Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

18:24 9.12.2023

ДСУга кирген өлкөлөр Израилди Газада иштеп жаткан гуманитардык кызматкерлерди коргоого чакырды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 10дон ашуун өлкөсү Израилди эл аралык укукту сыйлап, Газа тилкесинде иштеп жаткан гуманитардык кызматкерлерди коргоого чакырды. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы билдирди.

Резолюциянын тексти жекшембиде ДСУнун аткаруу кеңешинин атайын сессиясында каралган. Ал Алжир, Боливия, Кытай, Египет, Индонезия, Ирак, Иордания, Ливан, Малайзия, Марокко, Пакистан, Катар, Сауд Арабиясы, Тунис, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Йемен тарабынан даярдалган.

Палестин автономиясынын ДСУда байкоочу макамы бар өкүлү да документке кол койгон.

Анда "Газа тилкесиндеги аскердик операцияга байланыштуу жаралган гуманитардык курч кырдаал терең тынчсыздануу" жаратары белгиленген.

ДСУнун мүчөлөрү Израилди "өз ишин кылып жаткан медициналык жана гуманитардык кызматкерлерди, ооруканаларды жана башка медициналык жайларды сыйлоого жана коргоого" чакырышкан.

13:46 9.12.2023

БУУнун резолюциясы кабыл алынган жок - АКШ вето койду

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газада ок атышууну тез арада токтотуу резолюциясына добуш берди. Документ АКШ каршы добуш бергени үчүн кабыл алынган жок. Туруктуу өкүл катары анын вето койгонго укугу бар.

Кеңешке мүчө калган 13 өлкө "макул" деп добуш берди, Британия калыс бойдон калган.

АКШнын өкүлү резолюцияда Вашингтондун сунуштары, анын ичинде ХАМАСты (АКШ менен Евробиримдикте террордук топ деп табылган) 7-октябрдагы кол салуусун айыптоо эске алынбаганын билдирди.

"Тилекке каршы, биздин бардык сунуштар каралган жок. Бул чукул процесстин жыйынтыгы тең салмактуулугу жок, реалдуулуктан алыс резолюция болду" деп билдирди ал.

Дипломат АКШ "ок атышууну токтотуу иштебеген" учурда документти колдой албасын, "бул жаңы согуштарга үрөн себеши мүмкүн" экенин белгиледи.

Коопсуздук Кеңешине вето койгону үчүн АКШны Орусиянын, Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү согуш токтобой, бейкүнөө палестиндердин каны төгүлүп жатканына айыпташты. Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Орусиянын Коопсуздук Кеңешиндеги өкүлү Дмитрий Полянский АКШнын турумун "катуу жана өзүмчүл" деп атап, анын жыйынтыгы "палестин балдарынын мүрзөсүнө" айланып жатканын айтты.

"Зомбулукту токтотууну коргоо зарыл, болбосо ал тарыхта адамгерчиликке жат, варвардык аракеттерди колдогонуңар менен каласыңар", - деди Орусиянын өкүлү. Москва ошол эле маалда Украинада согуш ачкандан кийин, аны токтотууга чакырган БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясын үч жолу четке каккан.

Кытайдын БУУдагы өкүлү Чжан Цзюнь АКШны кош стандарттуулукка айыптады.

13:06 9.12.2023

Акыркы маалыматтар:

  • АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин Газанын түндүгүндөгү аракетин айыптады.
  • БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Газада ок атышууну тез арада токтотуу резолюциясы, АКШ вето койгону үчүн өтпөй калды.
  • Израилдин Батыш жээктеги жума күнү жасаган рейди учурунда беш адам өлтүрүлгөнүн палестиндердин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
  • Газанын түндүгүндөгү Жабалия лагериндеги качкындар лагеринин жашоочулары аларды израилдик танктар курчап, атып жатканын билдирди.
  • БУУ ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп табылган) тобу менен израилдик күчтөрдүн Газадагы кармашы тилкенин түштүгүндөгү Хан-Юниске жардам жеткирүүнү кыйындатып жатканын билдирди.
21:23 8.12.2023
 Израил армиясы Газанын Рафах шаарына сокку урду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG