Экологиясы эңшерилген Кара-Кече
14-сентябрда Дыйкан-Кара-Кече жолуна түшкөн жер көчкү дагы эле токтой элек. Адистер Жумгалдагы кырсыкка экосистеманын бузулушу себеп болгонун айтышууда. Анткени Кара-Кечеде мамлекеттик көзөмөл жок болгондуктан көмүр ар кайсы жерден казылууда дешет. Ошондой эле көмүр казган компаниялар кенден чыккан калдыктарын мөңгүнүн суусуна төгүшөт.