АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган палестиналык ХАМАС тобу Израилдин атышууну токтото туруу жөнүндөгү сунушун кабыл алуудан баш тартып койгонун бүгүн 21-декабрда The Wall Street Journal басылмасы египеттик расмий адамдардын маалыматына таянып жазды.
Израил ХАМАСтын колунда барымтада турган 40 жаранын бошотуп алуу үчүн согуштук аракеттерин бир аптага токтото турууга макул экенин билдирген. Бул сүйлөшүүлөргө Катар менен чогуу Египет да ортомчулук кылууда.
ХАМАС тобунун лидерлеринин бири Исмаил Хания 20-декабрда Каир шаарында Египет бийлигинин өкүлдөрү менен Газа секторундагы кезектеги гуманитардык тыныгуу ыктымалдыгы тууралуу сүйлөшүү жүргүзгөнү, бирок жолугушуу майнапсыз аяктаганы маалымдалды.
Израил 7-октябрдагы кол салууда барымтага алынгандардын арасынан 40 жаранын, бардык аялдар менен балдарды, медициналык жардамга муктаж болуп жаткан улгайгандарды бошотуу үчүн Газа секторундагы абадан жана жерден чабуулдарын бир аптага токтото турууга жана гуманитардык жардамды өткөрүүгө уруксат берүүгө макул экенин билдирген.
ХАМАСтын Хания жетектеген делегациясынын мүчөлөрүнүн пикиринде, кайсы бир мунаса тууралуу айтардан мурда Израил Газадагы чабуулдарын токтотуп, аскерлерин чыгарып кетиши керек. Алар сүйлөшүү болгон күндө да Израил түрмөлөрүнөн бардык палестиналыктарды бошотушу керек деп эсептей турганын айтышкан.
Израил бийлиги мындай талап аткарылгыс экенин, ХАМАС согушту токтоткусу келсе 7-октябрдагы кол салууну уюштурган лидерлерин өткөрүп бериши керектигин билдирүүдө.
АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС куралдуу тобу Израилдин бир жумага ок атышууну токтотуу сунушун четке какканын Wall Street Journal өз булактарына таянып жазды. Газа тилкесинин бардык бөлүктөрүндө жөөт армиясы менен жоочулардын ортосунда айыгышкан салгылаш уланууда. Эл аралык уюмдар Газа балдар үчүн эң кооптуу аймакка айланганын эскертип жатышат.
WSJ: ХАМАС Израилдин ок атышууну токтотуу сунушун четке какты
ХАМАС куралдуу тобу (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) Израилдин бир жумага ок атышууну токтотуу сунушун четке какканын Wall Street Journal өз булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, Израил бул үчүн террорчулардын барымтасындагы 40 кишинин бошотулушун талап кылган. 20-декабрда радикал топтун лидери Исмаил Хания Каирге Египет бийлигинин өкүлдөрү менен гуманитардык тыныгуу тууралуу сүйлөшүүгө барган. Бирок андан майнап чыкпаганын бир катар жергиликтүү басылмалар жазышты.
Wall Street Journal басылмасынын жазышынча, ХАМАС куралдуу тобунун делегациясы египеттик ортомчуларга алгач Израил Газа тилкесинен өз аскерлерин чыгарып кеткенден кийин гана макулдашуу тууралуу сөз болушу ыктымалдыгын айтышкан.
Андан тышкары жоочулар Израил түрмөлөрүндөгү бардык палестиндер бошотулганда гана барымтадагы израилдик туткундар коё берилерин айтышкан. Тель-Авив үчүн мындай шарттар кабыл алынгыс.
Ал арада Израилдин өнөктөштөрү Нетаньяхунун кабинетине басым жасоо менен Газа тилкесиндеги аскердик операцияны токтотууну же масштабдарын жумшартууну талап кылып жатышат. Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху буга азырынча макул эмес.
"Биз бул согушту аягына ХАМАС толук жок кылынгыча улантабыз. Бизди токтойт деп ойлогондор - реалдуулуктан өтө алыс адамдар. ХАМАСты жок кылып, барымтадагыларды бошотуп, Газа тилкесиндеги коркунучтан арылуу сыяктуу максаттарыбызга жетмейинче, күрөштү токтотпойбуз. ХАМАСтын бардык террорчулары - бири калбай өлүк адамдар. Аларда эки гана вариант бар - багынып берүү же өлүү", - деди өкмөт башчы.
Газадагы согушту токтотуу боюнча эл аралык коомчулуктун аракетинен жыйынтык чыга элек.
20-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Газа боюнча резолюцияга добуш берүү кийинкиге жылдырылды.
Учурда дипломаттар Газа секторуна гуманитардык жардамды көбөйтүүгө багытталганы айтылып жаткан бул резолюцияда Кошмо Штаттардын да талабы камтыла тургандай компромисстик жолдорду издеп жатышканы маалымдалды.
Кырдаалды жөнгө салуу максатында БУУда араб өлкөлөрүнүн кеңешинин өкүлү катары Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) резолюция иштеп чыгып, сунуш кылган.
Резолюция 9-декабрда добуш берүүгө чыгарылганда, жалгыз АКШ гана каршы чыгып, вето койгон, 13 өлкө, анын ичинде Орусия, Кытай, Франция макул деген добушун берген, Британия добуш берүүдөн карманган.
Кошмо Штаттардын БУУдагы өкүлү Роберт Вуд анын текстинде тең салмактуулук жоктугун, реалдуулуктан алыс экенин, эгер ошондой мазмунда кабыл алына турган болсо, ХАМАСка гана ыңгайлуу шарт түзүп берерин айткан.
“Газа - балдар үчүн эң кооптуу аймак”
Газа тилкесинин түндүгүндөгү тынымсыз бомбалоолордон ата-энелери менен түштүккө жер которууга аргасыз болгон балдар качан тоё тамак жегендерин эстей алышпайт. Рафахтагы лагерде баш калкалап жаткан Тахани Наср кийинки күнгө кантип тамак жана суу тапсам деп баш катырууда.
“Мен ар кайсы жакка барып, тамак сурап жүрөм. Мечитке барам, социалдык иштер боюнча мекемеге барам. Алар бири-бирине шылтайт. Тамак тараткандарды күтөбүз. Эки күндөн бери алар дагы жок. Балдарды табылган азыктар менен алаксытып отурам. Аябай арыктап кетишти, ачкалыктан баштары айланат”, - дейт Наср.
Тамак-аш менен таза суунун таңкыстыгы Газа тилкесиндеги эң курч көйгөлөрдүн бири болууда. Чет жактан келген гуманитардык жардам жетишсиз. Анын үстүнө башаламандыктан улам жардам текши бөлүштүрүлбөй жатат. Айрым учурларда гуманитардык жардам жүктөлгөн машинелер барчу жерине жеткиче эле таланып-тонолууда.
Эл аралык уюмдар анклавдын 2,3 миллиондой калкы гуманитардык апаатка кептелгенин эскертип жатышат. Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар кору - ЮНИСЕФтин өкүлдөрү Газа тилкеси балдар үчүн эң кооптуу аймак бойдон калып жатканын билдиришти.
"Соңку 48 сааттын ичинде эле Газа тилкесиндеги оорукана эки жолу аткылоого кабылды. Хан-Юнистеги Эль-Насер ооруканасында мен күн сайын болуп турдум. Ал жакта бир гана жараат алган көп сандагы балдар эле эмес, коопсуз жер издеген жүздөгөн аялдар жана балдар баш калкалап жатышат", - деди ЮНИСЕФтин өкүлү Жеймс Элдер.
ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, ЦАХАЛдын операциясынан 20 миңдей кишинин өмүрү кыйылды. Миңдеген адамдардын дайыны белгисиз. Бул сандарды көз карандысыз булактардан ырастоо эч мүмкүн эмес.
Газанын түндүгүндө айыгышкан кармаш
Соңку күндөрү Газа тилкесинин түндүгүндө жөөт аскерлери менен хамасчылар ортосундагы кармаш кайрадан жанданды. Иордан дарыясынын Батыш жээгинде жайгашкан Кызыл Жарым ай коому билдиргендей, жөөт аскерлери Жабалиядагы дары-дармектер сакталган кампаны курчоого алышты. Ал жакта 120дан көп киши, анын ичинде медкызматкерлер, качкындар жана жарадарлар бар. Газалыктардын басымдуу бөлүгү баш калкалап жаткан анклавдын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарынын борборунда айыгышкан салгылаш жүрүп жатат.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин Газадагы кырдаал боюнча резолюциясынын долбоорунда сектордогу жай тургундарга жардамды жакшыртуу чакырыгы гана камтылышы ыктымал болуп жатканын бүгүн 22-декабрда AFP агенттиги билдирди.
Агенттиктин маалыматында айтылгандай, долбоордо ок атышууну токтотуу тууралуу чакырык жок.
Бүгүн Коопсуздук Кеңешинде добушка коюлушу күтүлүп жаткан документте Газага гуманитардык жардамды коопсуз жана эч тоскоолдуксуз жеткирүүгө багытталган чукул кадамдарды жасоо жөнүндө жазылды, ал эми ок атышууну токтотуу тууралуу «шарт түзүү» деген жазуу камтылды. Шарт түзүү, серепчилердин айтымында, атышууну чукул арада токтотуу дегенди туюндурбайт.
Израил «атышууну токтотуу» деген терминге каршы болуп жатат, өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук топ деп таанылган) тобу толук жок кылынмайынча ок атууну токтотуу тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес экенин 20-декабрда айткан.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газа боюнча резолюция 9-декабрдан бери улам башка күнгө которулуп, кабыл алынбай келе жатат. Ал күнү резолюцияга вето койгон жалгыз өлкө АКШ болгон.
Кошмо Штаттардын БУУдагы өкүлү Роберт Вуд анын текстинде тең салмактуулук жоктугун, реалдуулуктан алыс экенин, эгер ошондой мазмунда кабыл алына турган болсо ХАМАСка гана ыңгайлуу шарт түзүп берерин айткан жана «Коопсуздук Кеңеши ХАМАСты 7-октябрдагы террордук чабуулу, сексуалдук зомбулугу жана башка дагы олуттуу кылмыштары үчүн айыптабай жатышы өтө чоң адеп-ахлактык кемчилик болуп эсептелет» деп белгилеген.
Израил дагы, анын өнөктөшү АКШ дагы эгер аскердик операция чукул арада таптакыр токтотулса ХАМАСка кайрадан күч топтоп, кол салууларын улантууга мүмкүнчүлүк берет деген көз карашын айтып келе жатышат.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын соңку маалыматы боюнча, Израилдин аскердик соккуларынан палестиналык бул анклавдын калкынын жарымы жабыркап жатат.
7-октябрдан кийин башталган Израил армиясынын аскердик операциясынан бери Газада 20 миң адам көз жумду. Бул тууралуу 22-декабрда ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Израил армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесин бомбалоону улантууда. Алар операциясын күч алдырганы, карапайым палестиндердин арасындагы жоготуулар, үй-жайсыз, ачка калган элдин саны күн санап өскөнү өкмөттөр, эл аралык уюмдар гуманитардык абалга тынчсыздануусун билдирип келет.
ЦАХАЛ жихадчылардын инфратүзүмүнө гана кол салганын айтып, ХАМАСтын Газа тилкесиндеги калктуу конуштарга буталарды койгон деп айтып келет.