Израил менен АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ”ХАМАС” радикал тобунун кармашы уланып жатат. Аймакта согуштук аракеттер 1-декабрда кайра жанданып, Израил Катардагы туткундарды бошотуу тууралуу сүйлөшүүгө катышып жаткан өкүлдөрүн чакыртып алды. Хамасчылар барымтадагы калган туткундар мындан ары ок атышууну толук токтотуу шарты менен гана бошотуларын билдирди.
Согуш уланды, эл азапка батты
Газа секторунда согуштук аракеттер кайрадан жанданганы эл тамак-аш, суунун азабын тартып, жан сактоонун амалын издеп жатат. Рафак шаарында урандылардын арасында уюштурулган кайрымдуулук ашканасында аялдар менен балдар, карыялар колдоруна чыны, табактарын көтөрүп алып, ачык асман алдында тамак бышып жаткан казандарды айланчыктап жүрүшөт. Ыктыярчы Омар Баргут ашканадагылар тамак таратып үлгүрө албай жатканын айтып берди:
"Түштүктөн түндүккө агылып келген элге тамак жасап жатабыз. Картөшкө, баклажан, буурчак кошулган тамактар. Өзүңүздөр көрүп тургандай, эл көп. Тамакты баарына жеткире алабызбы, билбейм. Газ жок, отун аябай кымбат. Колдон келгенди жасап жатабыз".
Көпчүлүктүн арасында кезекте турган өспүрүм кыз Сондос Шабан чарчаганына деле кайыл. Ал тамак берилип жатканына сүйүнөт.
"Эгер бул ашкана болбосо эмне кылмакпыз, билбейм. Аябай кыйналып кеттик. Тамак-аш, эч нерсебиз жок. Ушул жерден эле тамак күтөбүз".
Сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелди
24-30-ноябрь күндөрү Газа тилкесинде гуманитардык тыныгуу жарыяланган маалда ХАМАС 100дөн ашык туткунду бошоткон. Израилдин түрмөлөрүнөн бошотулган палестиндердин саны 350гө жеткен.
Аймакта согуштук аракеттер 1-декабрда кайра жанданган жана тараптар буга байланыштуу бири-бирин күнөөлөгөн.
Израилдин Чалгын кызматынын башчысы Давид Барнеа Катардагы туткундарды бошотуу тууралуу сүйлөшүүгө катышып жаткан өкүлдөрүн чакыртып алганы 3-декабрда белгилүү болду.
Израилдин премьер-министринин администрациясы бул Биньямин Нетаньяхунун көрсөтмөсү менен болгонун билдирген. Маалыматта сүйлөшүүлөр “туңгуюкка кептелип калганы”, ”ХАМАС” радикал тобу келишимдин бардык аялдарды жана балдарды бошотуу тууралуу бөлүгүн аткарбаганы жазылган.
The Times of Israel басылмасынын ырасташынча, ХАМАС дагы 136 адамды барымтада кармап отурат. Арасында 20 аял жана эки бала бар.
Бул арада ХАМАС радикал тобунун лидеринин орун басары Салех аль-Арури барымтадагы калган туткундар мындан ары ок атышууну толук токтотуу шарты менен гана бошотуларын билдирди.
Ал Катарда “Аль-Жазира” телеканалына курган маегинде ушул тушта куралдуу топтун барымтасында аскер кызматкерлери, же болбосо эркек-резервисттер калганын айтты.
АКШ Газанын келечегин кеп кылды
Израилдин аскерлери менен ХАМАС радикал тобу кармашын улантып жаткан маалда АКШнын вице-президенти Камала Харрис Жакынкы Чыгыштагы конфликт тууралуу Дубайда өтүп жаткан COP28 климат боюнча саммитте сүйлөп, Газанын келечеги тууралуу пикирин билдирди.
Ал көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү менен Иордандын Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде бирдиктүү палестиналык башкаруунун зарылдыгын белгиледи. Азыр Батыш жээктеги палестиндер көзөмөлдөгөн аймактарды Палестин автономиясы, ал эми Газа секторун ХАМАС радикал тобу башкарып жатат.
"АКШ эл аралык гуманитардык укуктун сакталышын жактайт. Абдан көп айыпсыз палестинер мерт болду. Газадан келип жаткан видеолор жайтургундардын азабынын, кыйроолордун масштабын көрсөтүп жатат".
Египеттин президенти Абдель Фаттах аль-Сиси менен болгон сүйлөшүүдө Харрис «АКШ кандай болгон шартта дагы Газадан же Батыш жээктен палестиндердин күч менен жер которуусуна жол бербей турганын» билдирди. Ошол эле учурда ал ХАМАС Газаны көзөмөлдөй албастыгын, бул Израилдин коопсуздугу, палестин элинин бакубат жашоосу жана аймактык коопсуздук үчүн кабыл алынгыс нерсе" экенин айтты. Харрис согуш аяктаган соң, Газаны калыбына келтирүү иши «палестин элинин өзүнүн мамлекетин куруу боюнча ачык саясий болочогунун контекстинде» жүрүшү керектигине токтолду.
Мындан тышкары ал ХАМАСтын барымтасындагыларды бошотуу жана Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн АКШ жаңы гуманитардык тыныгууларды жактай турганын айтты.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху согуштук аракеттерин уланта берерин, ошол эле учурда Израил эгер барымтадагылар бошотулса, убактылуу тыныгууларга даяр экенин айткан.
ХАМАСтын согушкерлери Израилге 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган.
Газада согуш башталганы 15 миңдей палестин набыт болуп, гуманитардык кризис уланууда. БУУ соңку күндөрү толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам киргизүүнү көбөйткөнүн, бирок ал деле аргасыз жер которгон 1.8 миллион тургундун кем-карчын толук жаба албасын билдирген.
- автор Айнура Жекше кызы
Ок атышпоо режими аяктагандан кийинки үч күндүк бомбалоону улай Израил армиясынын (ЦАХАЛ) жөө аскерлери Газа тилкесинин түштүгүнө жылды. Дүйшөмбү күнү эртең менен Хан-Юнус шаарында аба соккусунан 2 киши каза тапканын Reuters агенттиги кабарлады.
Reuters кабар агенттиги маалымдагандай, 4-декабрда Газанын түштүк бөлүгүндөгү Хан-Юнус шаарында эки киши каза тапты, бир турак жай талкаланды.
Үй-жайсыз калган тургундар түндүк тарапта болуп жаткан кармаштардан качып келгенин, бирок бул жер да кооптуу болуп калганын, баш калкалоочу жайлар бозгундарга толуп калганын айтып беришти. Алардын бири Несрине Абделмоти аттуу Газанын тургуну мындай дейт:
"Өзүңөр карасаңар, бул жакта каршылык көргөзгөн киши жок, ХАМАС да жок. Үйдө аялдар эле бар болчубуз. Эч нерсебиз, бараар жерибиз жок, эмне кылышыбыз керек? Биз чарчадык. Жетишет”.
Ушу эле күнү эртең менен ЦАХАЛ Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнгө жайгаштырган билдирүүдө газалыктарга 20 чакты райондон түштүктү көздөй чыгып кеткиле деп көрсөтмө берген.
Израил жекшембиде ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобуна каршы жердеги операциясын Газанын бүтүндөй аймагына жайылтканын, уруш түндүк тараптагыдай эле “катуу жүрөрүн” билдирген.
"ЦАХАЛ ХАМАСтын борборлоруна каршы жердеги операциясын Газанын бүтүндөй аймагына жайылтууда. ХАМАСтын борборлору бар жерлерде армиябыз аракет көрүүдө. Биздин күчтөр террорчулар менен бетме-бет согушуп, аларды жок кылып жатат", - деп айткан Израил армиясынын маалымат катчысы Дениэл Хагари.
Жөөт армиясы тилкенин жайкын жашоочуларына келтирилген зыянды азайтуу үчүн “коопсуз зоналарды” аныктаганын айтканы менен, БУУ жана жергиликтүү тургундар Интернет жана электр энергиясы үзүл-кесил берилгендиктен, буйрукту аткаруу кыйын деп эсептешет.
Израил армиясы Хан Юнистен эвакуацияланууга чакырган баракчаларды учактардан таштаган. Бирок Египет менен чек арадагы Рафах шаарына баш калкалабоого үндөгөн. Хан Юнис аймагындагы кээ бир кан жолдор бөгөттөлгөнүн Reuters агенттиги маалымдады.
Израил бомбалоону кайра уланткандан бери Газада гуманитардык кризис кайрадан курчуду.
Хан Юнистин четиндеги качкындар лагери 2 миңдей кишиге эсептелсе, ал жакта 8 миңдей киши баш калкалап жатат.
Бир аптага созулган ок атышпоо жөнүндө макулдашуу мөөнөтү соңуна чыккандан кийин анклавга жеткирилген гуманитардык жардам дагы азайды.
Палестиналык маалымат каражаттары ишемби-жекшемби күндөрү израилдик аскерлер качкындар лагерлерине, ооруканаларга сокку урганын кабарлашты.
Ал тапта жекшембинин таңынан бери Насер ооруканасына жарадар болгон бейтаптар агылганы маалымдалды.
Согуштук аракеттер 1-декабрда ок атышууну убактылуу токтотуу жөнүндө макулдашуу мөөнөтү аяктагандан кийин жанданган. Бир аптанын ичинде ХАМАС радикал тобунун барымтасынан 105 киши бошотулуп, Израил өз түрмөлөрүндө отурган 240 палестиналыкты коё берди.
ЦАХАЛ ишембиде жоочулар 17 аял менен баланы барымтадан чыгаруудан баш тартканын, бул ошол кезге чейин улам узартылып келген келишимдин бузулушуна алып келгенин билдирген. Бирок ХАМАС радикал тобу бардык аялдар менен жашы жете элек балдарды бошотконун, Газада ок атуу токтомоюнча, туткундар айырбашталбай турганын айтууда.
ХАМАС көзөмөлдөгөн тилкенин Саламаттык сактоо министрлиги жекшембиде тараткан маалыматка ылайык, согуш жүрүп жаткан дээрлик эки айда 15 миң 400 киши набыт болду. Израил согушкерлер кол салган 7-октябрдан бери 1 миң 200дөй киши каза тапканын, 240 чакты киши барымтага алынганын билдирген.
Reuters кабар агенттиги жазганына караганда, АКШ менен БУУнун тынч тургундарды коргоо чакырыктарына карабай, Израиль армиясы Газанын борбордук жана түштүк бөлүктөрүн бомбалоону улантты. Натыйжада ондогон палестиналык каза тапты, жарадар болду.
Ок атышууну убактылуу токтотуу макулдашуусу соңуна чыккандан кийин курмандыктар өсүп жатканы тууралуу суроого Вашингтондун жогорку өкүлү жөөт бийлиги карапайым калкты коргоо үчүн жетиштүү чара көрүп-көрбөгөнүн айтуу азыр эрте экенин, аскерлери коопсуз деп аныктаган зоналарга сокку урбайт деп ишенерин билдирди.
Жергиликтүү жашоочулар жана журналисттер Израил элге коопсуз жайга көчүү тууралуу эскерткен райондор да чабуулдарга туш болгонун айтып беришти.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилди Газадагы ансыз да оор гуманитардык абалды андан ары таталдаштырбоого чакырды.
Уюмдун Палестиналык качкындар боюнча агенттигинин жетекчиси Филипп Лаззарини согуштук операциянын жанданышы менен “өткөн апталардагы коркунучтуу кырдаал кайталанганын”, бомбалоолор буга чейин жер которууга аргасыз болгон элди кайрадан башкалка издөөгө түрткөнүн, ооруканалар толуп калганын, гуманитардык абал ого бетер кыйындаганын белгиледи.
БУУнун маалыматына караганда, согуш башталгандан бери чакан тилкенин 2,2 миллиондон ашуун калкынын 80% өз үйлөрүн таштап, туштүк тарапка агылган.
Жоочулардын 7-октябрдагы кол салуусунан кийин ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобуна каршы согуш ачкан Израил өткөн жекшембиде операциясын анклавдын түштүгүндө кеңейтип жатканын билдирген.
Анын алдында, 1-декабрда арчылардын көмөгү менен ок атышууну убактылуу токтотууга жетишилген. Бир аптанын ичинде ХАМАС радикал тобунун барымтасынан 105 киши бошотулуп, Израил өз түрмөлөрүндө отурган 240 палестиналыкты коё берди. Газага гуманитардык жардам алып кирүүгө шарт түзүлгөн.
ХАМАС башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги уруш башталган 8 жумада 15 миң 899 палестиналык каза тапканын, 70% аялдар менен балдар экенин билдирди.
Израил 7-октябрдан бери 1 миң 200дөй киши каза тапканын, 240 чакты киши барымтага алынганын билдирген. Шейшембидеги маалыматка караганда, жерде операция башталгандан бери 79 аскери набыт болду.
- автор Элиза Кененбаева
АКШ менен Бириккен Улуттар Уюмунун карапайым тургундарды коргоо чакырыктарына карабай, Израилдин армиясы Газанын түштүк бөлүгүнө абадан сокку урууну улантты. Жыйынтыгында ондогон палестиндер набыт болду. Талдоочулар Хан-Юнисте буга чейин болуп көрбөгөндөй кармаш болорун эскертип жатышат.
Израил армиясы 5-декабрдын таңында Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарын бомбалоону улантты. Түнү менен "Тез жардам" автоунаалары ооруканага жараат алгандарды тынбай ташыды. Калаанын госпиталдарында бейтаптардан тышкары миңдеген качкындар баш калкалоого аргасыз. Алардын баары жөөт армиясы анклавдын түндүгүнө сокку ура баштаганда, түштүктү көздөй агылууга мажбур болгон. Согушка чейин 400 миң киши жашаган шаарда учурда миллиондон көп бозгун бар. Алар негизинен Бириккен Улуттар Уюмунун лагерлеринде, мектептерде жана ооруканаларда баш калкалап жатышат. Аймактагы Кызыл жарым ай коому билдиргендей, Газа тилкесинде жашаган эки миллиондон көп адамдын 70% учурда анклавдын түштүгүнө топтолду.
Эми жөөт армиясы түштүктө операциясын баштап, карапайым тургундарды ал жактан да чыгып кетүүгө чакырууда.
ЦАХАЛ калаанын чыгыш жана түндүк бөлүктөрүнүн тургундарына алдыда аскердик операция болорун абадан ыргытылган кагаздар, телефон жана социалдык тармактар аркылуу эскертти.
Анткен менен ыктыярчылардын жана эл аралык уюмдардын айтуусунда, учурда тилкеде дээрлик коопсуз жер жок.
“Карапайым тургундар Газада коопсуз жер таба албай жатканына кайдыгер кароого болбойт”, - деди Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун президенти Мирьяна Сполярич.
Спутниктен алынган сүрөттөрдөн ЦАХАЛдын аскерлери жана аскердик техникасы Хан-Юниске жакындаганын көрүүгө болот. Жөөт армиясынын жүйөсүнө караганда, аталган калаада ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун жетекчилиги жашырынып жатышы мүмкүн. Андан тышкары Израил бийлигинин эсебинде, радикал топ барымтага алган адамдар да ошол жакта болушу ыктымал. Бул калаа - радикал уюмдун лидери Яхья Синвардын кичи мекени.
Маалыматтарга караганда, Хан-Юнистин батыш тарабында хамасчылар менен жөөт аскерлери кармашып жатышат.
Байкоочулардын баасы
Талдоочулардын айтымында, израил күчтөрү Хан-Юнисте түндүккө караганда хамасчылар катуу айбат көрсөтүшү мүмкүн.
“Эгер ХАМАС Хан-Юнисти алдырса, анда алар жок болот. Ырас, кандайдыр бир анклавдарды түзүп алышы мүмкүн. Бирок борбордук бөлүктөрүнөн айрылат”, - деген Улуттук Коопсуздук иликтөө институтунун улук илимий кызматкери Коби Майкл The Wall Street Journal басылмасына курган маегинде.
Израил өкмөтүнүн маалымат катчысы Эйлон Леви 5-декабрда өткөн брифингде билдиргендей, ЦАХАЛ Газа тилкесиндеги ХАМАС уюмуна каршы аскердик операциянын экинчи баскычына киришти. Ал дагы бул жолу салгылаш катуу болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Израил армиясы ХАМАС уюмун жок кылуу максатында Газага чабуулун 7-октябрда баштаган. Буга аталган радикал уюмдун Израилге кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алып кеткени түрткү болгон.
Өткөн аптада бир жумага созулган ок атпоо жана туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашуудан кийин Израил армиясы операциясын жандантты.
Аймакта гуманитардык кризис күч алып, абал оор экенин Улуттар Уюму улам эскертип жатат.
The Wall Street Journal басылмасы америкалык аткаминерлерге таянып, Израил ХАМАС радикал уюмунун жер алдындагы туннелдерин суу менен каптатып жиберүүнү көздөп жатканын жазды. Маалыматка караганда, Тель-Авив азырынча бул боюнча соңку чечимин кабыл ала элек.