Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:44
Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Өкмөттүн дымактуу пландары ишке ашабы?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, экономикага байланыштуу суроолорго жооп берди.

12:14 15.2.2022

Акылбек Жапаров Тимур Файзиев тууралуу: Бул жигит "Фейсбукка" чыгып көнүп калыптыр. Аны токтотуп, ишиңди кыл деп жатабыз. Мен буга чейин курулуштарын көрүп келдим. Энергиясын өкмөттүн ишине жумша деп жатабыз.

12:15 15.2.2022

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтын сатылып, кыргыз экономикасына жумшалып жатканын билдирди. Бүгүн, 15-февралда маалымат жыйын учурунда өкмөт башчы алтынды Кыргызстандын ичинде алып калуу аракети жүрүп жатканын кошумчалады. Ошондой эле, ар бир кыргызстандык сатып алууга мүмкүн болгон алтын тыйын чыгаруу каралып жатканын айтты.

"Биздин алтын дагы сыртка чыккан жери жок, биз аны сатып атабыз. Андан түшкөн каражаттар экономикага киргизилип жатат. Буга чейин 410 тонна сыртка сатылып кеткен. Биз мындан ары колдон келсе Кыргызстандын ичинде алып калсак деп жатабыз. Азыр ага өкмөттүн, Улуттук банктын, башка банктардын дагы мүмкүнчүлүгү бар. Бир жылдын ичинде кыргыз элине бир үй-бүлөдө алтын туяк болбосо дагы кыргыздын алтыны болсун деген ниетте миң доллары бир жылкы деп монета чыгаралы деп жатабыз. Бир граммдан 10 кг. чейин алтынды жарандар сатып алсын деп жатабыз", - деди Жапаров.

12:18 15.2.2022

Акылбек Жапаров: Салык жыйымы жакты түшсө, мугалим менен дарыгерлердин айлыгын көтөрөбүз. Адегенде 50%, андан кийин 50%. Милициянын айлыгы революция болгон сайын көтөрүлүп калат. Аны чек арачылар менен прокурорлорго бөлүштүрүп жатабыз. Мугалимдердикин апрелден тарта көтөрөбүз. Дарыгерлерди карасам 9800 миңдей эле дарыгер ФОМСтон айлык алат экен.

12:20 15.2.2022

Акылбек Жапаров: Өкмөттүн жүз күнүнүн ичинде экономикадагы жат көрүнүштөрдү дарылап, ошонун эсебинен казынаны толуктаганга сүйүнүп отурам. Өкмөттүн мүчөлөрү жаман эмес. Бир аз убакыт берсеңер.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG