Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:32
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

14:21 13.12.2023

Бириккен Улуттар Eюмунун Башкы ассамблеясы көпчүлүк добуш менен Газа тилкесиндеги ок атышууну дароо токтотууга чакырган резолюцияны кабыл алды.

Аны БУУга мүчө 153 мамлекет колдоду, ону каршы добуш берди. 23 мамлекет добуш берген жок.

Документте “бардык тараптар карапайым тургундарды коргоо боюнча эл аралык укук, анын ичинде гуманитардык укук боюнча алган милдеттемелерин сакташы керек” деп жазылган.

Андан тышкары бардык туткундарды токтоосуз бошотуу чакырыгы камтылган. Израилдин БУУдагы элчиси Гилад Эрдан добуш берүүнүн алдында резолюцияда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмун айыптоо жок болгондуктан, аны “эки жүздүү” деп атады.

Газа тилкесинде гуманитардык кырдаал курч бойдон калууда. Эл аралык уюмдар гуманитардык жардам өтө аз көлөмдө кирип жатканына тынчсызданууда. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму учурда ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавда 11 гана оорукана жарым-жартылай иштеп жатканын билдирген.

Ал арада Израилдин армиясы Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Женин качкындар лагеринде контрачабуул операциясын баштаганын билдирди.

15:26 13.12.2023

АКШ президенти Жо Байден Газа тилкесиндеги туш келди аткылоолордон улам Израил эл аралык колдоону жоготуп жатканын билдирди. Бул үчүн Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху "өзгөрүш керек" деген оюн 12-декабрда шайлоо өнөктүгүнүн алкагында жасаган билдирүүсүндө айтты.

Рейтер агенттиги белгилегендей, муну менен Байден АКШ менен Израилдин көз караштары эки башка болуп жатканын айгинеледи.

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгы жөөт армиясынын операциясынын жыйынтыгында 18 миңдей киши набыт болгонун, 50 миңден ашууну жараат алганын билдирди. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Буга чейин Биньямин Нетаньяху анын өкмөтү менен Байдендин администрациясынын ортосунда Газанын согуштан кийинки тагдыры боюнча пикир келишпестик бар экенин айткан.

“Ооба, ХАМАСтан кийинки күн боюнча пикир келишпестик бар, бирок мунаса табарыбызга үмүттөнөм”,- деди Нетаньяху.

16:27 13.12.2023

АКШ президенти Жо Байден Газа тилкесиндеги туш келди аткылоолордон улам Израил эл аралык колдоону жоготуп жатканын билдирди. Бул үчүн Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху "өзгөрүш керек" деген оюн ал 12-декабрда шайлоо өнөктүгүнүн алкагында жасаган билдирүүсүндө айтты.

Рейтер агенттиги белгилегендей, муну менен Байден АКШ менен Израилдин көз караштары эки башка болуп жатканын айгинеледи.

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгы жөөт армиясынын операциясынын жыйынтыгында 18 миңдей киши набыт болгонун, 50 миңден ашууну жараат алганын билдирди. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Буга чейин Биньямин Нетаньяху анын өкмөтү менен Байдендин администрациясынын ортосунда Газанын согуштан кийинки тагдыры боюнча пикир келишпестик бар экенин айткан.

“Ооба, ХАМАСтан кийинки күн боюнча пикир келишпестик бар, бирок мунаса табарыбызга үмүттөнөм”,- деди Нетаньяху.

17:14 13.12.2023

Израилдин армиясы Газа тилкесиндеги ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму колдонгон тоннелдерге деңиз суусун толтура баштады. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы жазды. Маалыматка караганда, Израил бул тууралуу АКШга эскерткен.

Операция бир нече жумага созулушу мүмкүн. Ошону менен катар, макалада белгиленгендей, айрым америкалык аткаминерлер деңиз суусу менен каптатуу, Газа тилкесиндеги таза суу маселесине коркунуч жаратып, жер кыртышына зыянын тийгизиши мүмкүн деп тынчсызданышууда.

ЦАХАЛ бул тууралуу расмий билдирүү жасай элек. WSJ басылмасынын маалыматында, ноябрь айынын ортосуна чейин жөөт армиясы Аш-Шати качкындар лагеринен бир жарым чакырым алыстыкта кеминде беш насос орноткон. The Jerusalem Post гезити тоннелдерди каптатуу ошондо эле башталганын жазды.

Израил армиясы Газа тилкесинде 800дөн ашуун радикал топко тиешеси бар тоннелдер аныкталганын, алардын 500дөн көбү жардыруучу заттар менен жок кылынганын 4-декабрда билдирген. Алар тараткан маалыматка ылайык, тоннелдер мектептердин, мечиттердин, ооруканалардын жана спорттук жайлардын алдынан өтөт. Бул маалыматты башка булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG