Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:04
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

22:52 12.12.2023

Кызыл деңизди Инд океаны менен байланыштырган Баб-эль-Мандеб булуңунан 111 чакырым алыстыкта бараткан танкерге 12-декабрга караган түнү жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти йемендик хуситтер алышты.

Ракета менен урулган соккудан Норвегиянын туусунун алдында бараткан кемеде өрт тутанган. Танкерден коркунуч тууралуу белги берилгенден кийин жардамга АКШ Куралдуу күчтөрүнө тийиштүү "Мейсон" эсминеци барган.

Бул тууралуу X социалдык түйүнү аркылуу АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы билдирди.

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму менен Израилдин ортосунда согуш башталганы хуситтер дрон жана ракеталарды колдонуу менен соода кемелерине кол сала баштаган.

Бир нече күн мурда хуситтер Израилге карай багыт алган бардык кемелерге чабуул коерун эскерткен.

“Стринда” деп аталган танкердин Израилге канчалык тиешеси бар экени белгисиз. Өсүмдүк майы жана отун жүктөлгөн танкер Малайзиядан Венецияны көздөй бараткан.

18:02 12.12.2023

Израил армиясы 12-декабрда Газа тилкесин бомбалоону улантты. Ошондой эле ЦАХАЛ ХАМАС (АКШ менен Еврошаркетте террордук деп таанылган) уюмунун Жабалия менен Шежай шаарларындагы акыркы турумдарын курчоого алганын билдирген. Израилдин коргоо министри Йоав Галант ырастагандай, соңку күндөрү жүздөгөн хамасчылар өз ыктыяры менен колго түшүп, көбү кармалды.

"Колго түшкөндөрдүн көптүгү абалды айгинелеп турат",- деди Галлант 11-декабрдагы брифингде.

БУУ жана бир катар эл аралык уюмдар Газа тилкесиндеги гуманитардык кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирип жатышат. Евробиримдиктин тышкы саясат боюна башкы комиссары Жозеп Боррел Газадагы кырдаалды “катастрофалык” деп мүнөздөдү.

Боррел жөөт армиясынын ХАМАС радикал тобунун чабуулуна жообу жай тургундардын арасындагы болуп көрбөгөндөй жоготууларга алып келгенин билдирди.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо башкармалыгы согуш башталганы аймакта 18 миң кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

ХАМАС радикал кыймылы 7-октябрда Израилге кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган. Бул окуядан кийин жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, Газа тилкесине чабуулун баштаган.

БУУ жана бир катар эл аралык уюмдар анклавда гуманитардык кризис күч алганын билдирип, ок атышууну токтотууга чакырууда.

19:21 11.12.2023

11-декабрда израилдик танктар Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарында жана анын айланасында хамасчылар менен кармашын улантканы, калаа кайрадан бомбаланганы кабарланды. Улуттар Уюму газалыктардын качар жери калбаганын айтып, ок атууну токтотуу чакырыктарын кайталап келатат.

Кармаштардан качкан газалыктар Египет менен чек арага жакын жердеги Рафах шаарына агылууда. Амнах Абу Зор аттуу аял Reuters агенттигинин кабарчысына өз башынан кечиргендерди айтып берди:

"Израилдиктер түштүккө кеткиле деп айтышты. Кармалган күйөөлөрүбүздү күтөлү десек болбой коюшту. Чыгып кеткиле деп туруп алышты. "Жолдор коопсуз" деп калп айтышты. Жол бою аткылоолорго күбө болдук. Газа шаарында калган жакындарыбыз эмне болгонун билбейбиз".

Израил АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобуна каршы операциясын тилкенин түштүгүндө, Хан-Юнисте жана айланасында улантканы, калаа бомбаланып келатат.

10-декабрда согушкерлер алардын туткундарды азат кылуу талаптары аткарылбаса, барымтага алынган израилдиктер Газадан тирүү чыкпасын эскерткен. Би-Би-Синин маалыматына караганда, ХАМАС жана башка куралдуу топтордун колунда 138 киши кала берүүдө. Буга чейин бир апталык жарашуу маалында 110 киши барымтадан бошотулган. Израил өз түрмөлөрүндө отурган 240 палестиналыкты кое берген.

ЦАХАЛ жекшембиде Газада кармалган ондогон палестиналыктын ич кийимчен тартылган видеосуна байланыштуу айтылган сынды четке какты. Армиянын өкүлү Дэниэл Хагаринин айтымында, бул кадыресе тинтүү учуру болчу:

"Биз бул өңдүү топторду аныктаганда, аларды курчоого алып, чечиндиребиз, себеби жардыргыч заттарды катып алышы мүмкүн. Биз мындай тажрыйбаны көп жылдан бери колдонобуз. Аскерлерибиз менен кошо өзүн өзү жардырып жиберген учурлар да болгон".

Газа тилкеси
Газа тилкеси

Ал эми ХАМАС видеодогулар “куралсыз карапайым жарандар” экенин айтууда.

Эл аралык кызыл чырым комитети андай видео-сүрөттөргө камтамасын билдирип, кармалгандарга эл аралык мыйзамдарга ылайык гумандуу мамиле кылууга, аларды кемсинтпөөгө үндөдү.

БУУнун эсебине ылайык, анклавдын 2,2 миллиондой калкынынын 1,9 миллиону жашаган жерлеринен качууга мажбур болду. Жарымына жакыны балдар. Израилдин бийлиги палестиналыктарга түндүк тарапка чыгып кетүү көрсөтмөсүн бергени менен кийин Газанын түштүгүндө да операциясын кеңейтип, элдин качар жери калбай калды. Эл аралык уюмдар Израилди тынч элди коргоого көбүрөөк чара көрүүгө чакырып жатышат.

Хан-Юнистеги Насер ооруканасынын дарыгери Мохаммад Кандилдин айтымында, канча киши өлгөнүн так айтуу да кыйын.

"Себеби көчөлөрдө, оорукананын айланасында канчалаган сөөктөр жатат. Медициналык кызматкерлер, доктурлар, медайымдар да реалдуу санды бере албайт".

Жекшембиде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аткаруучу кеңеши Газага гуманитардык жардамдын тез жана тоскоолдуксуз жеткирилишине үндөгөн резолюцияны кабыл алды.

Газа. 10-декабрь, 2023-жыл.
Газа. 10-декабрь, 2023-жыл.

17 мүчө-мамлекеттин өтүнүчү менен уюм Палестинанын оккупацияланган аймактарындагы начарлап бараткан гуманитардык аблды талкуулоо үчүн атайын сессия өткөрдү.

Документте чукул жардамга муктаж газалыктарды тилкеден чыгарып кетүү зарылдыгы да айтылат.

БУУнун Гуманитардык иштер боюнча агенттиги анклавдагы 36 оорукананын 14ү гана иштеп жатканын билдирди.

Жекшембиде Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Газада ок атууну токтотуу чакырыктарын улантарына ишендирген.

Маалыматтарга караганда, 12-декабрда Коопсуздук кеңеши ок атууну токтотуу резолюциясын колго салмакчы. Бириккен Араб Эмираттары жана дагы 97 өлкө иштеп чыккан ага чейинки долбоорго өткөн жумада АКШ вето койгон.

Газа тилкесиндеги балдар
Газа тилкесиндеги балдар

Гутерриш 630 миң калктуу Хан-Юнис жугуштуу илдеттердин жайылуу коркунучуна кептелгенин эскертти.

ХАМАСтын согушкерлери 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин тутанган согушта, радикал топ көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, 18 миңге чукул адам каза тапты, 49 жарым миңи жарадар болду.

Израил 10-декабрда жерде операция башталгандан бери окко учкан аскерлеринин саны 100гө жеткенин билдирди. Ага чейин кол салуу маалында 1 миң 200 кишинин өмүрү кыйылганы, 240 киши барымтага алынганы маалымдалган.

16:17 11.12.2023

Израилдин армиясы Газа шаарындагы Палестина аянтынын алдында ири туннелдер түйүнү аныкталганын билдирди.

“Палестина аянтында Яхья Синвардын кеңсеси, ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмдун лидерлеринин кыймылсыз мүлктөрү, кеңселер жана террорчулардын туннелдери аныкталды”,- деди ЦАХАЛдын расмий өкүлү Даниэл Хагари.

Анын айтымында, бул туннелдердин Ас-Шифа ооруканасы менен байланышы болгон.

Буга чейин ХАМАС куралдуу тобунун башчысы Яхья Синвар Газа тилкесинин түндүгүндө согуш башталганы гуманитардык кербен менен аймактын түштүгүнө качканын Times of Israel басылмасы өз булактарына таянып кабарлаган.

Маалыматка караганда, ал Хан-Юнис шаарын көздөй иш жашырган. Өткөн жумада Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху жөөт армиясы Синвардын үйүн курчоого алганын айткан.

Абу Ибрагим деген ысым менен дагы таанымал 61 жаштагы Синвар Хан-Юнис шаарында туулган. Ал эки жөөт жоокерин өлтүргөн деген айып менен көп жыл Израил түрмөсүндө отуруп, 2011-жылы туткундарды айырбаштоо жараянынын алкагында бошотулган. Газага кайткандан кийин ХАМАС куралдуу тобун жетектеп баштаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG