Ал окуяларды эскерген шаардын Тынчтык паркындагы иш-чарага 55 миң адам катышты, эстеликке 100дөн ашык мамлекеттин өкүлдөрү гүлчамбар койду. Хиросимада буга чейинки жылдардагы эскерүүгө катышкандардын санын эске алганда бул эң жогорку көрсөткүч.
- Менин атам менен эжем ошондогу бомбалоого кабылган. Мен азыр жетимиштен ашып, дээрлик сексенге келип калдым. Бул жерге эскерүүгө дагы канчага чейин келем, аны билбейм. Бирок бүгүн мен дүйнөдө тынчтык болсун деп сыйынуу үчүн келдим, - деди эскерүүгө келген байбиче Рейтер агенттигине.
1945-жылы америкалык B-29 аскер учагы Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктап бараткан күндөрү Хиросимага атом бомбасын таштаган. Андан 70 миңден 100 миңге чейин адам өлгөн. Бир канча күндөн кийин Жапониянын дагы бир шаары Нагасаки атом бомбасынын чабуулуна кабылган. Анда 40 миңдей адам көз жумганы айтылат. Хиросимадагы эскерүү иш-чарасында шаардын мэри Казуми Мацуи:
- Биз ынтымакта жашообуз үчүн ядролук куралдын кандай гана түрү болбосун колдонууну токтотуубуз керек. Анын арты акыры адамгерчиликсиз ишке жана азапка алып барат. Мына азыр аны токтотуп кала турган мезгил.
Хиросима жана Нагаски (АКШнын аскер департаменти тарткан, 1946)
Жапониянын премьер-министри Синдзо Абе да эскерүү иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө ушул жылы Жапония Бириккен улуттар уюмуна өзөктүк куралдан толугу менен баш тартуу резолюциясын сунуштайт деп билдирди.
- Жапония ядролук куралсыз дүйнө түзүү үчүн аракетин кайра жандандырат. Ага жетүү үчүн өзөктүк куралы бар жана жок өлкөлөрдүн баары менен кызматташат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин - АСЕАНдын Куала-Лумпурдагы саммити учурунда Жапониянын тышкы иштер министри Фумио Кушида менен кезигип, ал экөө Хиросимадагы окуяларды сөз кылды. Жон Керринин айтымында, Хиросимадагы алаамат өзөктүк куралдын канчалык коркунучтуу экендигинин эскерткичи:
- Хиросима апаатынын 70 жылдыгы согуштун адамдар менен өлкөлөргө канчалык таамай таасир эткенинин эстелиги болгонун айтып отуруунун кереги жок. Ошондой эле өзөктүк куралды кыскартуу үчүн биз Иран менен кол койгон келишимдин маанисин да арттырат.
Ирандын ядролук программасына байланыштуу 10 жылдан ашуун созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Иран жана АКШ, Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия 14-июлда Венада кол коюшкан. Жүз барак документ Ирандын ядролук программасын кыскартуунун жана анын ордуна эл аралык санкцияларды алып салуунун жол-жобосун камтыйт.