Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:03
Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Өкмөттүн дымактуу пландары ишке ашабы?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, экономикага байланыштуу суроолорго жооп берди.

12:22 15.2.2022

Акылбек Жапаров: Азыр 1 млн. 400 миңдей машине болуп кетти. Машине айдагандар мени туура түшүнүшү керек. Ким машинени көп айдаса ал салык төлөшү керек. Жолдун баарын өкмөт карай албайт. Батышта да акы төлөнө турган жолдор бар.

12:26 15.2.2022

Акылбек Жапаров: Көз карандылыкты сактап калуу үчүн чек араларды бекемдеп, жолдорду, ГЭСтерди бүтүрүп жатабыз. Тышкы карызды төлөшүбүз керек сөзсүз. Биз жаңы келгенде "кедей өлкө" деген синдромдон кетебиз деп айткам. Жардам берсеңер бергиле, бербесеңер деле өз арабабызды кылдыратып кетебиз дегем.

12:30 15.2.2022

Акылбек Жапаров: 7-8 жыл мурда экономиканын өсүү фактору балдардын төрөлүшү десем, көптөр күлдү эле. Мындан ары жылдан жылга демографиялык өсүш боло берет. Мектептер тартыш боло баштайт. Ошон үчүн биз бир-эки жылда мектептерди толук бүтүрөлү деп жатабыз.

12:32 15.2.2022

Акылбек Жапаров: Видеоңор болсо социалдык тармакка жүктөп койгула. Садыр Нургожоев көрөт экен. Түнкү саат 2де барып жатсаң келет билдирүү, карасаң салып койгон болот. Биз министрлер атайын вотсап группа ачып алганбыз. Ошол жерден баарлашып турабыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG