Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

21:29 14.12.2023

ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу башкарган анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги 14-декабрдын таңында израилдик аскерлердин соккусунан кеминде 26 киши каза тапканын маалымдады.

Бир күн мурда АКШ президенти Жо Байден “туш келди бомбалоолордон” улам Израил эл аралык колдоодон ажырап баратканын айтып, премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну сындаган. Бирок жөөт өкмөт башчысы ХАМАСка каршы согушта “жеңишке жетмейинче турарын” эскертти.

16:02 14.12.2023

Израил бейшембиде да Газа тилкесин бомбалоону улантты. АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу башкарган анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги 14-декабрдын таңында израилдик аскерлердин соккуларынан кеминде 19 киши каза тапканын маалымдады.

Бир күн мурда АКШ президенти Жо Байден “туш келди бомбалоолордон” улам Израил эл аралык колдоодон ажырап баратканын айтып, премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну сындаган. Бирок өкмөт башчы ХАМАСка каршы согушта “жеңишке чейин” турарын эскертти. Израилдин тышкы иштер министри Эли Коен согуш “эл аралык колдоо менен же ансыз да улана берерин” билдирди.

Газанын 2,2 миллион калкынын 1,9 миллионго жакыны бомбалоо, салгылашуулардан качып, түштүк тарапка жер которгон. Эл аралык уюмдар саламаттыкты сактоо системасы кыйраганын, ооруканалардын көбү жабык турганын, жугуштуу ооорулар жайылып баратканын эскертишүүдө. Рейтер кабар агенттиги Насер ооруканасынын дарыгерлерине шилтеме менен гепатиттин А түрүнө чалдыккан 30 бейтап катталганын билдирди.

Кабар агенттиктери Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, согуш жүрүп жаткан эки айдан ашуун убакыттан бери 18 миң 600 киши каза тапканын, көбү аялдар менен балдар экенин жазышты.

Израил ХАМАСтын 7-октбярдагы кол салуусунан 1 миң 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши бармытага алынганын билдирген. ЦАХАЛ тилкеде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдады.

Ок атуу бир аптага убактылуу токтогондо барымтадагылардын 100дөн көбү бошотулуп, ушу тапта жоочулардын колунда 136 адам калган.

19:41 13.12.2023

БУУ Газада ок атышууну токтотуу боюнча резолюция кабыл алды

Израилдин армиясы Газага бир суткада абадан 250дөн ашык сокку урганы кабарланды. Тилкеде 36 оорукананын 11и гана жарым-жартылай иштеп жатканы, гуманитардык жардам өтө аз көлөмдө кирип жатканы айтылууда.

БУУнун Башкы ассамблеясы көпчүлүк добуш менен Газа тилкесиндеги ок атышууну дароо токтотууга чакырган резолюцияны кабыл алды.

Соңку бир суткада Израилдин күчтөрү Газа тилкесине 250дөн ашык абадан сокку урганын Times of Israel басылмасы өз булактарына таянып жазды. Шаршембиде Haaretz басылмасы кабарлагандай, Газа тилкесинин түндүгүндөгү салгылашта 10 жөөт аскери каза болгон, Израилдин аскердик жоготуулары 115ке жетти.

Насер ооруканасы. Хан-Юнис шаары, 12-декабрь, 2023-жыл
Насер ооруканасы. Хан-Юнис шаары, 12-декабрь, 2023-жыл

Учурда Газа тилкесинде гуманитардык кырдаал курч бойдон. Эл аралык уюмдар жардам өтө аз көлөмдө кирип жатканына тынчсызданууда. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму учурда ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобу көзөмөлдөгөн анклавда 36 оорукананын 11и гана жарым-жартылай иштеп жатканын билдирди.

"Насер ооруканасында беш хирургиялык операциялык бөлмө бар. Орто эсеп менен күнүнө 30 операция жасалышы керек. Бирок биз чукул жасалчу оор операциялар менен күнүмдүк операциялардын ортосунда тандоого мажбурбуз. Эки жакка тең жетишүү мүмкүн эмес. Оорукана бейтаптарга толгон", - дейт Насер ооруканасынын дарыгери Хайтам Каллаб.

ХАМАС радикал тобу көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгынын соңку маалыматына ылайык, жөөт армиясынын операциясынын жыйынтыгында 18 миңдей киши набыт болгон, 50 миңден ашууну жараат алган. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

БУУнун резолюциясы

Бул арада БУУнун Башкы ассамблеясы көпчүлүк добуш менен Газа тилкесиндеги ок атышууну дароо токтотууга чакырган резолюцияны кабыл алды. Аны БУУга мүчө 153 мамлекет анын ичинде Кыргызстан, коңшу Казакстан жана Өзбекстан колдоду.

Документке 10 өлкө, анын ичинде Израил, АКШ жана Австрия каршы добуш берди.

Улуу Британия, Германия жана Украина баштаган 23 өлкө добуш берүүдөн баш тартты.

Документте "бардык тараптар карапайым тургундарды коргоо боюнча эл аралык укук, анын ичинде гуманитардык укук боюнча алган милдеттемелерин сакташы керек" деп жазылган. Андан тышкары бардык туткундарды токтоосуз бошотуу чакырыгы камтылган.

Израилдин БУУдагы элчиси Гилад Эрдан добуш берүүнүн алдында резолюцияда ХАМАС радикал тобун айыптоо жок болгондуктан, аны “эки жүздүү” деп сыпаттады.

"Эч бир документ, айрыкча бир жактуу, саясатташкан көпчүлүк тарабынан кабыл алынган документ Израилди жок кылууну көздөгөндөрдөн коргонуусуна тоскоол боло албайт. Израил өзүнүн келечеги үчүн согушууда", - деди ал.

Ал эми Палестинанын БУУдагы өкүлү Рияд Мансур добуш берүүнү "тарыхый күн" деп мүнөздөдү.

"Элибизге жасалган бул агрессиянын аягына чыкканга чейин бул жолду улантуу - биздин милдетибиз", - деди ал.

Мурдараак БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш уюмдун уставынын 99-беренесин колдонуу менен Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотууга чакырып, Коопсуздук кеңешине кайрылган.

WSJ: тоннелдерге суу толо баштайт

Израилдин армиясы Газа тилкесиндеги ХАМАС уюму колдонгон тоннелдерге деңиз суусун толтура баштаганын Wall Street Journal басылмасы жазды. Маалыматка караганда, Израил бул тууралуу АКШга эскерткен.

Жөөт армиясы Аш-Шифа ооруканасынын алдынан 55 метр тереңдиктеги тоннел табылганын билдирди.
Жөөт армиясы Аш-Шифа ооруканасынын алдынан 55 метр тереңдиктеги тоннел табылганын билдирди.

Операция бир нече жумага созулушу мүмкүн. Ошону менен катар, макалада белгиленгендей, айрым америкалык аткаминерлер деңиз суусу менен каптатуу, Газа тилкесиндеги таза суу маселесине коркунуч жаратып, жер кыртышына зыянын тийгизиши мүмкүн деп тынчсызданышууда.

ЦАХАЛ бул тууралуу расмий билдирүү жасай элек. WSJ басылмасынын маалыматында, ноябрь айынын ортосуна чейин жөөт армиясы Аш-Шати качкындар лагеринен бир жарым чакырым алыстыкта кеминде беш насос орноткон. The Jerusalem Post гезити тоннелдерди каптатуу ошондо эле башталганын жазды.

Израил армиясы Газа тилкесинде 800дөн ашуун радикал топко тиешеси бар тоннелдер аныкталганын, алардын 500дөн көбү жардыруучу заттар менен жок кылынганын 4-декабрда билдирген. Алар тараткан маалыматка ылайык, тоннелдер мектептердин, мечиттердин, ооруканалардын жана спорттук жайлардын алдынан өтөт. Бул маалыматты башка булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

"Биби, мен сени жакшы көрөм, бирок айткандарыңа макул эмесмин"

12-декабрда АКШ президенти Жо Байден Газа тилкесиндеги туш келди аткылоолордон улам Израил эл аралык колдоону жоготуп жатканын билдирди. Ал Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху "өзгөрүш керек" деген оюн айтты.

"Мен аны 51 жылдан бери тааныйм. Анын үстөлүндө экөөбүздүн сүрөтүбүз бар. Ал израил дипломатиялык кызматынын жаш кызматкери эле, мен 32 жаштагы сенатор болчумун. Сүрөттө "Биби, мен сени жакшы көрөм, бирок мен сенин айткандарыңа макул эмесмин" деген жазуум бар. Бүгүн да ошол нерсе тууралуу сөз болуп жатат", - деди Байден.

Жо Байден жана Биньямин Нетаньяху. Тел-Авив. 18-октябрь, 2023-жыл.
Жо Байден жана Биньямин Нетаньяху. Тел-Авив. 18-октябрь, 2023-жыл.

Буга чейин Биньямин Нетаньяху анын өкмөтү менен Байдендин администрациясынын ортосунда Газанын согуштан кийинки тагдыры боюнча пикир келишпестик бар экенин айткан.

ХАМАС радикал кыймылы 7-октябрда Израилге кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган. Бул окуядан кийин жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, Газа тилкесине чабуулун баштаган.

Ар кандай булактардан алынган маалыматтарга караганда, согушка чейин Газада 1,8 - 2,2 миллиондой адам жашаган.

17:14 13.12.2023

Израилдин армиясы Газа тилкесиндеги ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму колдонгон тоннелдерге деңиз суусун толтура баштады. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы жазды. Маалыматка караганда, Израил бул тууралуу АКШга эскерткен.

Операция бир нече жумага созулушу мүмкүн. Ошону менен катар, макалада белгиленгендей, айрым америкалык аткаминерлер деңиз суусу менен каптатуу, Газа тилкесиндеги таза суу маселесине коркунуч жаратып, жер кыртышына зыянын тийгизиши мүмкүн деп тынчсызданышууда.

ЦАХАЛ бул тууралуу расмий билдирүү жасай элек. WSJ басылмасынын маалыматында, ноябрь айынын ортосуна чейин жөөт армиясы Аш-Шати качкындар лагеринен бир жарым чакырым алыстыкта кеминде беш насос орноткон. The Jerusalem Post гезити тоннелдерди каптатуу ошондо эле башталганын жазды.

Израил армиясы Газа тилкесинде 800дөн ашуун радикал топко тиешеси бар тоннелдер аныкталганын, алардын 500дөн көбү жардыруучу заттар менен жок кылынганын 4-декабрда билдирген. Алар тараткан маалыматка ылайык, тоннелдер мектептердин, мечиттердин, ооруканалардын жана спорттук жайлардын алдынан өтөт. Бул маалыматты башка булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG