Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:18
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

12:00 6.11.2023

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ири агенттиктеринин башчылары жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) биргелешкен кайрылуу жасап, Газа тилкесиндеги ок атышууну чукул токтотууга чакырды.

Анда ХАМАС радикал тобунун кол салуусунан Израилдин 1400дөн ашык жараны мерт болгонун, дагы 200дөн көп адам туткунда экени белгилеген. Ошол эле маалда Газада 9,5 миңдей адам өлгөнү жазылган. Учурда 2,2 миллиондой палестиналык дары-дармек, тамак-ашка муктаж болуп жатканы, алардын 1,5 миллионго жакыны жер которууга аргасыз болгону айтылып, ок атышууну чукул токтотууга чакырган.

"Дээрлик бир айдан бери дүйнөлүк коомчулук Израил менен оккупацияланган Палестина аймагындагы окуяларга байкоо салып, курмандыктардын тынбай көбөйүп жатканына кабатырланып, нес болуп жатат. Биз тараптарга дагы бир жолу кайрылып, эл аралык гуманитардык укуктун жана адам укугу жаатындагы нормаларга ылайык алган бардык милдеттемелерди аткарууга чакырабыз. Биз туткундагы жайкын тургундарды чукул жана эч кандай шартсыз бошотууга чакырабыз. Ок атышууну токтотуу зарыл. 30 күн өттү. Бул чукул токтошу керек",-деп жазылган билдирүүдө.

Мунун алдында Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху ХАМАС тобу барымтага алган 240тан ашуун киши бошотулмайынча, Газаны аткылоо токтобосун билдирген жана "гуманитардык тыныгуу" жарыялоо чакырыктарын четке каккан.

5-ноябрда Катардагы жолугушуулардан кийин Франциянын тышкы иштер министри Катрин Колонна Газа тилкесине урулган соккуларда өтө көп киши каза болуп жатканын билдирген. Министр мектеп, оорукана, гуманитардык кызматкерлер менен журналисттерди коргоо зарылдыгын белгилеген.

Израилдин бийлиги ХАМАС тобуна каршы согушканын, анын жоочулару жайкын тургундарды тирүү калкан кылып пайдаланганын айтып келет.

Ишембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Амманда Катар, Сауд Арабиясы, Египет, Иордания жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрлери менен кездешкен. Араб дүйнөсүнүн өкүлдөрү Вашингтонду Израилди ок атышууну токтотууга көндүрүүгө чакырышты. Бирок Блинкен жарашуу ХАМАСка пайда алып келерин, алар кайра топтошуп, кайрадан кол саларын айтып, андай демилгени четке какты. Ошол эле маалда АКШнын башкы дипломаты гуманитардык тыныгуу тынч адамдардын өмүрлөрүн сактап калууга, Газага көбүрөөк жардам жеткирүүгө шарт түзмөк деп айтты.

Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Иордан дарыясынын батыш жээгине алдын ала жарыяланбаган сапар менен барды. Рамаллада палестин автономиясынын төрагасы Махмуд Аббас менен кездешкени кабарланды. Аббастын басма сөз катчысы "Рейтерстин" кабарчысына билдиргендей, төрага ок атуу дароо токтоого тийиш жана гуманитардык жардамга Газага кирүүгө уруксат бериш керек деп айтты.

11:58 6.11.2023

Израилдин армиясы Газада ХАМАС тобуна каршы жердеги операциясын улантууда. Согушкерлер аларга туруштук берип, Израилдеги буталарга сокку урганын айтышууда. Маалымат агенттиктери жекшембинин таңында израилдик аскерлер Газадагы качкындар лагерине сокку урушканын маалымдашты.

БУУ 1,5 миллиондой адам гуманитардык абал абдан начарлаган Газа тилкесинен жер которууга аргасыз болгонун билдирди. Ок атышууну токтотууга багытталган дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.

Газадагы түнкү соккулар

Бир катар кабар агенттиктери, анын ичинде “Рейтерс”, Ассошиэйтед Пресс, "Ал-Жазира" палестин булактарына шилтеме менен жекшембиде таң эрте изралдик учактар Газа тилкесиндеги Ал-Магази качкындар лагерине сокку урганын билдиришти. Бери дегенде 38 кишинин каза тапканы, ондогону жараат алганы маалымдалды. Лагердин тургундары урандылардын астынан тирүү калгандарды куткаруу аракетин көрүштү. Алардын бирин, Саед Ал-Нажма аттуу кишини “Рейтерстин” кабарчысы сөзгө тартты:

Ал-Магази качкындар лагери. 5-ноябрь, 2023-жыл
Ал-Магази качкындар лагери. 5-ноябрь, 2023-жыл

“Мен, бир туугандарым, кыздарым менен неберелерим болуп тынч уктап жатканбыз. Көчөдө бомба жарылды. Бул төрт кабат имарат, мунусу үч кабат. Аялым менен кыздарым ооруканага жеткирилди. Урандылардан шейит кеткен балдардын сөөктөрүн алып чыктык. Жашообуз бир заматта өзгөрдү. Эмне кыларды билбейбиз, шейит болгондорду өз колубуз менен алып чыгып жатабыз”.

Ассошиэйтед Пресс жазганына караганда, жөөт армиясы - ЦАХАЛ аскерлери ошол жерде операция жүргүзүп жргүзбөгөнүн тактап жатканын айтты.

Израилдин армиясы 31-октябрдын кечинде Газанын түндүгүндөгү Жабалия качкындар лагери орун алган аймакка сокку урганда ондогон киши каза болгонун палестин жетекчилиги маалымдаган. Жөөт аскерлери ошондо ХАМАСтын кол башчысын жок кылууну көздөгөнүн айтышкан.

Жоочулардын башчыларын жок кылмайынча согушту токтотпосун айтып келаткан Израил гуманитардык тыныгуу жарыялоо чакырыктарын четке кагууда.

“ХАМАСтын бригадаларына чоң сокку уруп келатабыз. Алардын инфраструктурасын биринин артынан бирин талкалап жатабыз. ХАМАСтын 12 командирин жок кылдык. Бардык башчыларына, террорчуларына жетебиз”, - деп айтты Израилдин коргоо министри Йоав Галлант 4-ноябрдагы маалымат жыйында.

Радикал топ көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги тилкеде бери дегенде 9488, Иордан дарыясынын батыш жээгинде 144 киши каза тапканын билдирди. Израил тарапта 1400 киши набыт болду.

Газанын мекемеси каза тапкандар жана жараат алгандар тууралуу маалымат тараткан жападан-жалгыз булак болгонун, бул статистиканы көз карандысыз тараптардан текшерүү мүмкүн эмес экенин маалымат каражаттары белгилешет.

Газа тилкесинин жашоочулары ишембиге караган түнү израилдик аскерлердин бомбалоолору уланганын кабарчыларга айтып беришти.

ЦАХАЛ 4-ноябрда ХАМАСтын 120 бутасына, анын ичинде жоочулардын лагерлерине жана танктарга крашы позицияларына сокку урганын билдирди.

“Рейтерс” агенттиги жазганына караганда, Израилдин күчтөрү Газа тилкесинде бир нече жоочуну жок кылышты жана курал-жаракты колго түшүрүштү. Армия жарыялаган видеолордо Газадагы туннелдер жардырылганын көрүүгө болот.

Израил 7-октябрдагы кол салуудан кийин ХАМАСка каршы уруш баштаганда тилкени блокадага алып, тынымсыз сокку уруп келатат. Бир нече күн мурун жерде операция баштап, Газа шаарын курчоого алганын билдирген.

Газа “өлүмдүн жана кыйроолордун сахнасына” айланды

Камоолдо калган анклавдагы гуманитардык абал күндөн-күнгө начаралаганын, “апаатка” айланганын эскерткен эл аралык уюмдар коңгуроо кагып келатат. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы Газа тилкесинен 1,5 миллиондой адам жер которгонго аргасыз болгонун, 700 миңден көбү качкындар лагерлеринде башкалкалаганын ишембиде билдирди. Лагерлерде киши өтө көп болгондуктан, алардын ден соолугуна, коргоо аракеттерине терс таасир тийгизүүдө.

"Анын үстүнө суу, канализация системалары дээрлик иштебей калды", - деп эскертти уюмдун палестин качкындарын тейлеген агенттиги. Маалыматка караганда, Газа тилкесинини түштүгүндө 92 башкалкалоочу жайда 530 миңден ашуун киши жашап келатат. Мындан улам жаңы келгендерди кабыл алуу мүмкүн эмес, бир топ адам ачык асман астында түнөөгө мажбур. Агенттиктин жетекчиси Томас Уайт Газанын орточо тургуну бир күндө БУУ тараткан ундан жасалган эки сындырым нан менен күн көрүп келатканын билдирди. Анын айтымында, көчөлөрдө “суу, суу” деп жалдыраган элди гана көрөсүң.

Дипломат тилкени кыдырып чыккандан кийин ал жерди “өлүмдүн жана кыйроолордун сахнасы” деп сүрөттөдү.

Газа тилкесиндеги качкындар лагери
Газа тилкесиндеги качкындар лагери

Агенттик ошондой эле муктаждардын саны канча экени беймаалым болгондуктан, жардам берүү иши кыйындаганын белгиледи.

АКШнын Жакынкы Чыгыштагы гуманитардык маселелер боюнча атайын чабарманы Дэвид Саттерфилд Газанын түндүгүндө 400 миңдей киши калып жатканын маалымдады. Израил жердеги операциянын алдында ал жактагы палестиналыктарды түштүк тарапка жер которууга чакырган.

Дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек

Ишембиде Амманда чогулган Катар, Сауд Арабиясы, Египет, Иордания жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрлери АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушууда Вашингтонду Израилди ок атышууну токтотууга көндүрүүгө чакырышты. Бирок Блинкен жарашуу ХАМАСка пайда алып келерин, алар кайра топтошуп, кайрадан кол салышарын айтып, андай демилгени четке какты.

АКШнын башкы дипломаты гуманитардык тыныгуу тынч адамдардын өмүрүн сактап калууга, Газага көбүрөөк жардам жеткирүүгө шарт түзмөк деп айтты.

Мамлекеттик департамент Энтони Блинкен региондогу турнесине Түркияны да кошконун билдирди. Анкарада ал ким менен жолугушары азырынча айтылган жок.

Өткөн жумада түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган ХАМАСты “Боштондукка чыгаруу тобу” деп атаган жана Израилди “өзүн согуш кылмышкери катары алып жүрөт” деп айыптаган. Тел-Авив жооп кайтарып, мамилелерди кайра карап чыгуу деген жүйө менен Түркиядагы дипломаттарын чакыртып алды.

Ал эми бир нече күндөн бери чет элдик жарандар жана оор жараат алган палестиналыктар Египетке чыгарылган Рафах чек ара пункту ишембиде кайрадан жабык болгону маалымдалды. Би-Би-Си палестин бийлигиндеги булактарга таянып жазганына караганда, өткөөл жарадарлардын коопсуз эвакуация тууралуу макулашылганда гана кайра ачылмакчы.

Газаданы палестиналыктарды колдоо акциясы. Вашингтон. 4-ноябрь, 2023-жыл
Газаданы палестиналыктарды колдоо акциясы. Вашингтон. 4-ноябрь, 2023-жыл

Газадагы карапайым эл арасындагы жоготуулар эл аралык коомчулуктун нааразылыгын пайда кылып, ишембиде Вашингтондон Берлинге, Чилиден Малайзияга чейин он миңдеген киши урушту токтотуу талабы менен көчөлөргө чыгышты.

12:48 5.11.2023

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы Газа тилкесиндеги соңку жагдай тууралуу маалыматтарды жарыялады. Ага ылайык, аймактан 1,5 миллиондой адам жер которгонго аргасыз болду жана алардын теңинен көбү качкындар лагерлеринде, жайларда башкалкалап жатат.

Аталган уюм аргасыз жер которуу какындардын саламаттыгына чоң зыян тийгизип, кесепети оор болорун эскертти.

Ал арада АКШнын президенти Жо Байден Израил менен ХАМАСтын согушун убактылуу токтотуп туруу, “гуманитардык тыныгуу” жарыялоо маселесинде жылыш бар экенин билдирди. Ал бул тууралуу Делавэрде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди, бирок анын чоо-жайына кеңири токтолгон жок.

Учурда бул маселе менен Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен алектенип жатат.

Блинкен ишембиде Амманда Израилге коңшу араб өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолукту. Ал журналисттерге “гуманитардык тыныгуунун” негизинде жайкын тургундардын өмүрүн сактап, Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө мүмкүн болмоктугун айтты.

Мунун алдында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесинде ок атышууну токтото туруу сунушун четке каккан.

Жума күнү, 3-ноябрдагы телекайрылуусунда туткундардын баары бошотулмайынча "гуманитардык тыныгуу" болбосун айткан.

15:57 4.11.2023

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесинде ок атышууну токтото туруу сунушун четке какты.

Жума күнү, 3-ноябрдагы телекайрылуусунда туткундардын баары бошотулмайынча "гуманитардык тыныгуу" болбосун айтты.

Мунун алдында Израилде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Нетаньяху менен сүйлөшүүдө карапайым тургундарга жардам берүү, коргоо үчүн ок атышууну токтото турууну сунуштаган. Анда Вашингтон баштагыдай эле эгемен Палестина мамлекетинин түзүлүшүн жана “Эки эл – эки өлкө” деген формуланын ишке ашырылышын колдорун белгилеген.

Ал арада Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС радикал тобу Аль-Шиффа шаардык оорукананын жанындагы жардыруудан бери дегенде 13 адам набыт болгонун маалымдады.

Мунун алдында Reuters агенттиги Израилдин армиясы Газа шаарында “Тез жардам” кызматынын эки башка жерде жүргөн машинасын бутага алганын жазды.

Тель-Авив бул соккулар тууралуу комментарий берип, машиналарды Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС радикал тобунун жоочулары колдонуп жүргөнүн билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG