Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:38
Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Өкмөттүн дымактуу пландары ишке ашабы?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, экономикага байланыштуу суроолорго жооп берди.

11:41 15.2.2022

Акылбек Жапаров: Биз бир элбиз. Бир элдин бүтүндүгүнө ким шек келтирсе, аны чыккынчы деп билебиз. Менин келинчегим бизнесин жапкан, азыр айыл чарба менен алектенип жатат. Саясатта жүргөндөн кийин келинчектерге, балдарга кыйын. Мага жана менин келинчегиме иш козголгон эмес, компанияга иш козголгон.

11:46 15.2.2022

Акылбек Жапаров: Энергетика бизге эң чоң потенциал алып келе турган тармактардын бири. Былтыркы, быйылкы суу тартыштыгынан кийин колубузда эмне деген байлык турганын түшүндүк. Ошол себептүү "Камбар-Ата" ГЭСин өзүбүз баштаганы турабыз. Ал эми "Камбар-Ата 2нин" экинчи агрегатын ишке киргизебиз. "Камбар-Ата 1ге" Өзбекстан кызыкдар экен. Казакстан дагы кызыкдар болуп жатат. "Бала Сарууну" кыргыз-орус компаниясы курат. Калган ГЭСтерди Кумтөрдүн акчасына курабыз. Күндүн нуру менен иштей турган станция Токмокто, Ош, Жалал-Абадда курулат.

11:51 15.2.2022

Кумтөр кени 2021-жылы 220 млн. доллар таза киреше бергенин бүгүн, 15-февралдагы маалымат жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал кен боюнча "Центерра" менен сүйлөшүү аягына чыгып калганын, жакында коомчулукка, Жогорку Кеңештин депутаттарына толук маалымат берилерин айтты.

"Центерра менен 15-мартка чейин тынч ажырашууну макулдаштык. Тышкы башкаруу киргенде 48 миң доллар болчу эсебинде. Төрт-беш жылда даярданып, кыргыздар акыры алат деп ойлоп эле жүрүшүптүр. Эсептерди чет мамлекетке ачып, акчаны ошол жакта кармаган. 329 млн. долларга чейин киреше көрдүк. Резервдик көрсөткүчтөрү бар. 220 млн. доллар таза киреше берип жатат. Бул салыктан башка. Акыркы сүйлөшүүлөр бүткөндө айтып беребиз", - деди Жапаров журналисттин суроосуна жооп берип жатып.

11:55 15.2.2022

Акылбек Жапаров Кумтөр кени болбогондо кыргыз президенттеринин тагдыры да мынчалык болмок эмес деп эсептейт. "Алтынды көргөндө периште жолдон чыккан, биздин президенттердин да катасы Кумтөр болду".

"Мурдагы президент Аскар Акаевдин жакын туугандары 2003-жылы түзүлгөн келишимге аралашканы сотто каралып жатат. Аскар Акаев өзү келип, муну моюнуна алганы үчүн балким азыр «Центерра» менен сүйлөшүүлөр жылып жаткандыр. Мен "Кумтөрдү" өзүбүзгө алуу үчүн бардык механизмдерин билем. Муну кайтарууга саясий эрк гана керек. Ал жагынан Садыр Нургожоевич болгон аракетин жумшап жатат. Мына, Камчыбек Кыдыршаевич ортодогу "крышаларды" алып салган үчүн, бюджетке 31 млрд. сом ашыкча түштү".

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG