Асанбек Тезекбаев сатиралык кыска аңгемелердин чебери эле. Анын аңгемелеринде айыл турмушу, андагы адамдардын кулк-мүнөзү жумшак юморго ширетилип, сатиранын илеби уруп турчу. Бул ирет жазуучунун “Касиеттүү түкүрүк” аңгемесинде козголгон көйгөй жайында кеп кылабыз.
Пенде баласы жерден боорун көтөргөнү көңүлүнө жаккан, жан дилине шай келген өнөргө ыктайт. Асанбек Тезекбаевдин каарманына атасы кичинекейинде “ушу сен акын болосуң” деп койгон экен. Ошол сөз чоңойгончо эсинен чыкпай, бу улуу өнөрдүн ээси болгусу келип жүрдү. Акындык баарына эле бериле бербеген, Мидин айтмакчы, табиятынан көркөм сөзгө жакын “чымындуулардын” гана энчисине берилчү шыбага. Жөндөм-шык кичине кезинен эле билинет. Акындык дээринде болсо ал эртеби-кечпи бир күн жанар тоодой атылып чыгат. Табигый шык-жөндөм акыры көркөм өнөр айдыңына алып келмейин койбойт.
Каарманыбыз Сапардын эмнеликтен акындыкка талпынышынын жөнү деле жөнөкөй экен. Көрсө, ал оозуна эмне келсе ошону жамактап, үнүн бийик чыгарып кошуп, кыңылдап ырдап калчу. Мына ушул угут аны акындыкка жетелеп, делебесин козгоп, талпынта баштаптыр. Баласынын кыңылдап ырдап калганына, оозуна келген уйкаштарды салып уруп жамактап ийгенине атасы жетине албай, “уулум акын болот” деген үмүткө алданып, келечегине аныктап атпайбы. А бирок, акын болчу Сапардын жолу болбой, жигиттик куракта өзгөчөлүү өнөрү билинбеди. Жыйырма беш деген жаш деле тез эле өтүп кетет экен. Артынан отуз жаш демитип, убакыт болсо колдон суурулуп изин суутуп атыры, бирок акындыктан шек-шыбаа жок. Отузунда деле акын болбоду. Сапар атасынын курбалдашынан акыл суроону чечти.
“Менден акындык үмүтүн үзбөй жүрүп курган атамдын да көзү бу дүйнөдөн өтүп кетти. Мен ата мурасын унуткан жокмун. Кантсе да “акын” аталып калууну самадым. Бир күнү атамдын жакшы санаалаш Карагул деген досу бар эле. Ошого барып, канткенде акын болом, – деп кеңеш салсам ал мага минтет:
- Акын болуу оңой. Сенин атаң калк арасында кадырлуу болгону менен, алысты көрө билбеген сокур киши болучу. Сен атамды жамандады деп капа болорсуң. Карагул унчукпастан отуруп калды.
- Жок, Каке, жок... Атайы кеңеш укканы келип кантип капа болоюн.
- Анда болуптур, уулум.
- Сен Кенжебек комузчуну билчү белең?
- Билбей анан. Кийин мен эс тартканда өлдү го.
- Эмесе ошол Кенжебек, туура кырктын кырында комузчу болгон. Сен азыр араң эле отуздун бешөөнө барыптырсың. Акын болосуң, - деди кытмыр күлүп”.
Баары түшүнүктүү болду окшойт. Болочок акынга үлгү болчу, жол көрсөтчү өнөр адамы бар тура. Ошол айылдагы чоң комузчу Кенжебектин атасы Керим илелүү киши болгонун айтышат. Бир нерсени билгени, туйганы үчүн ал киши аймакка белгилүү бир комузчудан ырымга деп комуз сатып алып келип, үйүнүн төрүнө илип коюп атпайбы. Кенжебектин аны менен иши деле болбойт. Баласынын комуздан башка эрмектери толтура болчу. Анан ошол комуз төрдө илинип тура берет, убакыт болсо өтө берет.
Караса Кенжебектин жашы отуздан ооп, өнөрүнүн шек-шыбаасы билинбей, окшош күндөр жылдарды ээрчитип кетип атат. Жөн отура берсе эч нерсе өзгөрбөсүнө көзү жеткен ата бир күнү баягы илинип турган комузду алып Кенжебектин жаздыгынын алдына нан менен кошо жаздап коёт. Илелүү кишиден айла качып кутулбайт. Жалганы-чынын ким билсин, ошондон Кенжебектин түшүнө комуз кирип, ойгонуп алып комузду колуна алып шартылдатып чертип калганы айтылат.
Басса-турса “ай, иттики ай, ушу баламан комузчу чыкпады” деп кейиген атасын кубантып Кенжебек тез эле айылында чоң комузчу атыгат. Башта-кийин комуз менен иши жок жөнжай адам “Камбаркандан” баштап “Шалкы күүгө” чейин чертет. Кенжебектин жайын айткан Карагул аксакал: “Башка эмне дейин. Бизде акын дегендер толуп жатат. Калган аракетиң өзүңдө”, - деди. Ушул сөз Сапарды катуу ойлонтту. Мурда эмнеге муну ойлободу экен? Эртерээк ойлонсо минтип отузду оодурбай акын болуп калар беле?!
Түштөр
Карагул аксакалдын айтканы деле туура. Ким эле эңсеген өнөрүнүн чокусуна алеки саатта жетип алды экен? Булактын көзү деле сааты келгенде ачылат. Сүйлөй-сүйлөй чечен болот. Акын деле жаза берсе, жаза берсе акыры бир нерсе чыгар. Кенжебектики жакшы, комузду башына жазданып жатып, анысы түшүнө кирип, ойгонуп алып белгилүү күүлөрдү шартылдата чертип калганы таң каларлык. Сапар көпкө ойлонду.
Айтса, айтпаса төгүнбү? Акындардын да оозуна “түкүрөт” дечү эмес беле?
Менин оозума түкүрөр акындардын баары бул дүйнөдөн өтүп кетишкен.
Эмнеси болсо да китептерди жазданып жатып бир уктап көрөйүнчү. Токтогул, ал болбосо Калык, Калык болбосо Алымкул, анысы болбосо Осмонкулдун бирөө түшүмө кирер.
Кантип эле Мидин менен Райкан унутуп калышсын, жок дегенде ошолор да оозума түкүрөр деп ойлодум.
Биринчи күнү түшүмө жалаң эле аялдар, кемпир-келиндер, картаңы-жашы, кара-торусу, ак билеги, бойдогу-бойдок эмеси кирип жатып алса болобу?
Өзгөчө биздикине өрүлүктөп келген Айнаш түшүмдүн тең жарымын ээледи го, чиркин.
Сапардын айласын алты кетирген ушул Айнаш болду. Күндүз келгенде байкабаптыр, бу балакет кыз аябай сулуу тура. Жаркылдап-жайнап келип Сапарды түз эле “ыр көлүнө” кетели деп азгырбадыбы. Ырды айткандан кийин баягы сулуу өңү жок “жез тырмактын” эле өзү болуп калды. Азыр эле “учабыз” дейт. “Ыр көлүнө” учуп барышат окшойт.
Сапар да учууга беленденип, сүйүнүп кыйкырып жиберип жанындагы аялын ойготуп алды. Кызык түштү бузуп койгонуна нааразы болуп кайра көзүн жумса, о кудурет, жанагы түшү уланып кеткени. Сапардын сүйүнгөнү ушунчалык, “ыр көлүн” көрсөм дегенде эки көзү төрт. Бирок ал сыйкырдуу көлгө эмес эле кара сазга конуп, буту тыгылып, уламдан-улам сорулуп баратты. Чочуп ойгонуп кетти.
“Ыр көлү” дегени сормо сазга айланып, аз жерден тыгылып кала жаздап, алка-шалка терге түшүп ойгонду. Дагы жакшы, аялы атын айтып түркүлөп ойготуп ийбесе сазга сорулуп кетер беле! Балакеттүү Айнаш, жаңы тирлик буларды өрүлүктөп келгени менен ичи тар окшойт, түшүнө сулуу болуп кирип, анан азыткыга айланып, аз жерден кара сазга тыгып таштап кете жаздады. Аялы ойготуп жаны калды, болбосо сазда тыгылып калса ким куткарат эле?!
Сапардын ыр талаасын көргүсү келген кийинки түштөрү да ийгиликсиз аяктады. Түшүнө кайдагы бир бөйөн-чаян, арбак урган күрөң бука менен көк эшек кирип, уйкусу тынч болбой кыйналып чыкты.
А бирок, тилек менен каалоо болсо түшкө керектүү кишилериң кирет экен. Сапардын түшүнө да ыраматылык Ыйманкул, бейиши болгур Бейшенкул, азыркыдан Адамкул үчөө кирип, сенде “кайнаган талант”, “оргуштаган шык”, “жагымдуу музыка болчу эле” дешип, оозуна "түкүрүп" кетишти.
Эртең менен турса эле оозуна ыр келип, кагаз-каламын алып жазып калыптыр. Капырай, кагаз түк келбей атканын карасаң, тимеле шурудай чубурат. Чарчагыча жазып, ырга шыкалган дептерлерин алып жазуучулар уюмундагы адабий кеңешчиге келди.
Анын ырларынын тагдырын эми ушул киши чечет, жарайт десе басмага берилет, гезит-журналдарга чыгат. Анан Сапардын аты “дүңк” эле дей түшөт. Ушундай акын бар тура, эмнеге мурда байкабадык экен деп артынан окурмандары чуркап, редакциялар жаңы жазгандарын сурап, сынчылар айга-күнгө теңеп макташып, Кудай бетин салбасын, жер баспай калат го.
Бирок адабий кеңешчи негедир пикирин ачык айтпай, кыйлага үн-сөзсүз отуруп калды. Кантип айтсам деп кыйналды окшойт.
- Сага эмне десем. Сага кандай кеңеш берсем.
Жарабайт дегенге оозу барбады.
- Сапар! – деди мага тиги киши. Мен анын атын да сураганым жок.
– Сенин ырларың Ыйманкулдун – “ылаң уйкашына”, Бейшенкулдун – “белен” уйкашына, Адамкулдун “ак ырына” толгон экен. Алар кимдер, ырлардан “попури” жазгандар. Тиги акындын тигинисин, бул акындын мунусун кымтып ала койгондор.
Ал эми керт баштары ичкичтер, адам чегинен чыккан кызыл кулактар. Аягында үчөөнө тең шамалдын эпкини тийген оолукмалар.
Сендеги ырдын океаны “Манасты”, кыргыздын классик акындарынын ырларын, Мидин, Райкандын куйкум сөздөрүнө толгон сатирасын, азыркы жаш акындардын канаттуу поэзиясын, деги эле дүйнөлүк акын классиктердин чыгармаларын окудуң беле?
Окуган эмес да, окуса тигинтип жорго салышка түшүп жортуп кете бермек эмес. Адабий кеңешчинин пикири Сапарды бир алдын таң калтырды, анан жинин келтирди. “Көрө албастар” деди ичинен. Өздөрүн гана ойлошот, антпесе жаңыдан чыгармачылыкка кадам таштап аткан үйрөнчүк калемге минтип катуу айтпайт болчу. Бул ырларды жазыш үчүн ал канча түн кыйналып акын издеп, анын “касиеттүү” түкүрүгүн күткөнүн бул адабий кеңешчи түшүнбөйт тура.
Бул киши өзү ыр деп жатып түш деле көрбөсө керек. “Редакторлор баары бир гезитине басышпайт, алардын деле көзү бар” деп атпайбы. Жолдошторун катарга тургузуп арыштап басалы, ылдамдап шашалы дегендин эмнеси жаман?! Эмне үчүн муну жаңы табылга дебейт?
Адабий кеңешчи болгону менен чыгарманы билбеген неме окшойт. Ушундайлардын айынан акын-жазуучулар аз чыгып жатат. Сапар ойлуу отурган кеңешчиге алигиче “эски сары журттан көчө албай” отурасыңар деди. “Ичиңерден кара таруу айланбайт, өзүңөрдү гана ойлойсуңар" деди. Сөз жебеген неме окшойт, тиги күлүп жиберди:
- Жаңылышасың жигит. Жаңылышасың. Жакшы ырга жан кубанат, жүрөк сүйүнөт, музыка чыгат, канат бүтөт.
А сенин бул ырларыңа бороон улуп, шамал ышкырат, итиркейиң келет. Адам чыйрыгат. Мына, окуп көрөлү, өзүң калыс болуп көркөмдүгү эле эмес, уйкаштыгын кара:
Көрөйүн, берейин, келейин, дебейин,
Капкара, азгана, жазгана, маскара.
Ачпасам, шашпасам, баспасам, жазбасам,
Айтпайын, сатпайын, сактайын, жазбайын, - деп келип, аягында муну туура айткансың:
Акын деп мени айтпасаң,
Абийирди сомго сатпасаң,
Экинчи келбейм алдыңа,
Аясаң, агай сактасаң.
Карартпай жүздү көп элге,
Колуңдан келсе жазбасаң.
Мага ушул гана ырың жагат. Акындык – бул талант. Талант дегенибиз туура, жамоо, эптеп сөздөрдү кураштыруу, комузду көтөрүп алып кыдырып ырдоо эмес”.
Мына бул соңку саптар автордун өзүнүн чыгармачылык чын сыры, кредосу. Асанбек Тезекбаев табиятынан көркөм сөз жандуу, чыгармачылыкка аздек мамиле кылган сүрөткер болгон. Анын чыгармаларынан айылдын керемет турмушу, баары ачык адамдардын жан-дүйнөсү, мамиле-катышы, өзгөчөлүгү көркөмдүк жагынан ынанымдуу сүрөттөлгөн.
Коммунисттик доордо жашап анын жалындуу үгүтчүсүнө айланбай, көркөм чыгармачылыктын асылдык кунун бийик тутуп жашаган.