Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

MH17 боюнча иликтөө: жаңы ысымдар аталды


Украинанын чыгышында малайзиялык учактын атып түшүрүлүшүнө байланыштуу биринчи жолу шектүүлөргө айып коюлду. Нидерланд жетекчилик кылган Эл аралык тергөө тобу төрт шектүүнүн үчөө Орусиянын, бирөө Украинанын жараны экенин жарыялады. Москва беш жыл мурдагы окуяга тиешеси жоктугун билдирип келет.

Эл аралык тергөө тобу (JIT) "Боинг-777" жүргүнчү учагын атып түшүрдү деп шектелип жаткан төрт адамдын атын 19-июнда Нидерланддын Ньивегейн шаарындагы басма сөз жыйынында жарыялады.

Амстердамдан Куала-Лумпурга багыт алган MH17 каттамындагы малайзиялык учак 2014-жылдын 17-июлунда орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлүп, борттогу 298 адамдын баары каза болгон.

Бул учак Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн №53 Абадан коргонуу бригадасынан алынып келген "Бук" ракеталык комплекси менен атып түшүрүлгөнүн Эл аралык тергөө тобу 2018-жылдын май айында билдирген эле.

Эми бул окуяга катышкан үч орусиялык жана бир украиналык "киши өлтүрдү" деп айыпталып жатканын Нидерланддын башкы прокурору Фред Вестербеке шаршембидеги жыйында айтты.

"Бүгүн биз жоопко тартыла турган төрт шектүүнү кармоо тууралуу эл аралык ордер жөнөтөбүз. Улуттук жана эл аралык деңгээлде бул адамдарга издөө жарыяланат. Мындан улам биз алардын толук аты-жөнүн жана сүрөттөрүн ачыкка чыгарабыз. Алар Игорь Гиркин (Стрелков), Сергей Дубинский, Олег Пулатов жана Леонид Харченко", - деди Вестербеке.

Ал аты аталган адамдар ракетаны өз колдору менен учурушпаса да, алардын кызматташтыгы жана беш жыл мурунку аракеттери учакты атып түшүрүүгө себеп болгонун белгиледи.

Малайзиялык учакты атып түшүрүүгө шектелген адамдар.
Малайзиялык учакты атып түшүрүүгө шектелген адамдар.

Курамына Нидерланддын, Австралиянын, Малайзия, Бельгия жана Украинанын өкүлдөрү кирген Эл аралык тергөө тобунун маалыматына ылайык, шектүүлөрдүн үчөө учурда Орусияда жашайт. Украин жараны Леонид Харченко орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакты байырлайт.

Орус жарандары Сергей Дубинский Орусиянын башкы чалгын мекемесинин же ГРУнун отставкадагы офицери; Олег Пулатов орус армиясынын аба-десанттык күчтөрүнүн запастагы подполковниги; Игорь Гиркин (Стрелков) - Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин мурдагы лидерлеринин бири.

Шектүүлөрдүн соту 2020-жылдын 9-мартында Нидерландда өтө турган болду. Эл аралык тергөө тобунун өкүлдөрү Орусиядан шектүүлөрдү өткөрүп берүүнү өтүнбөй турганын, себеби Москва өз жарандарын экстрадиция кылбастыгын түшүнүп турганын билдиришти.

Бул топко кирген Бельгия полициясынын өкүлү Вилберт Полиссен иликтөө муну менен токтобой турганын айтты.

"MH17 каттамындагы учакты атып түшүрүүгө дагы көп адамдар катышкан. "Бук" системасын башкарган адамдарга жана Украинанын чыгышына аскердик жардам көрсөтүү чечимдерине аралашкан Орусиядагы кишилерге байланыштуу иликтөө уланат", - деди Полиссен.

Атып түшүрүлгөн малайзиялык учактын калдыктары, 18-июль 2014-жыл.
Атып түшүрүлгөн малайзиялык учактын калдыктары, 18-июль 2014-жыл.

Москва баштан бери эле малайзиялык учактын атып түшүрүлүшүнө тиешеси жоктугун билдирип, бул окуя боюнча тескерисинче расмий Киевди айыптап келет.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Эл аралык тергөө тобунун буга чейинки тыянактары сыяктуу эле 19-июндагы соңку бүтүмүн да четке какты. Ал Москвага эл аралык иликтөөгө катышууга мүмкүнчүлүк берилбегенин белгиледи.

"Орусия трагедиянын биринчи күнүнөн баштап демилге көтөрүп, үрөй учурган катастрофаны иликтөөгө катышууну көздөсө да андай мүмкүнчүлүгү болгон жок. Андыктан бул иликтөөгө карата биздин мамилеси жакшы белгилүү",- деди Песков.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин мурдагы лидерлеринин бири Игорь Гиркин да Эл аралык тергөө тобунун тыянаганын четке какты.

"Интерфакс" агенттиги анын: "Мен эч кандай комментарий бербейм. "Боингди" көтөрүлүшчүлөр атып түшүрбөгөнүн гана айта алам",- деген сөзүн келтирди.

Ачык булактар аркылуу иликтөө жүргүзгөн “Беллинкат” уюму да 19-июнда билдирүү таратып, Эл аралык тергөө тобу аттарын атаган үч кишинин жана дагы бир нече адамдын тек-жайын аныктаганын маалымдады. Былтыр бул уюм малайзиялык учакты атып түшүүгө тиешеси бар деген адамдардын бири катары ГРУнун офицери Олег Иванниковдун атын атаган эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG