Газанын саламаттык сактоо мекемесинин өкүлдөрү жана Ал-Шифа ооруканасынан чыга албай калгандар Израилдин балдар жана башка жабыркагандар эвакуацияланып жатат деген сөздөрүн четке какты. Алардын айтымында, ооруканага жакын жерде кармаштар уланууда, эң зарыл нерселер түгөнүп баратат, электр энергиясы жок.
11-ноябрда Израил армиясынын өкүлү Даниел Хагари оорукананын чыгыш тарабы бейтапканадан чыгып кетүүнү каалаган газалыктар үчүн ачык экенин, жекшемби күнү ымыркайлар коопсуз жайга жеткирилерин билдирген.
Маалымат каражаттары жазганын караганда, жекшембиде Газанын тургундары тилкеге ири сокку урулганын, оорукананын айланасы катуу аткыланганын маалымдашкан. Израил медициналык комплекстин ичине жана астына командалык пунктту жашырган деп ХАМАСты айыптаганын, бирок далилдерди келтирбегенин Ассошийэтед Пресс агенттиги жазды. Радикал топ жана оорукананын кызматкерлери андай маалыматты четке кагышты. Уюмду АКШ жана Еврошаркет террордук деп тааныган.
Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканадагы ишембиде акыркы генератордо күйүүчү май түгөнгөндө, инкубатордогу үч ымыркай чарчап калганын, төрт бейтап каза тапканын, дагы 36 наристенин өмүрү кооптуу абалда экенин билдирди. Мекеме ал жакта кеминде 2300 киши бар деп кошумчалады. Бирок көз карандысыз булактардан муну ырастоо мүмкүн эмес.
Көптөгөн өлкөлөрдө жерге мина коюуга тыюу салынса дагы бир топ адам өмүрү ошонун айынан кыйылат. Бул маселе менен алектенген уюмдар тобу 14-ноябрда жарыялаган Landmine Monitor 2023 докладында белгилегендей, Орусия Украинага жок жерден ачкан согушта миналоону кеңири пайдаланууда. Киев Москвадан айырмаланып, Минага тыюу салган эл аралык конвенцияга кол койгон.
Докладдын авторлору былтыр 51 өлкөдө минадан 4 миң 710 кишинин жабыркаганы катталганын жазышкан. Алардын арасынан 1 миң 661 киши каза тапты. Алардын 85% жөн-жай адамдар, жарымы балдар.
Курмандыктар жагынан Украина 608 киши менен Сириядан кийинки экинчи орунду ээледи. Конвенцияга кошулбаган Сирияда 834 киши минага жарылып, өмүр менен кош айтышкан.
Маалыматка ылайык, Орусия украин аскерлеринин жазгы контрчабуулу алдында майдан тилкесиндеги 174 миң чарчы километр аянтты миналап салган. Муну менен Украина эң көп миналанган өлкөгө айланды.
Адистердин баамында, алардан тазалоо үчүн согуштан кийин да ондогон жылдар кетмекчи.
Муну менен катар докладдын авторлору “ишенимдүү булактарга” таянып, Украина 2022-жылы конвенцияны бузуп, орус оккупациясында калган Изюм шаарын жана айланасын миналаганын билдирди.
Былтыр ноябрда Украинанын коргоо министринин орун басары Александр Полищук Human Rights Watch уюмунун катына жооп бергенде Киев “согуш аяктагыча кандай курал колдонгону тууралуу маалымат бере албасын” айткан.
1999-жылы күчүнө кирген Жердеги минага каршы конвенцияга 164 мамлекет кошулган. АКШ ал макулдашууга кол койгон эмес.
Соңку маалыматта шейшембиде Газа тилкесиндеги Аш-Шифа медициналык комплексин израилдик танктар курчаганы кабарланды. Улуттар Уюмунун эсебинде ооруканада миңдеген, балким 10 миңдей киши – бейтаптар, медициналык кызматкерлер, аргасыз баш калкалангандар турат.
Израил Газа тилкесиндеги ири медициналык комплекстин ичине жана астына ХАМАС (АКШ менен Европада террордук уюм деп таанылган) командалык пунктун жашырган деп айыптады. Радикал топ менен оорукананын жамааты аны четке каккан.
Израил армиясынын (ЦАХАЛ) аба соккуларынан кийин Аш-Шифа ооруканасы кыйсыпыр түшүп, жарадар болгон же жакындарын жоготкондордун ызы-чуусуна толду.
Бир айдан ашуун согушта палестин анклавындагы эң ири медициналык комплекстин көпчүлүк бөлүмдөрү оорукананын айлана-тегерегинде жүрүп жаткан кармаштардан улам иштебей калды.
Газадагы ооруканалардын жетекчиси Мохаммед Закут кырдаал апаатка айланып баратканын сүрөттөдү.
"Ооруканалардын коридорлорунда ары-бери жылып жүргөндөр бутага илинип, кирип-чыгууга мүмкүн эмес. Шиванын чыгышы болобу, батышы болобу - коопсуз коридор деген жок", - деди догдур Закут.
77 жыл мурда салынган Шифа - Газа тилкесинин Римал районунда жайгашкан анклавдагы эң чоң медициналык комлекс. Анын курамына үч оорукана кирет.
Согуш башталганы ооруканада жанан анын айлана-тегерегинде ондогон палестин баш калкалап турат.
Бирок соңку сааттарда бир топ тургун, медициналык кызматкер чыгып кеткенин Улуттар Уюму билдирди.
Мохаммед Закут дүйшөмбүдө билдиргендей, медициналык комплексте 650 бейтап, 500 медициналык кызматкер жана болжол менен 2,5 миңдей баш калкалаган киши калды.
Жекшембиде ооруканадагы генераторго куйган май түгөнүп, бир нече бейтап, анын ичинде ара төрөлгөн ымыркайлар чарчап калды. Комплекстеги генераторлор иштеп турушу үчүн саатына 500 литр май керек.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Аш-Шифадагы кырдаал "оор жана кооптуу" экенин, оорукана дээрлик иштей албай калганын белгиледи.
"Үч күндөн бери электр жарыгы, суу жок, токтобогон жарылуулар менен аткылоолор ансыз да араң турган кырдаалды оорлотту", – деди эл аралык уюмдун жетекчиси Теодор Гебреисус.
АКШнын президенти Жо Байден дүйшөмбүдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "бул оорукананы коргоо керек" деп айтты.
"Ооруканага карай азыраак радикалдык аракеттер жасалат деген үмүт менен ошону күтөм",- деди америкалык лидер. Ал "израилдиктер менен бул маселени талкуулай турганын" кошумчалады.
Израил медициналык комплекстин ичине жана астына ХАМАС командалык пунктун жашырып, карапайым калкты калкан кылып жатат деп айыптады. Бирок ага далил келтирбегенин "Ассошиэйтед Пресс" агенттиги жазды.
Радикал топ жана оорукананын кызматкерлери ЦАХАЛдын маалыматын четке какты.
ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемесинин өкүлдөрү жана Шифа ооруканасынан чыга албай калгандар жөөт армиясынын балдар жана башка жабыркагандар эвакуацияланып жатат деген билдирүүсүн четке каккан.
11-ноябрда ЦАХАЛдын өкүлү Даниел Хагари оорукананын чыгыш тарабы чыгып кетүүнү каалаган палестиндерге ачык экенин, оорукананын кызматкерлери менен түз байланыш бардыгын маалымдаган.
Ал-Кудс ишин токтотту, БАПОРдун эскертүүсү
Газа тилкесиндеги экинчи чоң оорукана палестиндердин Кызыл чырым уюму билдиргендей, өткөн дем алууда күйүүчү май түгөнүп, жарык өчкөндө ишин токтотту.
Ал-Кудс ооруканасында операция болуп төрөгөн Федаа Шанган түштүк тарапка качып бараткандарга кошулууга аргасыз болгон.
"Жараатым айыга элек. Чарчап-чаалыгып, араң эле турам. Алар оорукананы танктар, бульдозерлер менен курчап аткылашты. Бейтаптар, балдар, аялдар, кары-картаңдар менен эч кимдин иши жок", - деди илкип баскан аял.
Кызыл чырым уюму дүйшөмбү күнү тынымсыз ок атуулардан улам ооруканага менен байланыша албаганын билдирди.
Улуттар Уюмунун Палестин качкындары боюнча агенттиги (БАПОР) күйүүчү май тартыш болгондуктан, Газадагы иши токтоп калышы мүмкүн экенин дүйшөмбү күнү эскертти.
“Газага күйүүчү май жеткирүүгө уруксат берилбесе, гуманитардык операциялар 48 саат ичинде үзгүлтүккө учурашы ыктымал”, - деп жазды агенттиктин Газадагы директору Томас Уйат Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнгө.
Палестин качкындары боюнча агенттиктин жетекчиси Филипп Лаззарини күйүүчү майдын корун толуктоо өтүнүчүн жөөт аскерлери жоопсуз калтырганын билдирди.
Израил бийлиги күйүүчү майды ХАМАС согуштук аракеттер үчүн колдонуп жатканын, анын кору тилкедеги муктаждыктарды жабууга жетиштүү экенин жүйө келтирди.
