Шейшембиде ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун лидери Исмаил Хания ок атышууну токтотуу келишимине жакындашканын билдирди.
Ал эми Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаньяху кабинет жыйынында барымтадагылар жакын арада бошотулат деген жакшы жаңылык аларына үмүттөнгөнүн айтты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.
Ошол эле күнү кечинде АКШ президенти Жо Байден ХАМАС Газа тилкесинде кармап турган кишилердин бошотулушун камсыздоого “өтө жакынбыз” деп билдирди.
Тель-Авив жоочулардын колунда 240тай киши бар экенин билдирген. Алдардын көбү израилдиктер, арасында балдар менен кары-картаңдар бар. Буга чейин саналуу киши гана бошотулду же сөөктөрү өткөрүлүп берилди.
Катар ортомчу болгон сүйлөшүүлөрдөн кабары бар булактын айтымында, төрт күндүк тыныгуу маалында согушкерлер 50 аялды жана наристени, арасында чет өлкөлүктөрдү кое берет, Израил палестиналык 150 туткунду, негизинен аялдарды, жашы жетелек балдарды бошотот деген шарт талкууланууда.
АКШнын расмий өкүлү ушундай эле сандарды келтирди жана бул – алдын ала маалымат, соңку варианты макулдашылууга тийиш деп кошумчалады.
Мунаса табылса, алты аптадан бери уланып жаткан согушта биринчи жолу тыныгуу жарыяланмакчы жана барымтадагылар жапырт бошотулат.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху шаршембинин таңында Газа тилкесиндеги согуштук аракеттер кеминде төрт күнгө токтотулганын жарыялады.
Бул аралыкта ХАМАС радикал тобу барымтадагы 200дөн ашуун адамдын 50сүн бошотуп берүүгө тийиш.
WhatsApp аркылуу тараган маалыматта Израил ХАМАС барымтада кармап турган адамдардын бардыгын бошотууну көздөп жатканы жазылган.
"Өкмөт бул максаттын алгачкы кадамын ишке ашыруу планын жактырды, 50 адам - аялдар менен балдар жакынкы төрт күн ичинде бошотулат. Бул аралыкта ок атышуу токтотулат", - деп жазылган анда.
Нетаньяху барымтадагыларды бошотуунун кийинки баскычында ок атышуу бир күнгө токтотулуп, согушчандардын колундагы 10 киши бошотуларын билдирди.
ХАМАС жана эки тараптын ортосунда арачылык кылып жаткан Катардын өкүлдөрү Изарил өкмөт башчысынын билдирүүсүнө комментарий бере элек.
Ок атышууну токтотуу бейшембиден тарта башталышы ыктымал, анткени Израилдин сот органдары келишимдин мыйзамдуулугуна баа берүүгө тийиш.
New York Times Израилдин бийлигиндеги булактарына таянып билдиргендей, Тель-Авив ХАМАСтын колунда барымтада турган 50 кишини бошотуу үчүн өз түрмөлөрүндө кармалып турган 150 палестиндикти бошотууга макул болгон.
Ок атышуу токтогон кезде израил армиясы Газа тилкесиндеги позицияларында кала берет. Газанын түндүгүнөн коопсуз жакка чыгып кеткен палестиндиктер кайтып келе албайт.
Шейшембиде ХАМАС радикал тобунун лидерлеринин бири Исмаил Хания тараптар макулдашууга жакындап калганын билдирген.
Би-Би-Си: Катар келишим түзүлгөнүн расмий жарыялады
Израил менен ХАМАСка (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп табылган топ) ортомчу болгон Катардын бийлиги келишим түзүлүп, анын негизинде жоочулар 50 израилдик туткунду бошоторун жана Газада ок атышуу төрт күнгө токтотуларын расмий билдирди. Израил өз кезегинде абакта отурган айрым палестиналыктарды өткөрүп берет.
"Макулдашууга ылайык, 50 жаран бошотулат, Алар Учурда Газада кармалып турган - аялдар менен балдар. Алар израилдик түрмөдө кармалып турган адамдарга алмашылат, алардын саны келишим күчүнө киргенден кийин акыркы этаптарда белгилүү болот", - деп айтылат Катардын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.
Катар бийлиги Египеттин жана АКШнын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөргө катышат. Вашингтон буга чейин келишим "24 саат ичинде ишке кирерин" билдирген.
Израил өкмөтү Газа тилкесиндеги согушкерлердин барымтасында турган туткундарды бошотуу жума күнү башталарын бейшембиге караган түнү жарыялады. Толук курчоодо калган палестин анклавында согуш кеминде төрт күнгө токтой турганы шаршембиде жарыяланган. Бул маалда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) барымтадагы 200дөн ашуун туткундан 50нү бошотуп берүүгө тийиш.
Жетишилген макулдашуу бир жарым айдан берки согуштагы биринчи олуттуу дипломатиялык жетишкендик деп сыпатталууда.
Эки тарапка ортомчу болгон Катар макулдашууга жетишүүгө АКШ, Египет аралашканын белгилеп, документтин тексттин жарыялады. Жаатташкан эки жак тең биринчи кезекте аялдарды жана балдарды бошотуп, камоодо калган палестин анклавына гуманитардык жардамдын көлөмү көбөйөт, күйүүчү май жеткирилет. Төрт күндүк ок атпоо режими андан ары узартылышы да ыктымал.
Палестин автономиясынын түрмөдө отургандар боюнча комиссиясынын башчысы Кадура Фарез документте эки пункт макулдашылганын белгиледи. "Израил тарап абактардагы бейкүнөө балдарды жана аялдарды коё берет, бирок аскерлер кошулбайт. Түрмөлөрдөн 150 кишини бошотот. Бул режим узартылса абакта эң узак отурганына карап 180 кишиге чейин жетиши ыктымал", - деди Палестин автономиясынын өкүлү.
22-ноябрда Израилдин юстиция министрлиги өлкөнүн түрмөлөрүнөн коё берилиши ыктымал делген палестиндердин тизмесин жарыялады. Times of Israel интернет гезити тизмеде 300 киши бардыгын жазды. Алардын 287и 18ге чыга элек өспүрүм жигиттер. Алардын көбү Батыш Жээкте жана Чыгыш Иерусалимде таш ыргытканы үчүн камалган. Тизмедеги 13 аялдын басымдуусу бычак менен кол салганы үчүн түрмөгө түшкөн. Гезит белгилегендей, жөөт өкмөтүнүн чечимине ылайык, Газа тилкесинде согушкерлердин барымтасында отурган 100 туткун Израилге аман-эсен келгенден кийин гана палестиндер абактардан чыгарылат.
Макулдашууга ылайык, 7-октябрда согушкерлер Израилдин аймагында барымтага алган 220 туткундан 50 кишини бошотот. Куралдуу жоочулар жөөт шаар-кыштактарына кол салганда 1200 кишинин өмүрү кыйылган.
"Туткундарды бошотуу эки тараптын алгачкы макулдашуусуна ылайык, жума күндөн эрте башталбайт", - деп билдирди жөөт өкмөтүнүн кеңешчиси Цахи Ханегби.
Шейшембинин кечинде премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун кеңсеси жоочулардын барымтасындагы 50 аял менен балдар төрт күндүн ичинде бошотуларын, күнүнө кеминде 10дон киши кое берилет деп билдирген. Дагы 10 киши азат кылынат деген шартта ок атышпоо режими узартылышы ыктымал. Жөөт өкмөтү барымтадагылардын бардыгын үйлөрүнө кайтарууну максат кыларын, биринчи кадам ташталганын кошумчалады.
Нетаньяху шейшембиде Министрлер кабинети убактылуу ок атпоо режимине добуш берердин алдында Израил "бардык максатына толук жетмейинче" ХАМАС экстремисттик тобуна каршы согушту улантарын айтты.
"Биз согушту улантабыз. Максатыбызга жетмейинче - ХАМАСты жок кылып, барымтадагыларды кайтарып, дайынсыздарды таап, Газа тилкесиндеги Израилге коркунуч туудурган элементтерди тазаламайынча согушту уланта беребиз", - деди Нетаньяху.
Ок атуу токтогон кезде жөөт аскерлери Газа тилкесиндеги ээлеген позицияларында кала берет. Газанын түндүгүнөн коопсуз жакка чыгып кеткен палестиндиктер үй-жайына кайтып келе албайт. Улуттар Уюмунун агенттиктеринин эсебинде, анклавдагы 2 миллиондон ашуун калктын 1.7 млн киши үй-жайын таштап, качкынга айланды.
Газа тилкесинде жөөт аскерлеринин адегенде абадан, андан кийин жердеги соккуларынан өлгөндөрдүн саны 13 миңден ашты. Алардын алты миңге чукулу балдар, 3 жарым миңдейи аялдар. Хамас көзөмөлдөгөн аймактык бийлиги берген бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.
Толук курчоодо калган аймакта таза суу, тамак-аш, дары-дармек сыяктуу жашоого эң зарыл нерселер тартыш. Согуш башталганда Израил электр жарыгын берүүнү токтотуп, Газаны караңгылык каптады.