Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:23

Тоноочулукка шек саналган төкмө акындын иши


Болот Назаров.
Болот Назаров.

Белгилүү төкмө акын Болот Назаров тоноочулукка шек саналып, бир айга камалды. ИИМдин маалыматына караганда, ал "чоочун адамдын жылкысын тартып алган" деп айыпталууда. Бирок Назаровдун жакындары жана тарапташтары бул жалган жалаа экенин айтып, акындын кармалышын анын чыгармачылыгына байланыштырып жатышат.

Москва райондук сотунун 9-ноябрдагы чечими менен төкмө акын Болот Назаров бир айга тергөө абагына камалды. Анын адвокаты Автандил Бакытбек уулу райондук соттун чечими боюнча облустук сотко даттана турганын билдирди.

"Кечээ күнү сотко барганбыз, тергөөчүлөр соттон Болотту эки айга камакка алууну суранды. Бирок биз тийиштүү жүйөлөрдү келтирип, жашаган жеринен маалымкат да алып келдик. Акын үй-бүлөсүн жалгыз багарын, балдары жаш экенин эске алып, эркиндикке чыгарууну өтүндүк. Ошол эле маалда "атым уурдалды" деген жабырлануучу да келди. Анын "Болотту камабагыла" дегенине болбой, акын бир айга мыйзамсыз камалды. Бул жерде эч кандай кылмыштын курамы жок. Болот Назаровду бийлик болор-болбос нерсе үчүн колдонуп камаганы өкүндүрөт".

Назаров Чүйдүн Москва райондук милициясы тарабынан 7-ноябрда кармалганын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" 9-ноябрда ырастаган. Маалыматта райондук ички иштер бөлүмүнө Беловодское айылынын тургуну арыз менен кайрылганы айтылат.

“Арызында Чоң-Арык айылынан белгисиз киши 2008-жылы туулган баласы М.Юнун минип жүргөн атын “сүрөткө түшүп алайын” деп сурап алып, кийин баласына күч колдонуп, атты минген боюнча из жашырып кеткен жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси ("тоноо") менен катталып, 8-ноябрда кылмыш иши козголгон. 9-ноябрда Москва РИИБүнүн кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген”, - деди Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков.

Чүй облустук милициясы "Назаровдун спирт ичимдигин ичип алганы такталганын", өзүнүн көрсөтмөлөрүндө Болот Назаров “кызуу болуп калыпмын” деп айтып жатканын" да билдирүүдө.

Акын Болот Назаров жана анын адвокаты берген маалыматка караганда, 7-ноябрда Беловодское айылында ат оюндары менен коштолгон чоң той болгон. Ага катышкан Болот Назаровго кимдир бирөөлөр ат мингизген. Акын атты минип алып ал жерден кетип калган. Эртеси жылкыны ээси издеп жүрөт деген маалыматты укканда, кайра кайтарып берген.

"Атты уурдаган жокмун, ээсине алып барып бергем. Ээси тескерисинче, ыраазы болуп, тосмо арыз жазам деп жаткан. Бирок укук коргоо кызматкерлери жабырлануучуларды ары алып барып эле оюн өзгөртүп салды. Мен атты чаап кетпейт деле болчумун, ал атка эл мингизгендиктен мага белек кылышты го деп, кубанганыман минип кетип калгам. Эртең менен "бул атты издеп жүрүшөт" деген сөздөрдү укканда эле кой деп алып барып бердим. Мурда да мага жалаа жабышкан. Бул ирет өтө шылдың менен кылып жатышат", - деди Болот Назаров.

Ал эми акын Болот Назаров "аттын ээсинин 14 жаштагы уулуна кол көтөрдү" деген маалыматты четке кагууда.

Болот Назаров соңку убактарда иликтөөчү журналист Болот Темиров менен бирге иштешип, бийликти сындап, коррупциялык иштерди ырга салып төгүп жүргөнү белгилүү.

Ютубдагы “Айт, айт десе” каналы аркылуу “Эки дос”, “Камчыке кара калкыңды”, “Жем баштуу жегичтер” , “Сырдуу учак”, “Тендерлер темир жолдогу”, “Куу кудалар”, “Жем баштыктуу жегичтер” өңдүү кайрылуу ырларын жарыялаган.

15-октябрда Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычынын маселеси боюнча элдик курултай өтүп, ага Болот Назаров да катышкан жана бийлик башындагыларды сындап ырдаган.

Акын Назаров быйыл январда иликтөөчү журналист Болот Темиров менен чогуу кармалып, камакка алган. Көп өтпөй эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошотулган.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту иликтөөчү журналист Болот Темировду маңзат жана паспорт иши боюнча актаган. Ал эми "документ жасалмалоо" деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чарасы чегерилген эмес. Ал эми Болот Назаровдун мыйзамсыз маңзат колдонууга байланыштуу ишин кароо уланып жаткан.

Өнөр дүйнөсүндө “Чагылган” деген каймана аты бар төкмө акын 2011-жылдары “Айтыш” фондуна тарбиялануучу болуп келип, Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев өңдүү өзүнөн улуу муундагы белгилүү акындардан сабак алган.

Назаровдун устаттарынын бири, төкмө акын Амантай Кутманалиев аны өзү теңдүү курбалдаштарынын ичинен тирикарак, көч башында жүргөн акындардын бири деп сыпаттады:

“Болот – чоң талант. Чыгармачыл дарамети бар, келечеги кең бала. Бунтарь мүнөзү бар. Бунтарь акын-жазуучулардын көбү дүйнөлүк Нобель сыйлыгын алган. Болот да дүйнөлүк адабият менен да тааныш, көп окуп, көп изденет. Анан эле элден анча-мынча кырсыктап калганын угуп жатам, ал убактылуу эркелик мүнөзүдүр. Биз бул баланын келечегин ойлойлу, жолу түздөлүп кетсин. Башка акындардан өзгөчөлүгү – бетке чабар мүнөзү бар. Бул жигит ошодон сый да көрөт, ый да көрөт. Башка сөзүм жок”.

29 жаштагы Болот Назаров Нарын районунун Таш-Башат айылында туулган. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетинин драма жана киноактёру факультетин аяктаган.

2017-2018-жылдары Жалал-Абад шаардык театрында иштеген.

2012-2021-жылдар аралыгында бир нече айтыштарда байгелүү орундарга татыган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG