Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

"Изги кыялдары ишке ашкан жок". Окумуштуу Чотонов акыркы жайга узады


Маркум Мамашарип Чотонов.
Маркум Мамашарип Чотонов.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Мамашарип Чотонов 54 жашында мезгилсиз өмүрдөн өттү.

Маданияттын, билим берүүнүн жана экономиканын отличниги Мамашарип Чотонов менен коштошуу зыйнаты 9-декабрда Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушундагы өзү жашаган үйүндө болду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында сөз сүйлөгөн замандаштары аны мыкты инсан, өз ишинин дыйканы катары эскеришип, үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып жатышты.

Чотонов быйыл ноябрь айынын аягында эле өзү жетектеген искусство университетинин жамааты менен чет өлкөдө сапарда болгон. Делегация Түркиянын, Швейцариянын борбор шаарларын кыдырып, маданий музыкалык жогорку окуу жайлар менен кызматташуу тууралуу келишимдерди түзгөн. Ушул сапарда Чотонов ооруп калып, Италияга бара албай Женевадан кайтып келген экен.

Маданияттын экономикасын изилдеген

Филология илимдеринин доктору Кадыралы Коңкобаев Мамашарип Чотоновдун өнөр тармагындагы ишмердүүлүгүнө токтолуп, маркумдун ишке ашпай калган кыялдарын айтып кейиди.

“Кыргыз эли үчүн чоң жоготуу болду. Жаш таланттарга билим берсек, эл-журтка кызмат кылсак деген изги тилегин нечен ирет уктум. Ооруп калардан мурда, Женевага кетерде Түркиянын окуу жайы менен келишим түзгөнүн мага да кабарлаган. Ошол жерде кыргыз өнөрпоздору менен концерт коюп, искусство университетин таанытсам деген планы бар эле. Анан эле телефон чалып ооруп калганын, Италияга барбай, Женевадан кайтып жатканын айтты. Суук тийип калганын билдирди. Келгенден кийин өзүм байланышсам телефонун албады, көрсө ооруканага жатып калыптыр. Анан эле 8-декабрда суук кабар тарады. Ар бир кыргыз азаматы Мамашариптей кызмат кылса кана... Ал башында бизнес менен алектенчү. Бир күнү мага келип, “маданият тармагынын экономикасы боюнча илимий иш жазсам кандай дейсиз” деди. Мен “албетте жакшы болот” дедим. Анан Айылчы Сарыбаевди таап берип, кандидаттыгын коргоду, докторлугун коргоду. Экономика илимдеринин доктору болду. Маданият тармагынын экономикасын өнүктүрүүгө жол салган окумуштуу болуп калды”.

Чотонов 2010-жылдары илимий иштерге да жигердүү аралашкан. Анын маданият жана башкаруу чөйрөсүндөгү экономикалык көйгөйлөргө арналган макалалары маалымат каражаттарында жарыяланып келген. 2012-жылы эки окуу китеби басмадан чыгып, Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен жогорку окуу жайларда окутуу үчүн программага киргизилген.

"Эл аралык байланыштарды чыңдаган..."

Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатынын мурдагы директору, эл артисти Исирадин Аманбаев Чотоновдун КМШ өлкөлөрү менен болгон чыгармачыл байланыштарын эскерди:

Исирадин Аманбаев.
Исирадин Аманбаев.

“Мамашарипти жакындан жакшы тааныйм, экөөбүз тең Алайкуу өрөөнүнөнбүз. Мен консерваторияда окуганда ал искусство институтунда окуган. Менин көз алдымда чоңойду. Эл менен мамиле түзгөндү билген, өтө маданияттуу, элпек, жигит болчу. Мамашарип окуу жайды бүткөндөн кийин мыкты жетекчи катары таанылган мурунку маданият министри Акун Токтосартовдун колунда иштеп калды. Өзү анын бир тууган жээни болгондуктан, окшошуп да кетчү. Токтосартов Мамашарипти абдан бышырды. Филармонияда да, “Руханият” эл аралык ассоциациясында да бирге иштеди. Ошентип отуруп илимге аралашып кетти. Кийин өзү окуган окуу жайга коллективдин колдоосу менен жетекчи болду. Бир топ жакшы иштерди жасады. Эгемендиктин алгачкы жылдары искусство институту менен консерватория бөлүнүп, эмгек жамааты кыйналып турган мезгил болчу. Анан Мамашарип өзүнүн ишмердүүлүгү менен институтта көп бөлүмдөрдү ачты. Кино жана театралдык факультеттерине басым жасады. Мурда бул тармактагы студенттер Орусияга барып окучу да. Окуу жайдын ички иштерин гана жандантпастан, сырткы байланыштарды да чыңдады. КМШ мамлекеттери менен тыгыз байланышта болуп, ал жакка тажрыйба топтоого кадрларды жиберчү”.

Мамашарип Чотонов 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган.

1992-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданий-агартуу иштери факультетин, 2000-жылы Кыргыз улуттук университетин "Финансы жана кредит" адистигин, ал эми 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын "Эл аралык мамилелер" адистигин аяктаган.

Эмгек жолун 1992-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын администратору болуп иштөөдөн баштаган. "Руханият" эл аралык ассоциациясынын менежери болуп иштеп, 1993-жылы аткаруучу директору болсо, 1994-жылы аталган ассоциациянын вице-президенттигине дайындалган.

1996-жылы «Дастан-Ю» жоопкерчилиги чектелген коомун (ЖЧК) түзүп, 1999-жылы ишкананын башкы директору, 2001-2004-жылдары «Жакшылык кредит» фирмасынын директору болуп эмгектенген.

2014-жылдан тартып, өмүрүнүн акырына чейин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин башкарды.

"Сыйлыкка кызыкпады"

Искусство таануучу Жамийла Маматова Мамашарип Чотонов өз ишмердүүлүгүндө искусствонун бир топ этаптарынан ийгиликтүү басып өтүп гана бышып-жетилгенин айтат:

“Жакында эле Муса Баетовдун 120 жылдыгына карата искусство университетинде илимий конференция өткөн. Мамашарип анда Баетовдун чыгармачылыгы тууралуу ар бир мугалимге тапшырма берип, кимдин кандай темада баяндама жасай турганын ирети менен жолго койду. Илимге жакын киши болгондуктан ар бир иштин майын чыгарып жасаганды жактырчу. Дегеле искусство университетинде кандай иш-чара болбосун Мамашариптин уюштуруучулугу көрүнүп турчу. Ар бир ишке баш-оту менен киришкен мыкты кадр эле. Бардык эле жетекчилерде боло бербеген өзгөчө сапаттарга ээ болгон. Анан анын ишмердүүлүгүндөгү басып өткөн этаптарын да сөзсүз белгилегим келет. Филармонияда да иштеди, экономика тармагында да эмгек өтөдү. Чыгармачылык менен жетекчиликти эки тизгин бир чылбыр кылып мыкты алып кетти. Кыргыз музыкалык искусствосунда Мамашариптин орду зор эле. Айрыкча өзү жетектеген окуу жайдагы мугалимдерге илимий изилдөөлөрдү, илимий макалаларды жаздырды. Ошондуктан ал жерден мыкты кадрлар чыкты. Анткени жазма изилдөөлөр түбөлүктүү экенин, бул өзүнчө тарых болуп каларын алдын ала билген адис болчу. Өмүрдөн эрте кеткени өтө өкүнүчтүү болду”.

Маркум Мамашарип Чотонов менен коштошуу зыйнатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакунов, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлер жана шакирттери катышты.

1993-жылы Кыргызстанда алгачкы ирет консерватория негизделип, ал Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун башкы имаратын ээлеп калган. Ошол кезде 25 жылдык тарыхы бар искусство институту окуу жайдын жатаканасынын корпусунда ишмердүүлүгүн улантууга мажбур болгон. 2013-жылы искусство институту университет макамын алып, учурда 1400 студент окуп келе жатат.

Консерваторияга 1998-жылы Улуттук деген макам берилип, 2013-жылы композитор Калый Молдобасановдун ысымы ыйгарылган. Учурда 350 студент билим алат.

Маданият министри Алтынбек Максүтов маркум окуу жайды оор кырдаалда башкарганын кеп кылды:

Алтынбек Максүтов.
Алтынбек Максүтов.

“Маданиятка, билим берүүгө кошкон салымы зор. Өзү менежер адам болгондуктан, бир кезде жокко чыгып бара жаткан Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун университетке айландырды. Окуу жайдын структурасын азыркы талапка ылайык өзгөртүп, консерваториядан айырмалады. Театралдык бөлүмдөрдөн сырткары эл аспаптарын окутуу жагын колго алды. Мен мурда да министр болуп турганда бир топ сунуштарды берип турчу. Искусство университетине талапка ылайык имарат курууну сүйлөшүп жатканбыз. Окуу жайды өнүктүрүү багытында көп пландары бар эле. Башка бирөө болсо маданият министринин орун басары эле болоюн демек. Ал дегеле бийликке, сыйлыкка умтулбаган адам болчу. Анын бир дагы чоң мамлекеттик сыйлыгы жок. Өзүн уюштуруу иштерине арнады”.

Замандаштарынын айтымында Мамашарип Чотонов жүздөгөн студенттеринин да сүйүктүү агайына айланган. Анын жаш муунга жасаган камкордугун искусство университетинин студенти Жээнбек Казыбеков эскерди:

“Агайыбыз өз кесибин абдан сүйчү. Бизге 3-курстан баштап экономикадан сабак берди. Сабагын жөнөкөй, жалпак тил менен түшүндүрчү. Агайдын адамдык сапаттары да мыкты эле. Тамашаны орундуу сүйлөп, улууга да, кичүүгө да бирдей мамиле кылчу. Жардам сурап келгендерден эч качан кол үзчү эмес. Чет элден келген студенттерге да көмөк кылды. Маселен, Англиядан биздин окуу жайга атайын кыргыз искусствосун үйрөнөм деп келген Самуэл Жорж деген жигитке документ иштеринен да чоң жардамын берди”.

Маркумга 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан экономика илимдеринин доктору илимий наамы ыйгарылган.

Ошондой эле билим берүү тармагына кошкон салымы бааланып, бир катар мамлекеттик органдардын Ардак грамотасы, маданияттын, билим берүүнүн жана экономиканын отличниги сыйлыктары тапшырылган.

Кесипкөйлүгү, уюштуруучулук жөндөмү жана адамдык парасаты менен замандаштарынын эсинде калган Чотоновдун сөөгү Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушундагы көрүстөнгө жерге берилди.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG