Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:28

Абэ АКШга жети күндүк сапар менен келди


Премьер-министр Синдзо Абэ
Премьер-министр Синдзо Абэ

Жапониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ жекшемби күнү АКШга бир жумалык сапарга келди. Визит маалында чоң соода-экономикалык келишимге кол коюлбайт.

Визиттин максаты - эки мамлекеттин чогуу коргонуусунун жаңы принцибин тастыктоо жана Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки жапон элинин мыкты жетишкендиктерин даңазалоо.

Премьер-министр Синдзо Абе Токио аэропортунан учар алдында жергиликтүү NHK телеканалына берген интервьюда “Жапония жана Америка ортосундагы бекем байланышты жандандыра баштайбыз. 21-чи жүз жылдыкта тынчтыкты жана жыргалчылыкты курабыз” деди. Ал 28- апрелде Конгрессте сөз сүйлөйт. Абеге чейин бир дагы жапон лидери АКШ Конгрессинин кошмо палатасында сөз сүйлөгөн эмес.

Визит кезде чоң соода-экономикалык келишимдер түзүлбөйт. Бирок эки жак өз ара коргонуунун жаңыланган принциптерин тастыкташат. Ошондой эле Жапониянын Америкага саатына 500 чакырым жана андан ылдам жүрчү поездер системасын сатаары жарыяланышы мүмкүн.

Серепчилер белгилешкендей, өз ара аскерий кызматташуунун принциптеринин жаңылануусу Жапониянын коопсуздук саясатындагы акыркы алтымыш жылдагы олуттуу өзгөрүүнү жышааналайт.

Азыркы жобого ылайык, АКШ Жапонияны жана анын тегерегин Корея жарым аралында мүмкүн болчу уруш коогалаңынан коргойт. Непада аскердик жаңжал чыгып кетсе, жапон күчтөрү озунуп сокку уралбайт. Коргонот жана АКШ аскерлерине кооруктан туруп жардамдашат.

Кытайдын Су-27 аскер учагы Чыгыш Кытай деңизинин үстүндө күзөттө жүрөт. Июнь, 2014
Кытайдын Су-27 аскер учагы Чыгыш Кытай деңизинин үстүндө күзөттө жүрөт. Июнь, 2014

Бирок The Wall Street Journal гезити жазгандай, акыркы 10 жылда жапон жетекчилиги Кытайдын аскерий кубатынын өсүшү, Түндүк Кореянын ядролук коркунучу, Бээжиндин Чыгыш жана Түштүк Кытай деңиздериндеги талаштуу аралдарга ээ чыгуу аракетинен улам коопсуздук стратегиясын өзгөрттү. Куралдуу күчтөрүн модернизациялоодо жана ракетадан коргонуу системасын өнүктүрүүдө. Жаңы жобо, "Ассошэйтед пресс" агенттигинин маалымдашынча, Жапонияга өз аскерлерин Жакынкы Чыгыш сыяктуу жаңжалдуу аймактарда АКШ күчтөрүнө логистикалык жардам берүү үчүн жөнөтүүсүнө жол ачат.

Жапония-Кытай мамилеси Экинчи Дүйнөлүк согуш кездеги жапон баскынчылыгына жана территориялык талаштарга байланыштуу идеалдуу эмес. Согуш учурунда корей аялдарды жапон солдаттардын сексуалдык күң катары пайдаланганы үчүн Токионун кечирим сурабаганы Жапония-Түштүк Корея алакасына көлөкө түшүрүүдө. Бул Вашингтон-Токио-Сеул ортосунда бекем аскердик үч бурчтук түзүүгө жолтоо болууда.

Синдзо Абенин 17-апрелде Токидогу эл аралык экономикалык саммитте президент Си Цзинпин менен жолугушканы, серепчилер тарабынан, Жапония-Кытай мамилесиндеги оң көрүнүш катары бааланды.

Абэ береги жыйында жапон өкмөтү түрдүү өлкөлөр менен экономикалык өнөктөштүк жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүп жатканын жана Тынч океан аралык өнөктөштүгү кезекте турганын айткан:

- Мен дүйнөнүн төрт тарабындагы өнөктөштөрүбүз менен экономикалык кызматташтык боюнча сүйлөшүүнү мурдагы жылдарга караганда ылдам жүргүзүүдөмүн. Эмки кезекте Тынч океан аралык өнөктөштүк турат.

Абэ 29-апрелде Конгрессте сүйлөгөндө президент Обаманын Тынч океан аралык өнөктөштүк келишимине кол коюну жөнөкөйлөштүрүү өтүнүчүн колдойт деп жоромолдонууда. Бир нече күн илгери эки өлкөнүн соода министрлери деңгээлинде өткөн сүйлөшүүдө бул маселеде оң жылыштар болгону кабарланган. Бирок Синдзи Абенин жети күндүк визити учурунда ал боюнча чоң жылыш болбойт деп боолгошот эксперттер. АКШ демилегечи болгон бул соода өнөктүгүнө Тынч океан алкагындагы 12 өлкө кирет.

XS
SM
MD
LG