Эки жыл мурда башталган ротациялык дайындоолор эмне үчүн уланган жок? Депутатты өкмөт мүчөлүгүнө алып келүү тажрыйбасы өзүн актадыбы же партиялык, кландык мамиле үстөмдүк кылып жатабы?
«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин экс-спикери Алманбет Матубраимов жана Башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев катышты.
«Азаттык»: - Алманбет мырза, мындан эки жыл мурда Ош, Ысык-Көл облустарынын жетекчилерин дайындап жатканда, ротациялык жол менен жетекчилерди коюу уланары айтылган. Ал тажрыйба эмне үчүн уланган жок?
Алманбет Матубраимов: - Биз кадрдык саясатка, анын ичинде ротацияга кеңири мааниде карашыбыз керек.
Кыргызстанда улуттук кадрлардын негизги бөлүгү айылдардан чыгып келген. Тарыхтын ченеми менен алсак, биздин интеллигенция, коомдун алдыңкы өкүлдөрү кечээ эле Бишкекке келип, орун-очок алып калыптанып жатат. Ушул борбордон өсүп, ушул жерден тарбияланып, министр же депутат болуп жатышат.
Ооба, кадрларды ротация аркылуу дайындап көрөлү дешти, күч түзүмдөрүн да ошентип көрүштү. Менимче, кадр дегенди жек-жаатына, туулган жерине карап койбош керек, анын кесипкөйлүк сапаттарына көңүл бурушу керек.
Тарбияланган, такшалган адистерди анын туулуп-өскөн жерине карап «биздин кулун» деп бир өрөөнгө менчиктеп албай, ал кадр жалпы Кыргызстанга кызмат кылат, жалпы өлкөгө таандык деп айтышыбыз керек. Кайсы райондон эмес, улутуна, жаш курагына, аял-эркегине да карабаш керек, жөнөтүп жаткан орунга татыктуу экендигин эске алышыбыз керек. Тилекке каршы, андай болбой жатат.
Кадр кызматы деген мамлекеттик орган бар. Ал эмне кылып жатат, кимди, кантип тарбиялайт, дайындайт - буларды билбейбиз. Иштин көзүн билген, реформаторлук жөндөмү бар кадрларды дайындасак жакшы болмок.
Алмазбек Акматалиев: - Маселе кадрларды түндүктөн түштүккө алып келип дайындап койгондон чечилбейт. Ротацияны көп ыкманын бири катары эле колдонсо болот.
Кыргызстандын премьер-министри азыркы күндөгү ыйгарым укуктарына ылайык 480 кызмат орунга жетекчилерди дайындайт, бошото алат. Облус, район жетекчилерин дайындоо да ошонун ичинде. Тилекке каршы, "Ошол 480ден ашык кызмат орунга кандай негизде тандалат, кантип дайындалат, кандай учурда бошото алат, кадрлардын резерви барбы?" деген суроолорго жооп боло турган укуктук-нормативдик документ жок.
Мен Башкаруу академиясынын ректору катары азыркы жетекчилер кандай принциптер менен тандалып жатканы тууралуу маалыматым жок. Биздин академия өлкөнүн кадр саясаты боюнча өз сунушубузду бергенбиз, пикирлерибиз кабыл алынып калат деген үмүттөбүз.
Эң башкысы өлкөдө кадрлардын сапатын жакшыртабыз десек, өкмөттө кадрлар боюнча резерв болушу керек. Аларды бийликтен, жарандык коомдон, юристтерден турган абройлуу комиссия аркылуу тандаш керек. Аларды бир-эки айлык окуулардан өткөрүү керек, чет өлкөлөргө жиберүү керек. Жер-жерлерге такшалуу (стажировка) мектептерине да жөнөтсөк болот. Аларды ушинтип тапташ керек.
Президент өкмөттүк аппаратка, башка мамлекеттик органдарга дайындоодо резервдеги кадрларды караш керек. Андай кадрдык резерв болмоюнча бул тармакта түшүнүксүз, башаламан нерселер болот берет.
«Азаттык»: - Алманбет мырза, жакында пандемияга байланыштуу оор учурда эки вице-премьер-министр кызматына Жогорку Кеңештин депутаттары дайындалды. Ушул тажрыйба өзүн актадыбы, жаңы келген жетекчилер өз жөндөмүн көргөзө алдыбы?
Алманбет Матубраимов: - Парламентте өкмөттүн ишин көзөмөлгө алганга, ага байланыштуу көп маселелерди чечкенге укугу бар. Бирок бийликтер ортосунда Конституция боюнча ыйгарым укуктары туура эмес болуп калган учурлар бар. Баш мыйзамда үч бийлик бар. Иш жүзүндө төрт бийлик болууда. Өкмөт да өз укуктарын толук пайдалана албай жатат.
Азыр "өлкөнүн ички-сырткы саясатын өкмөт аныктайт" деп Конституцияда жазылган. Эки депутатты «жаш экен, ушундай пандемия шартында жоопкерчиликтүү иштеп беришет» деген ишеним менен алып келишкендир. Бирок, көпчүлүк коалициябы, оппозициясыбы кызматтарды бөлүштүрүп алышып, «эмне болсо да бизден болсун» деп, туура эмес иштерди жасап жатышат. Мурда кадрларды көрсөтүп жатканда көп электен өткөрүп, толгон суроолорду берип, иштей алабы, жокпу сынап көрүп, анан дайындачу эле.
Алмазбек Акматалиев: - Албетте, өкмөт башчы кадр маселесин өз алдынча чечиши керек, ага укугу бар. Азыркы жогорку кызмат орундарын негизинен төрт орган чечет.
Депутаттыктан министрлик кызматка баргандар бул убакка чейин деле болгон. Министр саясий кызмат болгондуктан алардын тагдыры президенттик аппараттын, өкмөт башчынын, парламент спикеринин жана фракциялардын элегинен өтүп чечилет. Бул башка деңгээл. Ал эми мен жогоруда кеп кылган 480 кызматтын баарына дайындоо укугу өкмөт башчыга берилген. Бирок ал жерде туруктуу система жок, жобо жок, маселе ошону түзүп калыптандырууда турат.
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.