Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:21
Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Өкмөттүн дымактуу пландары ишке ашабы?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, экономикага байланыштуу суроолорго жооп берди.

11:57 15.2.2022

Тенгиз Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясына жетекчи болуп дайындалды.

Бул тууралуу бүгүн, 15-февралдагы маалымат жыйын учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Өкмөт башчы Улуттук холдингдин уставдык капиталы 10-15 млрд. сомдун тегерегинде болорун, президенттин куатышуусунда 282 млн. доллардан турган бюджети бекитилгенин айтты.

"Чет мамлекеттерде ийгиликке жеткен, кыргызстандык мекендештер жетектеген 20га жакын компаниялар ишенип келип жатат. Жакын арада бир топ долбоорлорду көрөсүздөр. Ошонун ичнде чалгындоо иштери дагы 12 чоң кенде жүрөт. 100% мамлекеттин карамагында болгон мекемелерге Жерүйдөй кылып сынак кылбайбыз. "Улуу көчмөндөрдүн мурасына" беребиз. Алар бизнес долбоорун иштеп, каржы булактарын иштеп чыгып анан астыга чыгат. Мисалы Таластагы Бала-Чычкан темир кени 6 млрд. доллар, Жетим-Тоо 4 млрд доллар алып келе турган кен", - деди Жапаров.

Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү ири кендерди ата мекендик компаниялар иштете турганын билдирип, 2021-жылдын декабрында "Улуу көчмөндөрдүн мурасы” мамлекеттик ишканасын түзгөн. Холдингдин түзүүчүсү Финансы министрлиги аталса, уставдык капиталы 100 млн. сом өлчөмүндө белгиленген.

Буга чейин Министрлер кабинети Ысык-Көлдөгү Тоголок, Таластагы Андаш жез, Талды-Булак алтын сыяктуу өлкөдөгү стратегиялык кендерди ата мекендик компаниялар иштете турганын билдирген.

11:58 15.2.2022

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттердин кармалышы, иш козголушу боюнча пикирин билдирди. Бүгүн, 15-февралдагы маалымат жыйында журналисттер менен сый мамиледе болууну үйрөнүү керек экенин, аларга катуу ыкмаларды колдонууга капа болгонун айтты.

"Журналисттерге катуу ыкмаларды колдонууга капа болдум. Журналисттерге мындай катуу ыкмаларды колдонбош керек. Кыргыздын "арыдан бери болуш керек" деген сөзү бар. Сиздерге эч ким тийишкен деле жери жок. Азыр басым катары баа бергенден алысмын, тергөө иши бүткөндө анан баа бере алабыз. Террорист, бандиттерге күч колдонуш керек. Наркотиктен алыс бололу, эки тарап жаңжалдашып атканда калыс карайлы. Журналисттер менен сый-сыпаа мамиле курганды үйрөнгөнбүз, мындан ары да үйрөнө беребиз", - деди Жапаров.

Журналист Семетей Аманбеков "иликтөөчү журналисттин кармалышын, иш козголушу аларга карата басым деп эсептейсизби?" деген суроо узаткан.

12:01 15.2.2022

Жетим-Тоо, Бала-Чычкан темир кендерин Кыргызстан өзү иштете турганын бүгүн, 15-февралда маалымат жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал учурда геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатканын айтты.

"Жетим-Тоо ачылганда темир бар экен деп белги коюп кете беришкен. Эч качан геологиялык-изилдөө иштери жүргөн эмес. Азыр "Улуу көчмөндөр мурасы" изилдеп чыгат. Жер казынасын пайдаланууда беш жылдык убакыт керек. Баарын бүтүрсө заводду бир-эки жылда куруп коюп темир чыгара берсе болот. Бирок азыр анын запасын билишибиз керек. Союз убагындагы эле маалыматтар менен жүргөнбүз. Азыр бул 100% кыргыз элине иштей турган нерсе. Ошондуктан чыр-чатагы жок иштей беребиз", - деди Жапаров.

Буга чейин коомдук-саясий чөйрөдө "Жетим-Тоодогу темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн өкмөт Кытай мамлекетине берет экен" деген күдүк кептер айтылып келген. Кыргыз өкмөтү бул сөздөр чындыкка дал келбей турганын билдирүүдө.

12:06 15.2.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG