкан оппозициянын тарапташтарын кармап жатат. 1-март, 2020-жыл. Алматы.

Түйшүккө салган чектөөлөрдүн себеби эмнеде?

Казак өкмөтү Уалиевди “экстремист” деп эсептеп, “террорчулукту каржылагандардын” тизмесине киргизген. Каржы мониторинги боюнча агенттиктин веб-сайтынан "кара тизмеде" 1400дөй кишинин аты-жөнү бар экенин көрүүгө болот.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму өткөн айда Уалиевдикине окшош ондогон иштерге кириптер болгондор тууралуу отчет жарыялаган.

Уюмдун сунушунда казак мыйзамдарындагы экстремизм тууралуу “өтө кеңири” аныктаманы жана террорчулукту каржылагандардын тизмесине адамдарды киргизүү жолун кайра карап чыгуу чакырыгы камтылган.

“Казакстанда жарандар сөз эркиндигине, диний ишенимине жана тынч чогулуу укуктарын колдонгону үчүн “экстремизмге” же “террорчулукка” тиешеси бар айыптарга мыйзамсыз дуушар болуп, эми эч бир жүйөсүз каржылык чектөөлөргө кабылып жатканы абдан эле кейиштүү”, - деп жазды 27-августта баяндаманын автору Мира Риттманн.

Алматы шаарынын өрт каптаган мэриясы. 5-январь, 2022-жыл.
Алматы шаарынын өрт каптаган мэриясы. 5-январь, 2022-жыл.

Активисттен “экстремисткеайлануу

Уалиев террочулукту каржылагандардын тизмесине киргизилгенге чейин эле далай азап-тозокту көргөнүн айтат.

2022-жылы январь айында Казакстанда башаламандыктар тутанган кезде Алматы сотунун чечими менен "өлкөдө тыюу салынган уюмдун мүчөсү" деп айыпталып, сыноо мөөнөтү менен жазасын өтөп жаткан.

“Коше” (“Көчө”) деп аталган бул уюм өкмөткө каршы жалпы улуттук демонстрацияга элди чакыра баштаганда казак бийлиги 2018-жылы тыюу салынган өкмөткө каршы уюмдун жаңы версиясы катары аныкташкан.

Активисттер Астана шаардык сотунун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы боюнча алгачкы чечимин артка кайтарууну бир нече ирет талап кылышкан. Бирок бийлик чет жакта жашаган Мухтар Аблязовго тикелей байланышы бар топ боюнча чакырыктарга кулак салган эмес.

Казакстандагы адам укуктарына жана башкарууга байланыштуу кырдаалды жакшыртууну талап кылган Европа парламенти кабыл алган резолюцияларга ылайык, “Казакстандын демократиялык кыймылы” жана “Коше” партиясы тынч оппозициячыл кыймылдар деп сыпатталат.

2022-жылы Казакстандын батышында газдын кымбатташынан улам башталган башаламандыктар Алматыга жеткенин түшүнгөндө Уалиев саясий ишмердик менен алектенүүгө тыюу салган өкүмдү бузуп, нааразылык акцияларына кошулууну чечкен.

2022-жылы 5-январда демонстрациялар катуу кагылышуулар жана талап-тоноочулук менен коштолгон. Бирок Уалиевдин кандайдыр бир зомбулук акцияларына катышканы тууралуу эч кандай далил жок.

Анткен менен анын агасы зордук-зомбулуктун курмандыгына айланган.

Аслан Уалиев 238 киши набыт болгон окуяда октон көз жумган. Тополоң маалында бир нече күн бир тууганына байланыша албагандан кийин Уалиев жакындары менен шаардагы өлүкканаларды кыдырган.

Дал ошол маалда Дарханды полиция кармап кеткен. Активист полицияда кыйноого кабылганын айткан. Кийин ал бир жыл камакта отурган.

Ал камалгандан кийин гана агасынын өлүмү тууралуу ырастоо кагазын алган. Дархандын адвокаты Жанара Балгабаева активист менен жолукканда кыйноого кабылганы байкалып турганын билдирген.

Январь окуяларында кармалгандарды кыйнаганы үчүн полициянын, атайын кызматтардын 30дай өкүлү эркинен ажыратылган жана башка жазага тартылган. Башка да иштер каралып жатканы маалым. Казактар бул окуяларды “Кандуу январь” деп атап коюшкан.

Анткен менен укук коргоочулардын ырасташынча Казакстанды бир сыйра титиреткен окуяларда бул сандар бийлик өкүлдөрү жасаган кыянатчылыктын чыныгы масштабын көрсөтпөйт.

Мыйзамдарды кыянат пайдалануу

Январь окуяларынан кийин көптөр үмүттөнгөндөй саясий активдүүлүк үчүн айдың кеңейген жок. Президент Касым-Жомарт Токаевдин бийлиги маалында кабыл алынган коомдук чогулуулар тууралуу мыйзам өлкөдөгү саясий эркиндикке кандайдыр бир реалдуу таасир эткенине далилдер андан дагы аз.

3-сентябрда Токаев калкка жасаган кайрылуусунда “коомдо талкуу жараткан суроолорду анчейин жакшы түшүнбөгөн жоопкерчиликсиз популисттерди” сындап, алардын “демократияга эч кандай тиешеси жок экенин” кошумчалады.

Токаев жана Январдагы фейктер. Президенттин далилденбеген сөздөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:30 0:00

Анткен менен, HRW уюмунун отчетунда белгиленгендей, активисттер туш болуп жаткан чектөөлөр “демократияга такыр эле коошпогондой”.

Уюмдун маалыматына караганда, отчет үчүн каралган 20 иштин дээрлик баардыгы "экстремисттик" деп сот тыюу салган “диний же коомдук бирикменин ишмердигине аралашуу же уюштуруу”, “социалдык, улуттук, уруулар аралык, расалык же экстремисттик кастыкты козутуу”, “террорчулукту пропагандалоо же террорчулук акты уюштурууга ачык чакыруу” сыяктуу үч берене менен козголгон.

Эл аралык уюмга Казакстандын Тышкы иштер министрлиги жылдын биринчи жарымында берген маалыматка ылайык, “террорчулукту каржылоо” тизмесине кошулган жарандардын баары ушул үч айыптын бири менен жоопкерчиликке тартылган.

Оппозициядагы активисттердин акыбалына көз салып келген “Азаттык” радиосунун казак кызматы буга чейин “экстремисттик” кылмыштар үчүн соттолгон жарандар экономикалык чектөөлөргө кабылганын чагылдырган.

HRW белгилегендей, 2009-жылы кабыл алынган "арам акчаны адалдоо жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесине ылайык соттолгондордун баары автоматтык түрдө бул чектөөлөргө кабылат.

“Террорчулукту каржылагандардын” тизмесине кошулгандар соттуулугу жоюлмайынча андан чыгарылбайт. Уюмдун билдирүүсүнө караганда, соттолгондор жазасын өтөп чыкканын соң "кара тизмеден" чыгарууну өтүнүп, арыз жаза алышат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосуна HRW уюмунун баяндамасы туралуу курган маегинде укук коргоочу Евгений Жовтис бийликтен бул боюнча “кандайдыр бир реакция болорун” деле күтпөй турганын айтты. Анын сөзүнө караганда, бийлик укук коргоо уюмдарынын билдирүүлөрүнө “көз жумганга көнүп калган”.

“Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине караштуу Террорчулукка каршы күрөшүү комитети бар. Террорчулукка каршы күрөшүү шартында адам укуктарын жана негизги эркиндик баалуулуктарын коргоо маселелери боюнча БУУнун атайын баяндамачысы бар, Террорчулукту каржылоого жана арам акчаны адалдаштырууга каршы күрөшүү тобу бар. Казакстан өкмөтү террорчулукка каршы күрөшүү жана арам акчаны адалдоо мыйзамдарын, жумшак айтканда, кыянатчылык менен пайдаланып жатканы үчүн мына ушул уюмдардын баарынын кескин сынына кабылган. Бул [уюмдардын сыны] Казакстандын бийлигине кандайдыр бир таасирин тийгизиши ыктымал”, - дейт Жовтис.

Казакстан: Кенч үстүндөгү кедей айыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:30 0:00

XS
SM
MD
LG