ХАМАС радикал тобу көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин администрациясы согушта 11 миңден ашуун киши набыт болгонун, алардын 8 миңдейи балдар менен аялдар экенин, жараат алгандар 30 миңге чукулдаганын маалымдады. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.
ЦАХАЛ Газа шаарына "тереңдеп" кирди
Жөөт армиясы Газанын кварталдарына тереңдеп кирип, хамасчыларга сокку урууну күчөткөнүн жекшембиде кабарлады. ЦАХАЛдын өкүлү 20 кишини кармап, алар Израилде сурак берип жатканын билдирди.
Жөөт аскерлери анклавдагы ал-Рантисси балдар ооруканасынын жер төлөсүндө ХАМАСтын жоочуларынын курал-жарак кампасы табылды делген сүрөт, видео көрсөттү. Алар бул жерде 7-октябрда согушкерлер барымтага алган израилдиктер кармалган болушу толук ыктымал экенин айтышты.
Хагари көрсөткөн кадрларда кадимки турак үй, чакан ашкана жана ага жанаша казылган туннел шахтасы көрүнөт. ЦАХАЛдын өкүлү туннел ХАМАСтын аскер-деңиз командирлеринин биринин үйүнө алып барарын айтты. Бирок эл аралык медиа агенттик видео качан жана кайда тартылганан бышыктай албай турганын эскертти.
Премьер-министр Беньямин Нетаньяху эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотуу талабын четке кагып, Газа тилкесинде ХАМАСтын жоочулары жок болмоюнча кармаш улана турганын кайталады.
"Эгер тынчтыкты кааласак, анда ХАМАСты жок кылуу шарт. Израил аны жасашы керек жана анын өтөөсүнө чыгат", - деди Нетаньяху америкалык NBC агенттигине жекшембиде.
Израил бийлиги Газа тилкесинде жердеги аскердик операциялар башталгандан бери 41 жоокеринен айрылганын билдирди.
7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилге кол салганда 1200 кишини өлтүрүп, 200дөн ашуун адамды Газанын аймагына барымтага алып кеткен.
Өткөн жума күнү Израил кандуу кол салууда набыт болгондордун расмий эсебин 1400дөн 1200гө өзгөрттү. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лиор Хайат түшүндүргөндөй, бул акыркы статистика эмес, бардык сөөктөр аныкталгандан кийин дагы өзгөрүшү мүмкүн. Хамастын согушкерлеринин колунан өлгөндөрдүн арасында чет өлкөлүк жарандар да бар.
БУУ соңку күндөрдө 200 миңдей палестиналык Газанын түндүк бөлүгүн таштап кеткенин, түштүктө гуманитардык абал кескин начарлаганын 14-ноябрда билдирди. Маалымат боюнча тилкенин түндүгүндө бир гана оорукананын бейтаптарды кабыл алууга шарттары бар. Израил жергиликтүү тургундарды Газа шаарынан жана айланасындагы райондордон чыгып кетүүгө чакырган.
Тилкенин түштүк тарабында орун алган баш калкалоочу жайлар толуп калган. БУУнун кызматкерлери 160 кишиге бир ажаткана туура келерин айтышат. Согуш башталгандан бери жалпысынан Газада 1,5 миллион киши там-ташын таштап кетүүгө аргасыз болду.
Ал арада анклавдагы ири Аш-Шифа ооруканасында камалып калгандар курчоо маалында каза болгон бейтаптарды көмүүгө камданганын Рейтер агенттиги кабарлады. Алар ымыркайларды эвакуациялоо планы жок экенин айтышууда. Ага чейин Израил көчмө инкубаторлорду жөнөтүүгө убада берген.
Медициналык комплексти курчоого алган Израилдин аскерлери ал жерде ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобу "командалык пунктту жайгаштырган, бейтаптарды тирүү калкан кылып пайдаланууда" деп айыптап келишет. Уюм муну танып, ооруканада 650 бейтап менен 5-7 миң жер которгон киши калганын, алар дрондор менен көзгө атарлардын бутасына айланганын айтууда.
Согушкерлердин маалыматына караганда, 40 бейтап каза болду, арасында инкубаторлору күйүүчү майсыз иштебей калган ара төрөлгөн үч ымыркай бар.
Израил оорукана камоолго алынганы тууралуу маалыматтарды четке кагууда жана ичиндегилер үчүн чыгып кетүү жолдору түзүлгөнүн билдирди. Дарыгерлер жана комплекстегилер чыгуу аракетин көргөндөр аткылоого туш болгонун айтышууда.
Маалымат каражаттары, анын ичинде “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна бул кабарларды көз карандысыз булактардан текшерүүгө мүмкүн болбой турат.