Жыргалаңдагы көмүр кендин ишке кириши тууралуу президент Садыр Жапаров 6-августта "Кабар" маалымат агенттигине түшүндүмө берди.
Анын маегинен кийин Ысык-Көлдөгү “кара алтынды” президенттин иш башкармалыгында иштеп кеткен Марат Турсунбековго тиешелүү компания каза баштаганы белгилүү болду.
Аталган көмүр кени убагында Жапаровдордун үй-бүлөсүнө да таандык болуп, агасы Сабыр Жапаров башкы директордун орун басары болуп турган.
Өкмөттүн пиары, тараптардын пикири
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-августта Жыргалаңдагы көмүр кенге барган. Бул окуяны өкмөттүн маалымат кызматы “12 жылдан бери токтоп турган “Жыргалаң” көмүр кени иштей баштады” деген таризде чагылдырды. Бирок мындай дымактуу билдирүүдөн кийин талаш-талкуу күчөп, кендин тарыхын билгендер маалыматты четке какты.
Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазды:
“Көзгө көрүнөрлүк иштер аткарылып жатканда ушундай майда-барат жалган айтылган маалымат элди иренжитип, ишеничти кетирет. Ишке кирди деп айтылып жаткан кичи шахта Бакыт Дөргөев ачкан "Дөргө-көмүр" ишканасы, алына жараша иштеп эле келе жаткан, чамасы чакан шахта. Ал жерде көп эле жолу болгом. Ал эми айтылуу "Жыргалаң көмүр шахтасы" иштебей калган, азыр деле ичине суу толуп ошол бойдон турат. "12 жыл иштебей калган шахта кайра иштеди" дегенди уккан аксуулуктар, жыргалаңдыктар эмне дешет болду экен?”.
Жыргалаң көмүр кенининин тарыхына көз чаптырсак, анда мурдатан эки компания иштеген. Булар Садыр Жапаровдордун үй-бүлөсүнө таандык делген "Шахты Жыргалаң" ачык акционердик коому жана жергиликтүү тургун Бакыт Дөргөев негиздеген "Дөргө көмүр" компаниясы.
Бирок эки компания тең кийин ишин токтотуп, бир нече жылдан бери көмүр казылбай калган.
Коомдогу талкуудан кийин Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек курду. Анда 2014-жылы кенди криминал тартып алганын, кийин бийликке келгенда агасы “кайра алам” деп чыкканда макул болбой койгонун айтып берген.
"Мурдагы жылы мага бир бизнесмен келип, “мен алып иштетейин” деп сурады. “Эгер иштетип кетериңе көзүң жетсе, ала бер. Мамлекетке иштеп турганы пайда” дедим. Ошентип, азыр Марат деген бизнесмен иштете баштады. Эки жылдан бери даярдоо иштерин жүргүздү. Орус-Кыргыз фондунан 1 миллион 700 миң доллар кредит алып, акчанын чыпчыргасын коротпой, Орусияга заводго которуп, конвейер системасын алып келди. Кытайдан өз акчасына көмүр казган комбайн жана башка керектүү техникаларды толук алып келди. Эми, Кудай буюрса, мындан ары Жыргалаң шахтасы бери дегенде 20 жыл токтоосуз иштеп кетет".
Садыр Жапаров ишкер деп атаган жаран Марат Турсунбеков экени белгилүү. Ал Жыргалаңга барган Акылбек Жапаровду жандап, кендин иши менен тааныштырып жүргөн.
Түбү Турсунбековго барып такалган компания
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 1 млн 700 миң доллар насыя алып, Жыргалаңдагы 435 гектар жерге лицензия алган компания - "Бизнес Инвест Компани" деп аталат.
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, ага Марат Маров менен казакстандык "ТД"ОФ-33" деген фирма ээлик кылат.
Аталган компания 2017-жылы кайра каттоодон өткөн. Андагы аталышы "Вилар компани" болуп, жалгыз ээси жана директору Марат Турсунбеков эле. 2020-жылы компаниянын негиздөөчүлөрү өзгөрсө, 2022-жылы аты алмашты.
Марат Турсунбеков Ак-Суудагы көмүр кенди кандай шарт менен алганы, президент Жапаров экөөнүн ортосундагы кандай келишим болгону белгисиз бойдон калды.
Марат Турсунбеков өзүн "Бизнес Инвест Компанинин" ээси эмес, Жыргалаңга каражат салган инвестор катары көрөт. Ал "Азаттыктын" суроолоруна толук жооп берген жок.
"Мен инвестормун. Мага кандай суроолор бар? Баары мыйзам чегинде, документтер жайында. Бир да бузуу жок. Казакстандыктар да инвесторлор. Мен эч нерсеге жооп бербейм".
"Ачык бюджет" порталындагы маалыматка ылайык, "Бизнес Инвест Компани" 2022-жылы бюджетке 1 млн 41 миң сом акча төксө, 2023-жылдын сегиз айында бул сумма 2 млн сомдон азыноолак ашып түшкөн.
"Рыжий Марат" деген ким?
Жыргалаңдагы көмүр кенди колго алган Марат Турсунбеков коомчулукка "Рыжий Марат" деген ат менен таанымал. Ал 2021-жылдагы президенттин шайлоодо Садыр Жапаровдун ишенимдүү өкүлү болгон.
Ошол эле жылы жаңы түзүлгөн президенттин иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча дирекциясынын башчысы болуп дайындалган.
Кийин дирекция жоюлуп кетип, Марат Турсунбеков президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон.
Osoo.kg сайтындагы маалымат боюнча, Марат Турсунбековго бир нече ири бизнес тиешелүү. Анын наамына курулуш жаатында иш алып барган "Тянь-Шань - Трэвэл" жана "Атаир" деген компания катталган.
Мындан тышкары Турсунбеков көлдөгү "Коста-Брава" эс алуу жайын түптөгөн. Ал 2017-жылдан тарта аталган компаниянын расмий кожоюну катары каттоодо турган. Бирок 2023-жылы "Коста-Брава" кайра каттоодон өтүп, Марат Турсунбеков негиздөөчү болбой калган.
Караколдогу көзгө басар мейманканалардын бири "Карагат" да Турсунбековго таандык экени айтылып келет. 2017-жылы "Айыл банктын" расмий сайтына "Карагаттын" ачылышы боюнча маалымат жарыяланып, анын ээси Турсунбеков М.Т. аттуу жаран 2015-жылы эки транш менен насыя алганын билдирген. Андагы иш-чарага ошол маалдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков дагы катышкан.
Марат Турсунбеков "Карагатты" мамлекеттик банктан алган насыяга курса, "Жыргалаңдагы" шахтага Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан алган акчаны салып отурат.
Анын жубайы Жогорку Кеңештин "Ынтымак" фракциясынан депутат Лейла Лурова.
"Дөргө көмүрдүн" доосу
Жогоруда айтылгандай 2000-жылдан тарта Жыргалаңдагы көмүр кендин 24 гектарында "Дөргө көмүр" компаниясы иштеген. Анын негиздеген Бакыт Дөргөевдин уулу Кайраттын айтымында, 2017-жылы салыкты убагында төлөй албагандыктан мамлекет лицензияны кайтарып алган.
Кайрат Дөргөев "кара алтын" казган жер, бир шахта толугу менен азыркы компанияга өтүп кеткенин билдирүүдө.
"Ал жерде "Дөргө көмүрдүн" мүлктөрү бар. Биздин салымыбыз да көп. Жол салганбыз, алты чакырым линия бар. Анан анча-мынча жабдыктарыбыз калган. Ошону азыркылар колдонуп иштеп жатышат. Азыр биз компенсация сурап атабыз. Бирок өкмөткө шылтоолоп көнбөй атышат. Ортодо аз-маз пикир келишпестик бар. Жыргалаңда көмүр казыла баштаганына биз, жалпы жыргалаңдыктар каршы эмеспиз. Болгону биздин эмгегибиз менен да эсептешсе жакшы болмок".
Азыр Жыргалаңга берилген жалгыз лицензиянын ээси "Бизнес Инвест Компани" болуп турат. Аларга 435 гектар жер бөлүнгөн. Компаниянын директору Кубатбек Керимов күнүнө 100-120 тонна көмүр казылып жатканын, бул көлөм жыл сайын көбөйө бере турганын билдирүүдө.
"435 гектардын ичинде буга чейин иштеген "Дөргө көмүрдүн" шахтасы да бар болчу. Бирок биз аны толугу менен калыбына келтирдик. Аталган компаниянын ишмердиги боюнча бизде маалымат жок. Мындан тышкары "Шахты Жыргалаң" менен бизди аралаштырбаш керек. Биз өзүнчө лицензия алганбыз. "Шахты Жыргалаңдын" мураскери болсок, анын карыздары, мүлктөрү да өтүшү керек эле. Биздин жабдыктар негиздөөчүнүн жана Орус-Кыргыз фонддун каражатына келди", - деди Керимов.
Жыргалаңда буга чейин көмүр казган "Дөргө Көмүрдө" 4 миллион тонна кара алтындын запасы, "Шахты Жыргалаңда" 20 миллион тонна экени айтылып келген.