Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

ИВЛ чуусу: "Дастанды" жарга такаган карыз


Бишкектеги "Дастан" трансулуттук корпорациясы.
Бишкектеги "Дастан" трансулуттук корпорациясы.

Орусиялык мамлекеттик корпорация өпкөнү жасалма дем алдыруучу 300 даана ИВЛ аппаратын карызга алып, акысын төлөбөгөнү үчүн Кыргызстандын "Дастан" трансулуттук компаниясын банкрот деп табуу үчүн сотко кайрыларын жарыялады.

Пандемия күчөгөн маалда мамлекет "Дастан" заводу аркылуу алган ИВЛ аппараттар колдонулбай, кампада сакталып калган.

Парламентте техникалык сапатына карабай кымбат баада, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, карызга алынган бул жабдууларды ээсине кайтарып берүү керектиги тиешелүү комитеттин чечиминде көрсөтүлгөн.

Бул бул боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, бирок жыйынтыгы ушул күнгө чейин чыга элек. "Дастан" трансулуттук компаниясынын жетекчилиги иштеги жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Москвадагы Арбитраждык сотко орусиялык компанияга каршы арыз берилгенин белгиледи.

Орусиянын "Ростех" корпорациясынын тышкы соода боюнча туунду компаниясы "Электронинторгдун" башкы юристи Евгения Руденко Кыргызстандын "Дастан" мамлекеттик ишканасынан карызын өндүрүү үчүн анын банкроттук процедурасын демилгелөөнү көздөп, экинчи ирет сотко бергени жатканын билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы 3-июлда 100 даана станционардык ИВЛ аппаратын Кыргызстанга жеткирүү чыгымы менен кошкондо негизги карыз 240 миллион рублди түзгөн.

Мындан тышкары 2020-жылы 22-апрелдеги биринчи келишим боюнча "Дастан" ишканасы ошол эле орусиялык компаниядан 200 даана көтөрүп жүрүүчү көчмө ИВЛ аппарат алынган.

Москванын Арбитраждык соту орусиялык компаниянын жоготуусун айына 3,5 миллион рубль деп таап, ошондон бери топтолгон айып пулдун өлчөмү 39,7 миллион рублге жетти.

"Электронинторг" компаниясы сот чечими чыккан карызын өндүрө албай, эми "Дастан" мамлекеттик ишканасын банкрот деп табуу үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрыла турган болду.

Иманов кол койгон ИВЛ келишими

Орусиялык компаниянын юристи Евгения Руденко карызды өндүрүү үчүн экинчи ирет арыздын мазмунуна токтолду.

"Азыр биз банкроттук боюнча сотко арыз берүүнү пландап жатабыз. Арыз даярдалып бүтүп, аны сотко жиберүү алдындабыз. Бул аны кудуретсиз деп таанып, банкроттук процедурасын баштап, андан ары ишкананын мүлкүн сатууга негиз берет. Эгерде "Дастандын" эсебинде карызды төлөй турган акча жок болсо, анда кыргыз мыйзамдары боюнча карыз акча сатыла турган мүлктөрдүн эсебинен төлөнөт. Башында биз бул боюнча келишим түзгөн учурда "Дастандын" жетекчиси Талантбек Иманов болчу. Азыр болсо анда Эрик Апышев турат. Азыр Талантбек Иманов санариптик өнүгүү министри экен. Аны менен менин жетекчилигим түз сүйлөшкөн. Ал эми мен алардын юристи менен сүйлөшкөм. ИВЛ аппараттарды кайтарууга биз макул эмеспиз. Башында мына ошентип, талкууланган. Андан кийин бул боюнча талкууну бүтүрүп, бизге ал аппараттарды кайтарып берүүнүн кажети жок, акчалай төлөм зарыл деген позицияга токтолгонбуз. Биз аларды өз убагында жеткирип, бардык милдеттемелерибизди так аткарганбыз. Бизге төлөм керек".

Талант Иманов, "Дастан" заводунун мурдагы жетекчиси.
Талант Иманов, "Дастан" заводунун мурдагы жетекчиси.

Санариптик өнүгүү министри Талантбек Имановго ал "Дастан" заводун жетектеп турганда Орусиядан кымбат баада ИВЛ аппараттар карызга алынып, бирок алардын акчасы эмнеге өз учурунда төлөнбөй калганы тууралуу кайрылып, бирок алгылыктуу жооп уга алган жокпуз.

Талантбек Иманов бул маселе тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Кыргызстанга 2020-жылы кымбат баада жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы сатылып алынган деген негиз менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кылмыш ишин козгогон.

Бирок ошол учурда бул алды-саттыга жооптуу кайсы кызмат адамдарына айып тагылганы тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына кайрылганда "тергөө иши бүтө электигине байланыштуу анын мазмуну ачык айтылбайт" деген гана жооп алдык.

Буга чейин "Дастан" заводу мамлекетке алынган өпкөнү жасалма дем алдыруучу ИВЛ аппараттар үчүн казынадан каражат бөлүп, анын орусиялык компаниянын алдындагы карызын жоюп берүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрылган.

Жону катуу жоопкерчилик

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков өкмөт ага акча бөлбөшү керектигин айтып, бул үчүн кымбат баада келишим түзгөн ошол кездеги жетекчилер жооп беришин талап кылууда.

Акбөкөн Таштанбеков, Жогорку Кеңештин депутаты.
Акбөкөн Таштанбеков, Жогорку Кеңештин депутаты.

"Эми бул жерде түшүнүктүү. Мүмкүн, силерге чейинки жетекчилер баанын үстүнө коштубу? Канча деген адам коронавирустан көз жумду. Ошол маалда акчаны жегендер жооп бериши керек. Бул ИВЛ аппараттарды өкмөт сатып албоого тийиш. "Дастан" ишканасы мамлекеттик болгондон кийин ошол маалда келишим түзгөн адамдар жооп берип, келтирилген зыяндын бардыгын төлөп бериши абзел. Эгерде өкмөт казынадан төлөп берсе, карызга сатып алгандардын иш-аракеттерин актаганга барабар болот. Бул жерде баалардын бардыгы ашкере жогору көрсөтүлгөн. Орусиянын өзүндө керексиз жабдууларды бул жакка түртүп, акчаны адалдашкан. Бир сөз менен адамдардын өмүрүнөн акча жасашкан. Ошондуктан алар акталбай, соттолушу керек".

Орусиянын "Ростех" корпорациясынын тышкы соода боюнча туундусу болгон "Электронинторг" компаниясы Кыргызстандын "Дастан" трансулуттук компаниясын былтыр күзүндө Москванын Арбитраждык сотуна берген. Арбитраж жоопкер тарапты сотко чакырып, бирок анын өкүлү сотко келбегендиктен ишти анын катышуусуз карап, 2021-жылы 8-октябрда чечим чыгарган.

"Дастан" трансулуттук компаниясы ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Эрик Апышев орусиялык "Электронинторг" компаниясы карызды өндүрүү үчүн кыргыз ишканасын банкрот деп табуу боюнча экинчи ирет сотко кайрылып жатканына карата минтип жооп кайтарды:

"Биз бул жактагы сотко кайрылганбыз. Сот аны аткарууну быйыл ноябрь айына чейин жылдыруу чечимин кабыл алган. Мындан тышкары жаңы ачылган жагдайлар боюнча Москвадагы Арбитраждык сотко кайрылып жатабыз. Бизди "соттон утулуп калды" деп жатышат. Бирок мен азыр айтпай, купуя кармап турайын. Бул жерде жаңы ачылган жагдайлар табылды. Ошого байланыштуу биз дагы сотко берип жатабыз. Бул 2020-жылы карызга алынган ИВЛ аппараттар. Ал кезде баалар башка болчу. Азыр болсо такыр башка. Соттошуп жатабыз. Сот чечет да".


Москванын Арбитраждык соту "Электронинторг" компаниясынын доосун туура деп таап, "Дастанды" 240 млн. рубль негизги карызды төлөп, буга кошумча орусиялык компаниянын жоготуусу катары 39,7 млн. рубл айыпты жана 200 миң рубл сот чыгымдарын төлөөгө милдеттендирген.

Сот чечими былтыр бир айдан кийин күчүнө кирген. Кыргыз тарап ошол кезде апелляциялык арыз бергени же бербегени белгисиз. Мындан тышкары орусиялык "Электронинторг" компаниясы экинчи келишим боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Сот анын доосун канааттандырып, "Дастан" заводун 33,7 млн. сом негизги карызын өндүрүп, 1,6 млн. сом жоготуусун жана 232 миң сом сот чыгымын төлөп берүүгө милдеттендирген. Бул боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими быйыл 9-мартта чыккан.

Юрист Евгения Руденко эки келишим боюнча эки башка тарапка сотко берилген жагдай тууралуу буларды айтты:

"Башында жеткирүү боюнча эки келишим түзүлгөн. Биринчи келишим боюнча соттук кароо Москвадагы Арибатражда болсо, экинчиси боюнча соттук териштирүү жоопкер тарап турган жер боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жүрдү. Ошондуктан 240 млн. рублдик келишим боюнча ишти Москванын Арбитарждык соту карады. Ал эми 33,7 млн. сом келишимде көрсөтүлүп, төлөнбөй келе жаткан карыз боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту чечим кабыл алды".

Жогорку Кеңеш казынадан каражат төлөөгө каршы

Анткен менен кыргыз тарап буга макул эмес. Жогорку Кеңештин укук тартиби, коррупцияга каршы туруу жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети быйыл 24-майда бул маселени караган.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов аталган ИВЛ аппараттарга муктаждык жок экенин айтып, аларды артка кайтарууну сунуштаган.

"Бул маселени биздин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов быйыл жыл башында көтөрүп, өкмөт "Дастан" акционердик коому карызга сатып келген ИВЛ аппараттарды Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берип жатканын айткан. Ал "биз акчаны төлөп беришибиз керек" дегенден кийин ушул маселе чыкты. "Дастан" акционердик коому аларды кайра артына кайтарабы же башка жакка сатабы, бул анын өз иши. Ошондуктан биздин комитеттин чечимине өкмөт аларды сыртка чыгарууга уруксат беришин жана алардын саламаттык сактоо тармагына кереги жок экенин белгилеп коюуну сунуштайм".

Ошол эле кезде парламенттин башка бир депутаты Алишер Эрбаев Орусиядан алып келинген ал ИВЛ аппараттар боюнча маселе бар экенин, ошондуктан аларды сатып алуу келишимдери эбак эле бир тараптуу бузууга жатарын билдирди:

Алишер Эрбаев.
Алишер Эрбаев.

"Сапатсыз товар алынып жатат. Келишим түзүлгөн маалда сертификациядан өтпөгөн жабдуулар келип жатат. Ошондуктан ал жабдууларды кайтарып берүү керек. Алар менен соттошуунун кажети жок. Бул жабдууларды Орусия чыгарган. Орусиянын өзүндө ошол кезде аны колдонууга тыюу салыныптыр. Мына ошол келишим түзүлгөнгө чейин Орусиянын "Росздравнадзор" мекемеси "бул аппарат болбойт, лабораториялык-клиникалык сыноодон өткөн эмес" деген тыянак чыгарып жатат. Ал эми сиздер болсо ал жактан жабдууларды алдырып жатасыңар".

"Дастан" трансулуттук компаниясы ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Эрик Апышев "Авента-М" деген аталыштагы орусиялык ИВЛ аппараттарды колдонууга салынган тыюу кийин жоюлганын белгиледи:

"Росздравнадзор" мекемесинин тыюусу бар экен. Бирок кийин ал чектөө алып салыныптыр. Себеби текшерүү учурунда ИВЛ аппараттарды колдонууда адам факторунан улам техникалык ката кеткени көрсөтүлгөн. Ошондуктан кийин аталган тыюу кайра жокко чыгарылган. Анын техникалык сапатында маселе жок. Эгер орусиялык өндүрүшчү бизге жылдырып төлөөгө мүмкүнчүлүк берип, баасын арзандатса, биз Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыралы деп ал жакка кайрылабыз. Болбосо, сотко кайрылабыз. Азыр Москва шаарынан юрист жалдадык".


Ал эми депутат Алишер Эрбаев ИВЛ аппараттары Орусиядан өндүрүшчүнүн өзүнөн эмес, ортомчулар аркылуу алынганы документтерде ырасталганын белгиледи. Депутат жабдуулар атайын медициналык аспаптарды чыгарууга адистешкен заводдон эмес, аскердик өндүрүштөн алынганын айтып, баалары эмнеге кымбат болуп калганын чечмеледи.

"Сиздер айткан бул үч компаниянын өндүрүшчү эмес болуп жатпайбы. Алар аскер өнөр-жайы боюнча ракеталык түзмөктөрдү жана аскердик учактар үчүн аспаптарды чыгарууга ыңгайланышкан заводдор экен. "Электронинторг" компаниясы болсо дүң соода менен алектенген мекеме болуп чыкты. Сиздер болсо аны өндүрүшчү деп айтып жатасыздар. Бул жерде биринчи ортомчу кийинки ортомчуга чыга берип, ИВЛ аппараттардын баасы асмандын башына чыгып кеткен. Маселе мына ошо".

Асман чапчыган баалар, аргасыз абал

"Электронинторг" компаниясы Кыргызстанга карызга саткан станционардык ИВЛ аппараттардын бир даанасынын баасы 2,4 млн. рубль турган. Ошол эле кезде мындай ИВЛ аппараттар Бишкекте 1 млн. сомдун тегерегинде экени парламенттеги тиешелүү комитетте сөз болгон. "Дастан" мамлекеттик ишканасынын юристи Адыл Жекшеев анда өпкөнү дем алдыруучу аппараттарга суроо-талап жогору болгонун жүйө келтирди.

"Мына ошол 2020-жылы коронавирус пандемиясы башталган учурда биздин "Дастан" заводуна ИВЛ аппараттарды чыгарууга тапшырма берилип жатат. Бирок буга убакыт керек эле. Ал эми жабдууларды жыл аягында гана чыгарууга мүмкүн болчу. Ошондуктан тигил жактан карызга сатып алууга туура келген. Бул жакта ИВЛ аппараттар абдан керек болуп, дүйнөдө аларга карата суроо-талап күч болуп жаткан".

Орусиянын "Электронинторг" компаниясынын башкы юристи Евгения Руденко кыргыз тарап карызды бербеш үчүн ар кандай шылтоолорду ойлоп тапканын айтып, ИВЛ аппараттардын техникалык сапатында жана баасында маселе жок экенин белгиледи:

"Бул ИВЛ аппараттар колдонууга даяр жана толук жарактуу деген биздин "Росздравнадзордун" документтери бар. Анан алар баасы аябай жогору деген доомат коюп, арзандатууну суранышты. Бирок биз бул ИВЛ аппараттарды ошол кездеги орточо базар баасы менен сатып алганбыз. Демек, баа жогору коюлган эмес. Алар мына ошол убакыттан бери ушуга окшогон ар кандай шылтоолорду айтып келишти. Азыр эми алар бул боюнча кылмыш иши барын айта башташты. Бирок алар кылмыш ишинин материалдарын сотко же бизге көргөзүшкөн жок. Жараксыз аппараттарды кымбат баада алып келип өткөзгөн деген негизде кылмыш иши козголду деп гана айтып жатышат. Эч кандай далил бизге көрсөтүлүп, берилген эмес. Ошондуктан бул жерде деле кезектеги шылтоолор болуп жатат деп айтууга негиз бар".

Эки ача пикирди карманган аткаминер

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги эгерде баалары арзаныраак болсо, анда пандемияга байланыштуу болбосо деле, жалпы медициналык кырдаалга колдонуу үчүн сатып алууга макулдук берген позициясын жарыялады.

Министрдин ошол кездеги орун басары Жалалидин Рахматуллаев ИВЛ менен ооруканаларды жана "Тез жардам" автоунааларын камсыздоо зарылдыгын билдирди:

Жалаладдин Рахматуллаев.
Жалаладдин Рахматуллаев.

"Азыр деле ИВЛ аппараттар күн сайын иштеп, жарактан чыгып калган учурлар бар. Биздин ооруканалардын аларды сатып алууга дайыма эле мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Анткени баасы чынында, аябай кымбат. Ошондуктан реалдуу баага түшүрсө, ооруканалар менен "Тез жардамга" сатып бергенге мүмкүнчүлүк болот эле. Бизде 800 "Тез жардам" автоунаа бар. Көчмө ИВЛ аппараттарды ошонун 200 жайгаштырып берсек болот".

Анткен менен Жогорку Кеңештин укук тартиби, коррупцияга каршы туруу жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасы Сүйүн Өмүрзаков саламаттык сактоо министринин орун басары Рахматуллаевдин эки ача позициясын айыптап, анын баштапкы муктаждык жок деп жазган каты менен азыр айтып жатканы эки ача экенин мисал келтирди:

Сүйүн Өмүрзаков.
Сүйүн Өмүрзаков.

"Сиз катты убагында өзүңүз жазган экенсиз. Бирок азыр катыңызга карама-каршы сүйлөп жатасыз. Мындай кылбашыңыз керек. Азыр эми "алсак болот" деген ойду айтып жатасыз. Мурда биздин комитетке жазган катыңызда башкача айткансыз. Андай эле керек болсо, ошол кезде эле өз ара сүйлөшүп, сатып алсаңыздар болбойт беле?".

Жогорку Кеңештин укук тартиби, коррупцияга каршы туруу жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети бул маселени 24-майда карап чыгып, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды мамлекеттик казынанын эсебинен сатып алууга зарылдык жоктугун, ошондуктан ага сатып алууну жүргүзүүгө тыюу салуу жана козголгон кылмыш иши боюнча чечим кабыл алуу сунушу киргизилген.

Бирок андан бери эки айга чукул убакыт өткөнүнө карабай, УКМКнын тергөө башкармалыгы аталган кылмыш иши боюнча жыйынтык чыгарып, чекит коюла элек.

XS
SM
MD
LG