Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:48

Караганды: 40тан ашык өмүрдү жалмаган шахтадагы жарылуу


Караганды. 28-октябрь, 2023-жыл.
Караганды. 28-октябрь, 2023-жыл.

Караганды облусундагы Костенко атындагы шахтада каза тапкандардын саны 45ке жетти. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыкта белгисиз болуп жатканы айтылган акыркы киши изделип жатканын билдирди.

Костенко шахтасындагы 28-октябрга караган түнү жарылуу болгон. Кырсык учурунда жер астында 252 кенчи болгону, алардын 206сы өз алдынча чыгып кеткенге жетишкени. Калгандары сыртка чыга албай калган.

«Каза тапкандардын тек-жайын аныктоо кыйын болууда»

Куткаруучулардын маалыматына караганда, шахтаны суу каптап, электр энергиясы жок болгондуктан издөө иштери кыйын болуп жатат. Мындан тышкары шахтадагы талкаланган жабдуулар жана урандылар дагы кошумча түйшүк жаратууда.

Караганды: Шахтадагы кырсыкта ондогон киши набыт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

Жарылуудан улам сөөктөрдү таануу иштери дагы оор болуп жатканы, алардын тек-жайын ДНК аркылуу аныктоо маселеси каралып жатканын ал жерде иштеп жаткан комиссиянын өкүлдөрү билдирип жатат. Шахтанын директору Сергей Мустивко буларды маалымдады:

"Тергөө органдары сунуштарын айтып жатышат. Маркумдардын жакындарынан кан алуу керек болот. Мисалы, энесиники болгону маанилүү. Муну менен 97,3 % аныкталат. Жакында жарыялайбыз, балким туугандарынын канын алып, текшеребиз. Азыр так датасын айта албайм, бирок мунун баары тез арада жасалат".

Компания чыгымдарды төлөй турганын билдирди

Кенди иштеткен "Арселор Миттал Темиртау" компаниясынын өкүлү Елена Винокурова каза болгон кызматкерлердин жакындарына моралдык, материалдык чыгымдар толугу менен төлөнүп берилерин билдирди.

"Бардыгыңыздарга өз атымдан жана компаниянын атынан көңүл айтам. Албетте, бул жоготуунун ордун толтуруу мумкүн эмес. Бирок компания маркумдарды акыркы сапарга узатуу боюнча бардык чыгымды көтөрөт. Жумалыгын, кыркылыгын, жылдыгын өткөрөбүз, эстеликтерин тургузуп беребиз. Моралдык чыгым катары ар бир кызматкердин он жылдык айлык акысы жакындарына төлөнөт. Ар бир үй-бүлөгө батирлерди алып беребиз. Сиздер жана балдарыңыздар зарыл болсо, компанияда жумуш менен камсыз болот. Балдарыңыздарга жана өзүңүздөргө эс алуу жайларына жолдомолор берилет".

Эки күндөн бери шахтанын имаратындагы залда кабар күтүп олтурган кенчилердин үй-бүлөлөрү бул сөздү уккан соң жарыла чуркурап ыйлап жиберишти. Алардын айрымдары “кантип сүйлөп жатасыздар, уятыңыздар барбы деги” деп нааразы болуп, бири-бирин соорото албай жатышты.

28-октябрга караган түнү жарылуу болгон шахтада жалпы 1400 кызматкер иштейт. Кырсык болгон кезде жер астында 252 кенчи иштеп жүргөн. Алардын 206сы өз алдынча жер бетине чыкканы, калгандары сыртка чыга албай калганы кабарланган.

Алдын ала маалымат боюнча, жарылууга көмүр казанынан чыккан өрт себеп болгон. Кырсыктын себебин изилдөө жана кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, жеринде иштеп жатат. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Кылмыш кодексинин “Тоо-кен же курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө баштаганын кабарланды.

28-октябрда казак президенти Касым-Жомарт Токаев кырсык болгон шахтага барып, маркумдардын жакындары менен жолугушуп, аларга көңүл айтты.

"Бул трагедия, мен баарын түшүнүп жатам. Ошондуктан атайын келдим. Бардык зарыл чараларды көрөбүз. Жабыкаркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам беребиз. Бүгүн мен бул инвестициялык компания менен кызматташууну токтотуу тапшырмасын бердим. Биз көп компанияларды көргөнбүз. Бирок бул биздин тарыхыбыздагы эң начар компания болуп калды".

29-октябрь - Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кендеги кайталанган кырсыктар

Бул окуя "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык "Казакстан" шахтасында болгон кырсыктан эки ай өткөндөн кийин кайрадан кайталанып олтурат.

Ушул жылдын август айынын ортосунда ал жерде болгон кырсыкта беш кенчи каза тапкан. Өткөн жылы ноябрь айында Ленин атындагы шахтада болгон кырсык беш өмүрдү алса, андан жарым жыл мурда Темиртау металлургиялык комбинатында конструкция кыйрап, төрт киши өлгөн.

Мурдагы жылдары болгон кырсыктарды бийликтер "күтүлбөгөн кырсык" деп атап келген. Ардагер кенчилер жана карагандылык коомчулук мындай түшүндүрмөнү сындап, шахтада коопсуздук маселесине келгенде акча үнөмдөлүп, компания кенчилерге кам көрүү ордуна көбүрөөк пайда табууга ыктап калганын айтышкан.

Быйыл жогорку кызматтагы аткаминерлер августтагы кырсыктан кийин күн тартибинде шахта менен комбинаттын "кожоюнун алмаштыруу" маселеси турганын айта баштаган. Буга алар "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы модернизация жана инвестиция боюнча милдеттерин аткарбай жатканын жүйө келтирген. Бирок андан бери чечкиндүү аракеттер байкалган эмес. 19-сентябрда өнөр жай жана курулуш министри Канат Шарлапаев журналисттерге жолукканда кенди улутташтыруу жөнүндө сөздү четке кагып, мындай кадам "инвестициялык климатка" сокку урарын айткан.

Теги индиялык британ миллиардери Лакшми Митталга таандык "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы жекшембиде мындай билдирүү таратты:

"Абалды турукташтыруу боюнча маанилүү аракеттерге карабастан биз казак өкмөтү менен операциянын туруктуулугун камсыздай турган, алдыга жылчу жаңы жол табууну макулдаштык. Бир нече ай мурда биз "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына болгон менчик укугун кайра өкмөткө берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганбыз. Өткөн аптада, бул кырсыктын алдында биз принципиалдуу макулдашууга кол койгонбуз", - деп жазылган маалыматта.

"АрселорМиттал Темиртау" компаниясы ири активге - Карагандыдагы сегиз көмүр шахтасына, союз маалында курулган комбинатка, тоо-кен байытуу фабрикасына жана Темиртаудагы инфраструктуралык объектилерге ээ. Булардын баары анын колуна 1990-жылы өткөн. Келишимдин суммасы ачык айтылган эмес.

Расмий маалыматтарда "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын объектилеринде акыркы 15 жылда 100дөн ашуун адам каза тапкан. Ишемби күнү болгон каргашада тизмеге дагы 40тан ашык кишинин ысымы кошулду.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG