Ал 1955-жылы Өзгөн районунун Тоо-Дыйкан айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы КМУнун) филология факультетинде журналистика адистигинде окуган. Ж.Темирбаева журналисттик ишин 1995-жылдан тарта “Азаттык” үналгысында улантып, адам укуктары, аялдар укугу багытында адистешкен тайманбас журналист катары кеңири таанылган.
Анын Аскар Акаевдин президенттик бийлиги маалында саясий куугунтуктоонун айынан абакта жаткан оппозициячыл саясатчы Топчубек Тургуналиев менен, андан соң абактагы Феликс Кулов менен абактан алынган маектери (абактын ичинен маек алуу менен байланыштуу бул окуялар жалпы пост-советтик Борбордук Азия журналистикасы үчүн алгачкы учурлардан болуп калган) эл аралык коомчулукта өзгөчө кызыгуу жараткан.
Мээримдүү элесиңиз эч качан эстен кетпейт.
Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!
Жакындарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
"Азаттык" үналгысынын жамааты.
Жаркын маанай чачкан журналист түбөлүк жайга кетти
"Азаттык" үналгысында көп жылдар бою эмгектенип жүрүп, эс алууга чыккан журналист жана коомдук ишмер Жаркын Суран кызы Темирбаева 3-апрелде 66 жашында узак оорудан көз жумду. Анын жаркын элеси өзү жарыялаган жана обого чыгарган эмгектеринде, замандаштарынын жүрөк толтосунда жана сүрөттөрдө калды.
Жаркын Суран кызы өткөн жылы октябрь айында жүрөгүнөн операция болгон.
![Туулган жерге суктануу. Маркум Жаркын Темирбаева. ](https://gdb.rferl.org/3a40d456-0dd1-4aac-b91e-7d050cb56c89_w1024_q10_s.jpg)
1
Туулган жерге суктануу. Маркум Жаркын Темирбаева.
![Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен баарлашуу (архивден). ](https://gdb.rferl.org/e7781312-d9c4-4752-98e7-564f5a3863de_w1024_q10_s.jpg)
2
Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен баарлашуу (архивден).
![Жаныбек казынын уулу Маматураимге кездешкен учуру, 1993-жыл.](https://gdb.rferl.org/16f74b84-df4b-4d74-9f7b-9c7166eba1e5_w1024_q10_s.jpg)
3
Жаныбек казынын уулу Маматураимге кездешкен учуру, 1993-жыл.
![Жаныбек казынын уулу Маматураим белгилүү коомдук ишмер Cалижан Жигитов, «Азаттыктын» кабарчылары Жаркын Темирбаева, тарыхчы Кыяс Молдокасымов жана башка замандаштары менен вице-президент Феликс Куловдун кабыл алуусунда. 1993-жыл.](https://gdb.rferl.org/c3c929cb-7831-4a3c-a262-9ac73290b310_w1024_q10_s.jpg)
4
Жаныбек казынын уулу Маматураим белгилүү коомдук ишмер Cалижан Жигитов, «Азаттыктын» кабарчылары Жаркын Темирбаева, тарыхчы Кыяс Молдокасымов жана башка замандаштары менен вице-президент Феликс Куловдун кабыл алуусунда. 1993-жыл.
![Жаныбек казынын уулу Маматураим жазуучу Төлөгөн Касымбеков менен. 1993-жыл. (Бул кезигишүүнү уюштургандардын бири - Жаркын Суран кызы эле). ](https://gdb.rferl.org/2e57ff09-71fe-4c62-bc81-e052301401b7_w1024_q10_s.jpg)
5
Жаныбек казынын уулу Маматураим жазуучу Төлөгөн Касымбеков менен. 1993-жыл. (Бул кезигишүүнү уюштургандардын бири - Жаркын Суран кызы эле).
![Жаркын Суран кызы "Аруужан" уюмунун жетекчиси Бактыгүл Сейитбекованы кепке тартып жаткан маалы (архив). ](https://gdb.rferl.org/4dbbf1b8-b5cf-4b95-8ada-e78f1a6c77c7_w1024_q10_s.jpg)
6
Жаркын Суран кызы "Аруужан" уюмунун жетекчиси Бактыгүл Сейитбекованы кепке тартып жаткан маалы (архив).
![Жаркын Суран кызы абактагы Тахмина Амантаевага барып, маек куруп жаткан учуру, 19-ноябрь, 2009-жыл. ](https://gdb.rferl.org/b2ac5365-185a-4221-9da2-20c8e8ba65c7_w1024_q10_s.jpg)
7
Жаркын Суран кызы абактагы Тахмина Амантаевага барып, маек куруп жаткан учуру, 19-ноябрь, 2009-жыл.
![Жаркын Суран кызы Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, өлкөнүн Түркиядагы элчиси Медеткан Шеримкулов менен "Азаттыктын" студиясында. 17-январь, 2005-жыл.](https://gdb.rferl.org/ebe243ca-ddd1-40dd-8d10-b0df8f79facb_w1024_q10_s.jpg)
8
Жаркын Суран кызы Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, өлкөнүн Түркиядагы элчиси Медеткан Шеримкулов менен "Азаттыктын" студиясында. 17-январь, 2005-жыл.
![Кыргызстандын мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаков камалганда, Жаркын Суран кызы анын жубайы Дарика Оморова менен маек куруп жатат. 25-январь, 2010-жыл.](https://gdb.rferl.org/839c7fdc-a62c-49c7-932f-d805ae266d67_w1024_q10_s.jpg)
9
Кыргызстандын мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаков камалганда, Жаркын Суран кызы анын жубайы Дарика Оморова менен маек куруп жатат. 25-январь, 2010-жыл.
![Жаркын Суран кызы өлкөдөгү бою эң узун жигит Жеңишбек Райымбаевге барып, ден соолугун сурап, "Азаттык" үчүн маек куруп жатат. 16-февраль, 2010-жыл. ](https://gdb.rferl.org/eff1111a-8962-43dd-b95e-b2d5ab1d3961_w1024_q10_s.jpg)
10
Жаркын Суран кызы өлкөдөгү бою эң узун жигит Жеңишбек Райымбаевге барып, ден соолугун сурап, "Азаттык" үчүн маек куруп жатат. 16-февраль, 2010-жыл.
![Жаркын Суран кызы Кыргызстандын башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиев менен "Азаттык" үчүн маек куруп жатат. 10-сентябрь, 2007-жыл.](https://gdb.rferl.org/5d8bdca6-e665-41dc-9111-4ac471e7b0e9_w1024_q10_s.jpg)
11
Жаркын Суран кызы Кыргызстандын башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиев менен "Азаттык" үчүн маек куруп жатат. 10-сентябрь, 2007-жыл.
![Ардактуу журналист Жаркын Суран кызы кесиптештеринин арасында (архив).](https://gdb.rferl.org/f621ad91-0240-4122-ae4b-3d8203d5220e_w1024_q10_s.jpg)
12
Ардактуу журналист Жаркын Суран кызы кесиптештеринин арасында (архив).