Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:45
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

15:02 21.10.2023

Газа тилкесиндеги ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин туткунга алган адамдардын экөөнү - Жудит менен анын кызы Натали Раанан бошотулганын билдирди. Алар АКШнын жарандары. ХАМАС билдирүүсүндө бул АКШнын президенти Жо Байден менен анын администрациясынын дооматтары “негизсиз экенин америкалыктарга жана дүйнөгө далилдөө үчүн” жасалганы айтылат.

Израилдин бийлиги Би-Би-Сиге 7-октябрда Нахаль Оз шаарында туткунга алынган америкалык эки аял бошотулганын ырастады. Маалыматты өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги да тастыктады. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси ушул тапта 200гө жакын адам ХАМАСтын согушкерлеринин барымтасында турганын билдирди.

АКШ президенти Жо Байден барымтадагы америкалыктардын бошотулушун кубаттады. Ал Катар менен Израилдин өкмөттөрүнө туткундагыларды бошотуу үчүн биргелешип иштешкени үчүн ыраазычылык билдирип, башка да америкалыктарды бошотуу аракети жүрүп жатканын айтты.

14:12 21.10.2023

Газа тилкесиндеги ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин туткунга алган адамдардын экөөнү - Жудит менен анын кызы Натали Раанан бошотулганын билдирди. Алар АКШнын жарандары. ХАМАС билдирүүсүндө бул АКШнын президенти Жо Байден менен анын администрациясынын дооматтары “негизсиз экенин америкалыктарга жана дүйнөгө далилдөө үчүн” жасалганы айтылат.

Израилдин бийлиги Би-Би-Сиге 7-октябрда Нахаль Оз шаарында туткунга алынган америкалык эки аял бошотулганын ырастады. Маалыматты өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги да тастыктады. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси ушул тапта 200гө жакын адам ХАМАСтын согушкерлеринин барымтасында турганын билдирди.

АКШ президенти Жо Байден барымтадагы америкалыктардын бошотулушун кубаттады. Ал Катар менен Израилдин өкмөттөрүнө туткундагыларды бошотуу үчүн биргелешип иштешкени үчүн ыраазычылык билдирип, башка да америкалыктарды бошотуу аракети жүрүп жатканын айтты.

ЦАХАЛ 7-октябрда ХАМАСтын чабуулунда согушкерлер барымтага алып кеткендер тууралуу жаңы маалыматтарды берген. Туткундагы 203 кишинин арасында: 18ге чыга элек 20 бала, өспүрүм бар. Жашы 60тан өткөн 10-20 киши отурат. Барымтагылардын басымдуусу тирүү экени кабарланган.

ХАМАСтын согушкерлери аларды Газанын туннелдери менен атайын казылган ороолордо кармап отурат.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1400дөй кишини өлтүрүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк бар экени белгисиз.

Израил андан бери палестиндер байырлаган Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келет. ХАМАС башкарган Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 3785 адам каза тапканын, жарадарлар 12 миңдей экенин маалымдады.

12:43 21.10.2023

Бишкекте Газа тилкесинин жашоочуларын колдогон акция өттү

21-октябрда жүздөн ашык адам Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта Газа тилкесиндеги жай тургундарды колдоо акциясын өткөрдү.

Алар тез арада Газага гуманитардык жардам жөнөтүү үчүн эсеп ачуу демилгесин көтөрүп, согушту токтотуу жана аялдар менен балдардын укугун коргоого олуттуу көңүл буруу керектигин айтышты. Милиция чогулгандарды тарап кетүүгө чакырып, бул маселеге Муфтияттын жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кайрылуу жасоого үндөдү.

Акциянын алдында каза болгондорго багыштап куран окулду.

Бишкекте Газанын тургундарын колдоо акциясы өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00


Чогулгандар “Согушка жол жок”, "Эркин Палестина" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп, Газанын тургундарына жардам берүү үчүн атайын эсеп ачуу демилгесин көтөрүштү.

Горький багына келген милиция жана башка күч кызматкерлеринин өкүлдөрү чогулгандарга тезинен таркап кетүүнү эскертти. Алар мындай колдоо акцияларын Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Муфтият жана башка мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүү керекгигин айтышты.

"28-октябрда биз ушул бактын айлана-тегерегинде коопсуздукту карап, талкуу уюштурууга шарт түзүп берели. Муфтияттан, Дин башкармалыгынан адамдар келишсин. Бул жерде азыр ар кандай болуп кетиши мүмкүн, чагымга алдырбайлы", - деп чакырды милиция кызматкерлери.


Колдоо акциясына болжол менен жүздөй адам келген, алардын арасында чет элдиктер да болду. Алардын айрымдары Газа тилкесиде бейкүнөө өлгөн наристелерге ичи ачышып турганын айтышты.

Израил менен ХАМАСтын согушу башталгандан бери социалдык тармактын кыргыз сегментинин колдонуучулары Газа тилкесинде урушту токтотууга чакырып келет.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 9-октябрда Израил менен Газа секторундагы топтордун кармашы курчуп кеткенине байланыштуу билдирүү таратып, эки тарапты ынтымакка келүүгө чакырган.


18-октябрда Жогорку Кеңеште Газа тилкесине гуманитардык жардам жөнөтүү демилгесин бир нече депутат сунуштаган.

20-октябрга караган түнү Израилдин армиясы - ЦАХАЛ Газаны бомбалап, ХАМАСка тиешелүү делген "жүздөн ашуун жерге сокку урганын" билдирди. Израилдин бийлиги буга чейин аймактагы элге "коопсуз жерге чыгып кетүүнү" эскерткен.


Эл аралык коомчулук блокадада калган Газанын карапайым калкынын тагдырына тынчсызданууда. Израил армиясы ХАМАСтын жоочуларына согуш жарыялап, бомбалай баштаганы элге суу жетпейт, жарык, күйүүчү май жок, дары-дармек өтө тартыш. Египет менен чек арадагы Рафах өткөрмө бекетинде гумжардам жүктөгөн ондогон машине анклавга кире албай күтүп турганы маалым болду.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаарлары менен кошуундарына кол салып, 1400 кишини өлтүрүп, 200дөн ашуун кишини барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган. ХАМАС кыймылы көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги согуш башталганы 4 миңден ашуун киши набыт болгонун, 13 миңден көп киши жараат алганын жума күнү билдирди.

ХАМАС дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө террористтик уюм деп таанылган жана бул кыймыл Палестинанын расмий бийлигине баш ийбейт.

11:47 21.10.2023

Bloomberg агенттиги жеке булактарына шилтеме берип, АКШ жана Израил ХАМАС радикал тобу аймактан сүрүп чыгарылса, Газа тилкесинин келечеги кандай болот деген маселени талкуулай баштаганын жазды.

Мүмкүн болгон варианттардын ичине Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) колдоосу жана араб өлкөлөрүнүн катышуусу менен Газада убактылуу өкмөт түзүү сунушу киргизилген. Агенттиктин жеке булагы талкуу эми гана башталганын, анын келечеги Израилдин жердеги чабуулунан көз каранды экенин айткан.

Израилдин бийлиги Газа тилкесин басып албай турганын, бирок ХАМАСты 7-октябрда Израилге жасаган чабуулунан кийин жок кылууну көздөп жатканын бир нече жолу билдирген.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1400дөй кишини өлтүрүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк бар экени белгисиз. Израил ошондон бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келет. ХАМАС башкарган Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 3785 палестиналык каза тапканын, жарадарлар 12 миңдей экенин кабарлады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG